Дөөлөт Сыдыков тынбай манас айтып Гиннеске кирүүгө ниеттенип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив
Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыков манасты тыным албай, тамактанбай, ордунан жылбай айтарын белгиледи. Иш-чара 12-ноябрь күнү 9:00дө башталат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында тынбай манас айтып Гиннестин рекорддор китебине кирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине манасчы өзү билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 12-ноябрь күнү саат 9:00дө башталат.

"Муну менен элди ынтымакка, биримдикке чакыргыбыз келди. Ошондой эле негизги максатыбыз — Гиннестин рекорддор китебине кирүү. Буга чейин манасты 12-13 саат тынбай айтып жүргөм. Мында дагы демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин айтканга аракет кылам. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү манасты эс албай, тамактанбай, ордумдан жылбай айтам. Ошонусу менен рекорддор китебине катталат", — деди Сыдыков.

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

Ал каалоочулардын бардыгы аянтка келип манас укса болорун айтты. Ошондой эле өлкөдө буга чейин мындай иш-чара болбогонун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0