02:34 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Маданият

Тартуу иштерине Айтматов көз салып турган. "Бетме-бет" тасмасынан таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (31)
21610
Тартуу иштерине Айтматов көз салып турган. Бетме-бет тасмасынан таберик сүрөт
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, КРдин эмгек сиңирген артисттери Бусурман Одуракаев жана Шайыр Касымалиеванын сүрөтү 1990-жылы Ташкент шаарында тартылган.

Ал жылы жазуучу Чыңгыз Айматовдун чыгармасынын негизинде "Бетме-бет" тасмасы тартылган. Фильмде актер Одуракаев Исмаилдин, Касымалиева башкы каарман Сейденин ролун жаратса, Сабира Күмүшалиева кемпирдин ролун ойногон.

Ошол учурду Касымалиева мындайча эскерет.

"Мен элге Сейденин образы менен таанылгам. Биринчи эле тартылган тасмам улуу жазуучунун чыгармасы болуп, абдан толкундангам. Ал кезде 21 жашта болчумун. Сабира апа Бусурман экөөбүздү эркелетип калаар эле. Фильм негизинен Чүй, Талас облусунда тартылып, үйдүн ичиндеги эпизоддор Ташкент шаарында тартылган. Себеби Кыргызстанда андай жабдылган студия жок болчу", — деп эскерет актриса.

Ал ошондой эле тасманын тартуу ишине Чыңгыз Айтматов өзү келип көз салып тургандыгын кошумчалады.

Режиссер Бакыт Карагуловдун эмгеги алты айда тартылып бүтүп, монтаждоо иштерине жөнөтүлгөн.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (31)

Тема боюнча

Сүймөнкулдун "оюнан кетпеген" Таттыбүбү. "Кызыл алмадагы" таберик сүрөт
Чокморов, Сүлүккара, кара таш... "Караш-караш окуясынан" таберик сүрөт
Жылмайган Рыскулов, жарк эткен Күмүшалиева. "Көчө" тасмасынан таберик сүрөт
Белгилер:
тасма, Сүрөт, Бусурман Одуракаев, Шайыр Касымалиева, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