Актриса Гүлсина Чотонова: айрымдар мени "бузуку" деп жаман көрө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековАктриса, режиссер Гүлсина Чотонова
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссер Геннадий Базаровдун "Карагыз" тасмасында майып кыздын ролун ойноп, азыр КТРКда көрсөтүлүп жаткан "Акшоола" сериалында көзү ачык Лилиянын образын жараткан Гүлсина Чотонова чыныгы жашоосунда таптакыр башкача.

Режиссер, актриса Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип, "Карагызга" кандайча тартылып калганын, турмушка эмне себептен кеч чыкканын жана учурда анын дарегине келген терс маанайдагы билдирүүлөр тууралуу айтып берди.

— Учурда КТРКда көрсөтүлүп жаткан "Акшоола" сериалында сиз көзү ачык Лилиянын образын жаратыптырсыз. Эмне үчүн терс каармандын ролун тандадыңыз?

— Лилиянын образын айрымдар өтө таасирленип кабыл алышкан окшойт, дарегиме "бир үй-бүлөнү бузганга кандай дитиң барды, көзү ачыктык күнөө" деген ар кандай жаман сөздөрдү жазып атышат. Урушуп чалгандар, "Эмнеге терс каармандын образын жараттың?" деп нааразы болгондор бар. Айтор жакшы пикирлерден да жаман сөздү көп угуп жатам (күлүп). Бирок бул үчүн мен кимдир бирөөнү күнөөлөбөйм, "мага ушундай сөз айтты" деп эч кимге таарынбайм. Көрөрмандарымды жакшы көрөм, алардын оюн сыйлайм. Башкысы, тасманы көргөндөр образга ишениптир, демек мен ролду жеткиликтүү ойногом. Бул эми чыгармачылык да, кандай роль берилсе, ошону сценарийде жазылгандай аткарыш керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧотонова: дарегиме "бир үй-бүлөнү бузганга кандай дитиң барды, көз ачыктык күнөө" деген ар кандай жаман сөздөрдү жазып атышат
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Чотонова: дарегиме "бир үй-бүлөнү бузганга кандай дитиң барды, көз ачыктык күнөө" деген ар кандай жаман сөздөрдү жазып атышат

— Чыныгы жашоодо мүнөзүңүз кандай?

— Өтө тартынчаак, уялчаак, бирөөгө катуу айталбаган адаммын. Атактуу кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Карагыз" тасмасына тартылганда да көпчүлүк мени "өз алдынча ой жүгүртө албаган оорулуу адам го" деп ойлоптур. Кийин маек берип экранга чыгып сүйлөсөм, "сен сүйлөй аласыңбы?" деп таң калгандар болгон. Ошондо мен "эл эмнеге бул жөн гана роль экенин түшүнбөйт?" деп ызаланып, жаман болгом. Азыр мындай ой-пикирлерге терикпей деле калдым.

— Чын эле "Карагыз", "Метаморфоза" фильмдеринде  тагдыры татаал аялзатынын образын ойногонсуз. Жашооңузга ал тагдырлар үндөш эмеспи?

— Жок. Менин балалыгым да, кийинки жашоом деле, Кудайга шүгүр, татаал болгон жок. Өзүм Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөм. Ал жерде мектепти 5-класска чейин окудум, андан соң ата-энем Бишкектеги №5 гимназияга которушту. Беш эркек, жалгыз кыз болуп эрке чоңойдум. Атам өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеди, апам үй кожойкеси болчу. 

© Фото / Павел Ван Ю ЦайЧотонова: чачымды алдырганда "бул эмне, оорулубу" дегенсип таң калышкан
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Чотонова: чачымды алдырганда "бул эмне, оорулубу" дегенсип таң калышкан

— Негизи мугалимдер балдарын чыгармачыл адам эмес, башка тармактан көргүсү келет эмеспи. Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдыңыз эле?

