23:36 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кол жээгиндеги кайык. Архив

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" тууралуу 10 факты. Айтматов идеяны кайдан алган?

© Sputnik / Алексей Бабушкин
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (299)
514610

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести — аталар өз өмүрүн балага калтырып бул дүйнө менен кош айтышкандыгы, адамдар өлбөстүктү сактап калууга милдеттүү экендиги тууралуу философиялык, этикалык мааниси терең чыгарма.

Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести жазуучунун башка чыгармаларынан сүрөттөлгөн окуясынын өзгөчөлүгү – Жер бетинен жоголуп бара жаткан нивх аңчыларынын турмушуна кайрылгандыгы, сюжеттин деңизде адашып калган жалгыз кайыкта өткөндүгү, аз гана мезгил алкагында жашоо үчүн күрөштү чагылдыргандыгы, адамзаттын бүт баары бир кайыкта экендигин, ошол адашкан кайыктагылар урпактарды сактап калууга милдеттүүлүгүн окурмандарга ибараттаган повесть-эскертүү, повесть-миф экендигинде.

Бүгүн жазуучунун Охот деңизинде жараталыш жаныбарларына аңчылыкка чыгып, кайра ошол табияттын капсалаңына кабылып, дагы эле ошол жаратылыштын бир жаныбарынын жардамы менен бирөө болсо да аман калуу жагдайы көрүнгөн окуя сүрөттөлгөн "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз.

1. Повесттин кызыктуу аталышы. Чыгарма орус тилинде "Пегий пес, бегущий краем моря" деп аталган, кыргызча сөзмө-сөз которсок, "Деңизди бойлоп жүгүргөн ала дөбөт" болот. Анын дагы бир аты "Көздөн учкан көк жээк". Окуя кууп окуй келгенде Ала-Дөбөт деңиздин жээгиндеги дөңсөөнүн аты болуп чыгат. Демек, жазуучу экинчи жолу ("Фудзиямадагы кадыр түндөн" кийин) чыгармасында жер атын кошо атаган.

2. Повесть Владимир Сангиге арналган. Чыңгыз Айтматов чыгармасынын башына "Владимир Сангиге" деп койгон. Санги 1935-жылы Сахалинде туулган. Ленинграддагы Александар Герцен атындагы пединститутту, Москвадагы жогорку адабий курсту бүтүргөн. Орус жана нивх тилинде жазат. Азыр эми нивх тилинде жазганын окуй турган киши жок. Узак жылдар Москвада жашап, иштеп, 1993-жылы Сахалиндин Тыми суусунун алабына көчүп келип кет уруусунун уруу башчысы болуп шайланат. Нивх адабиятынын жана ариб системасынын негиздөөчүсү, нивх алиппесинин, нивх тили окуу китептеринин автору. Жазуучу, котормочу, агартуучу, коомдук ишмер.

3. Чыгарманын басылышы. Жазуучунун чыгармалары орус тилинде жазылып, эң алгачкы жолу "Новый мир" журналы аркылуу окурмандарга тарап келсе, бул жолу адаттан тышкары "Знамя" журналына "Пегий пес, бегущий краем моря" деген ат менен 1977-жылдын №4 санына жарыяланат. Кыргызча котормосун жазуучунун айылдашы Ашым Жакыпбеков ишке ашырган жана алгачкы жолу 1981-жылы чыккан "Делбирим" деген китебине кирген.