КРдин эмгек сиңирген артисти, Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин солисти, Даңк медалынын ээси Майрам Дүйшекеева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Майрам Дүйшекеева: филармонияны жүктөп кеткен жетекчилерди да көрдүк
— Ата-энем мага башынан эле "сен экономист болосуң" деген талап коюшкан. Ошол себептен да шаарга окууга жөнөтүшкөн. Гимназияда математика багытында билим алчумун. Бирок мектепте жүргөндө чыгармачылыкка жакын өстүм. 6-7-классымда КТРКда балдардын "Жаш толкун" уктуруусун, "Өспүрүм" аттуу берүүнү алып бардым. Кыргыз драма театрында да көп жүрдүм. Мектепте бизге ийрим уюштурган агайыбыз, атактуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков мени кадимки эле Сабира Күмүшалиеванын жанына кошуп койчу. Ушундай улуу таланттардын жанында аралашып жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Актриса болом деген кыял ошентип мектептен эле калыптанган. Бирок Москвага барып окуйбуз деген ой-тилек СССРдин урашы менен кошо өчтү. Ага карабай Искусство институтуна тапшырып алгам.

Ошол кезде айылдан кызымдын окуусу эмне болуп жатат деп апам келип калыптыр. Менин тандоомду угуп айылга таарынып кетип калганы эсимде. Атам да көпкө чейин нааразы болуп жүрдү.

— Бирок тасмага анда-санда эле тартылганыңызды байкайбыз…

— Окууну бүткөндөн кийин жарым жылдай Кыргыз академиялык драма театрында иштедим. Бирок анда театрдын үстү ачык, ичи суук, акчасы аз болчу. Ошол себептен КТРКга кетип калгам. Башында режиссердун жардамчысы болуп жүрдүм. Учурда "Маданият. Тарых. Тил" каналында "Арноо концертинин" режиссерумун.

Баса, биз окууну бүткөн жылы кино эмес, кыргыз эли күнүмдүк жашоосун эптей албай калган заман башталган. Башаламан болуп, бир нукка түшө албай, жакшы нерсени беттей албаган кез эле. Мени менен Искусство институтун бүткөн кыздар көр турмуштун айынан Россияга иштеп кетип калышкан… 

© Фото / Урмат ОсмоевЧотонова: эл мени "Кара кыз" аркылуу тааныды. Бул фильм менин киноөнөр жаатындагы алгачкы, баштапкы ийгилигим
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Чотонова: эл мени "Кара кыз" аркылуу тааныды. Бул фильм менин киноөнөр жаатындагы алгачкы, баштапкы ийгилигим

— Сизди көпчүлүк актриса катары "Карагыз" тасмасы аркылуу тааныды окшойт. Ага кандайча тартылып калдыңыз эле, оорулуу кыздын образын жаратуу оңой болбосо керек?

— Геннадий Базаров менен КТРКдан таанышып калганбыз. Ашканадан тамак алып баратсам, жардамчысын "чакырып кел" деп жөнөтүп жибериптир. Барсам "Киного тартыласыңбы?" — деп сурады. Ойлонбой туруп "ооба" деп жооп бердим. "Анда чачыңды алдырышың керек",- деди. Анысына деле макул болсом, "баланча күнү кастингге кел" деп жиберип ийди. Кастингге кокус өтпөй калсамчы деп чачымды алдырбай эле бардым. Мени көрүп Базаров жини келип ассистентин кошуп берип, "Чачыңды алдырып кел",- деп жиберип ийди… Ошентип, кинонун босогосун аттадым. Ал кезде чачым бир топ эле узун болчу, өзүм да көнө албай жүрдүм. Айланамдагылар "бул эмне, оорулуубу" дегенсип таң калып, кесиптештер да көпкө чейин түшүнбөй жүрүштү.

Съемки фильма Кочо Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
"Көчө" тасмасындагы Малике: окууга министр кайнатамдын чечими менен өткөм
Үйдөгүлөр уга элек болчу. Бир күнү шаарга мектепти жаңы бүткөн иним келип, жолугайын деп жумушума кайрылат. Мени сураса айрымдар "жанагы чачын алдырып салган кызбы" деп айтышыптыр. Кечке ойлонгон окшойт, мени көрөрү менен ыйлап жиберген. Атам болсо чачым жок экенин Геннадий Базаров экөөбүз маек берип бир гезиттин башкы бетине чыкканда көрүптүр. Үйдөгүлөр эле эмес, Карагыздын образын эл дагы иренжүү менен кабыл алган.

— Бирок ал тасма сизге ийгиликтерди алып келди да?

— Эл мени "Карагыз" аркылуу тааныды. Бул фильм менин кино өнөр жаатындагы алгачкы, баштапкы ийгилигим. Ушундай оор образды аткарышыма биринчи кезекте Базаровдун эмгеги зор, ал кишиге өмүр бою ыраазымын. Фильмде Назира Мамбетова, Айтурган Темирова, Марат Алышпаев сыяктуу адамдар менен чогуу иштедик. Алардын тарбиясы, акыл-насааты менен "Карагызга" удаа эле Базаровдун бири-бирин улаган "Метаморфоза", "Исход" үчилтигине тартылдым. Бул фильмдин баары Советтер Союзунан кийин талкаланган мамлекеттердин өз алдынча болуп кетүүсүндөгү кыйын кезеңин чагылдырган. 

© Фото / из личного архива Гулсины ЧотоновойЧотонова: жолдошум досторуна "тандаган тазга жолугат болуп" аялыма таз кезинде үйлөнгөм деп тамашалай берет
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Чотонова: жолдошум досторуна "тандаган тазга жолугат болуп" аялыма таз кезинде үйлөнгөм деп тамашалай берет

— Чет өлкөлүк тасмаларга тартылууга сунуштар түштү беле?

— "Карагыз" тасмасы 2003-жылы тартылып, 2004-жылы Ялта шаарында өткөн V кинофорумда баш байгени утуп алды. Менин сүрөтүм чет өлкөлүк журналдардын бетине басылып чыгарылып, фильм бизге эле эмес, жалпы кыргыз элине чоң дем берди. Бул образдан кийин Франция, Россиянын режиссерлорунан сунуштар түштү. Бирок ал кезде жаңы төрөп, кичинекей балам бар деп баарынан баш тартып койгом. Азыр өкүнөм.

— Жеке жашооңуз тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз?

— Жолдошум менен аталган фильмге тартылып жаткан учурда таанышканбыз. Андан кийин бир аз сүйлөшүп баш коштук. Досторуна "тандаган тазга жолугат болуп" аялыма таз кезинде үйлөнгөм деп тамашалай берет. Күйөөм кесиби боюнча түрколог. Ортобузда эки балабыз бар. 

© Фото / из личного архива Гулсины ЧотоновойЧотонова: балдарымдын бири ырдап, экинчиси сүрөттү жакшы тартат
Актриса, режиссер Гүлсина Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Чотонова: балдарымдын бири ырдап, экинчиси сүрөттү жакшы тартат

— Балдарыңыздын чыгармачылыкка аралашуусун каалайсызбы?

— Бирөө ырдап, экинчиси азыр сүрөттү жакшы тартат. Бирок бул нерселер балалыгы менен калып калса деп ниет кылам. Себеп дегенде чыгармачылыктын ысык-суугу бар, ошончо бөпөлөп багыш керек. Андан эргүү, ырахат аласың, бирок көп акча таппайсың. Кээде "ата-энем айткандай экономист эле болуп албай" деп кетем. Бирок чыгармачылыктын эч нерсеге алмашкыс ырахатын татканда акчасына да, башкасына да кайыл болуп кетесиң!

Жаңылыктар түрмөгү
0