4. Повесттин жазылыш тарыхы. Көпчүлүк кыргыздар эмгек мигранты болуп кеткен соңку жылдардын биринде белгилүү журналист Абдыжапар Нурдинов Россиянын Сахалин аралында болгон да, эки иштен бир иш деп, айтылуу нивх жазуучусу Владимир Сангиден интервью ала келген. Ошондо ал киши мындай деп айтып берген: "СССРдин убагында Кремлде жазуучулардын пленуму өтүп турчу. Андан сырткары, өлкөнүн биринчи жетекчилери чыгармачыл интеллигенцияны байма-бай чакырып, банкет өткөрөөр эле. Ошондой жолугушуулардын биринде Чыңгыз Төрөкулович: "Володя, мен сага конокко барам" деп, бир датаны болжоду. Мен "конокко ар дайым кубанычтамын" деп жооп бердим. Белгиленген датанын ортосу алысыраак эле. Ошол учурду пайдаланып, Якутиядагы досторума конокко барып келгенге жетиштим. Ал жакта досторум менен аңчылыкта болдум. Москвага кайтарымда алар менин сумкама бир нече өрдөк салып беришти. Ошондон көп өтпөй Айтматов телефон чалып, келе турган убактысын айтты. Мен муздаткычтагы өрдөктөрдү эрип турсун деп чыгарып койдум. Аңгыча Айтматов да келип, аялым ашканада бизге тамак даярдоого киришти. Чыңгыз экөөбүз конок бөлмөмдө кобурашып отурабыз. Ал менин аңчылык коллекцияма кызыгып, баарын бир сыйра көз алдынан өткөрдү. Көрсө, анын дагы аңчылык ышкысы бар экен. Көз караштарыбыз көп жерден дал келип, жада калса мылтыгыбыз да окшош болуп чыкты. Якутиядан алып келген олжомдун арасында башка өрдөктөрдөн жазы тумшугу менен айырмаланган өрдөк бар болчу. Нивхиче бул өрдөк лувр – "кашык ооз" деп аталат. Анткени жазы тумшугу кудум эле кашыктын өзү. Ошол өрдөктүн жерди кантип жасаганы жөнүндө байыркы нивхи жомогу бар. Мен ошону тамак даяр болгуча коногумду алаксытайын деп айтып отурдум. Бул байыркы жомокто мурда эч жерде кездешпеген окуялардын философиялык жана эстетикалык жактан чечмелениши, нукуралыгы Айтматовго абдан таасир калтырды. Албетте, бул жомокту Айтматов мурда эч жерден уккан эмес. Анткени, нивхилер буга чейин башкаларга аралашпай жашап келишкен. Өздөрүнүнүн цивилизациясы, жашоо образы жана айлана-чөйрөнү аңдап билген уникалдуу эл. Анан жомок да бүтүп, тамак бышкычакты Айтматовду алаксытуу үчүн өз башымдан өткөн бир окуяны айта баштадым. Менин чоң атам Манзин абдан кыраакы, көптү билген таңгаларлык жан эле. Ошол убакта нивхилердин жашоо образы күч менен өзгөртүлүп, колхозчу-балыкчылар ар күнү мамлекетке балык кармап өткөрүү менен алек болушчу. Минтип отурса нивгундар деңизге аңчылык кылуу өнөрүн таптакыр унутуп, эл болуудан каларын чоң атам ошондо эле сезиптир. Эркек атпайдын балыктан колу бошобогону аз келгенсип, деңизге аңчылык кылууга кызыккан жаштардын саны да азаят. Аны менен келише албаган чоң атам жаздын бир күнү мени кайыкка салып, аңчылыкка деңизге алып чыгып кетти. Кыязы, аңчылык өнөрү өзү менен көрүстөнгө кетпесин десе керек. Көп өтпөй деңизден бир нерпаны кармап алдык. Аңчылык күнүбүз ошентип жакшы эле башталып келатып, бир убакта жазгы тумандын курчоосунда деңизде адашып калдык. Нерпаны союп, чийки этине курсак кампайттык, дагы деле туман тарабайт. Жээктин кайда экени белгисиз, калак күрөөгө колубуз көтөрүлбөй шалдайып отурдук. Акыры мындай туңгуюктуу туманда чарчап, көзүм илинип кеткен экем, кайыктын булкунганынан ойгонуп кеттим. Манзин чоң атам мага карап: "Мына, мына, мен түндүк уюл үкүсүнүн багытын кармадым, — деп мага шамал болуп турган тарапты көргөздү. – Ушул багыт менен барсак же жээкке чыгабыз, же бут таканчык болоор нерсеге кабылабыз!" деди. Көрсө, жаздын аягында жарылган муздардын үстүндө нерпа төлдөйт экен. А уюл үкүсү чоң жырткыч куш болгондуктан учуп келип, нерпалардын күчүктөрүн жеп, кайра кечинде жээкке учуп кетерин чоң атам жакшы билет экен. Чын эле ал айткандай, чарчап-чаалыксак дагы туманды аралап жүрүп акыры жээкке келдик. Мен бул окуянын майда-чүйдөсүн калтырбай аңгеме курганымда Айтматов мурдагыдан да катуу толкунданып, конок бөлмөмдү арыштап, ары-бери басып жүрдү. Анан аңгемем бүтөрү менен мага басып келип: — Жазасыңбы!?— деп сөөмөйү менен төшүмдү оорута сайды. Чыңгызга мен башында "Барс" мылтыгымды белекке берем деп ойлогом. Анын мындай мылтыгы бар экени белгилүү болгондон кийин бул оюмдан кайтып, бирок эмне белек тартуу кыларымды чече элек болчумун. "Белек кылам!" деп жооп кылып, мен да аны төшкө сайдым. Жанатан бери толкунданып турган Чыңгыз кубанганынан мени кучактап калды. Аңгыча тамак да даяр болуп, аялым бизди ашканага чакырды. Тамак үстүндө Чыңгыз өтө ойлуу отурду. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндөгү мындай абалды мен өзүм да башымдан өткөрөм. Чыңгыз менден уккандарын ичинен иргеп, азыр эле иштеп баштаганын сезип турдум. Ошондуктан анын оюн алагды кылып, көп сүйлөбөгөнгө аракет кылдым. Тамак желип бүткөндөн кийин ал сөзгө келип:- Володя, бул аңгемеби, же балким повесть болобу, мен азыр билбейм. Бирок сөзсүз бирдеме болот жана мен аны сага арнайм! — деди.

5. Үчөө жана төртүнчү. Повестте Орган, Мылгун, Эмирайин деген тажрыйбалуу үч балыкчы жана алардын келечектеги жолун улар үйрөнчүк Кириск деңизге жалгыз кайыкта ууга чыгат. Баары ойдогудай болуп келе жатып эле, күн бузулуп, шамал, толкун болуп, кайык каалаган жагынан кетип, улуу туманда чексиз мухитте суусу түгөнгөн адамдар баланы сактоо үчүн бирден-бирден деңизге бой таштап отурушат. Кириск бала айткандай өлүм менен өмүрдүн кармашында чоң ата Орган шамалга, Мылгун-аке толкунга, атасы Эмирайин асмандагы балбылдаган жылдызга айланып кетет, алар бир гана жолу ичүүгө жетер сууну баласына калтырып, баланын жашап кетиши үчүн өз өмүрлөрүн атайылап кыят. Үчөө өлөт. Бирөөнү сактап калышат. Повесттин максаты – адамдар кийинки балдары үчүн жоопкер экендигин көрсөтүү, жалпы планета мухитте адашкан кайык экендигин эскертүү.

6. Повесттин салмагына салмак кошкон нивх уламыштары. Нивхилердин эне тили дээрлик колдонулбай калды, эне тилин алып жүргөндөр жокко эсе. Аларды Санги жыйнап, кайра иштеп чыгып, мыкты китептерин жазган. "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестинде Айтматов дагы эле элдик уламыштарга кайрылат, Лувр өрдөк, Айым-Балык тууралуу нивх уламыштары каармандардын образын ачууда, чыгарманын мифологиянын философиялык маани-маңызын тереңдетүүдө өлчөөсүз таасирдүү көркөм-эстетикалык көрөңгө болуп берет.

7. Айрым нюанстар. Айтматов айрым бир калпыстыктарды кетиргенин жогорудагы А.Нурдинов менен маегинде Санги мындай деп айтат: "…өзү айткандай, чыгармада нивхилердин турмушун билбегендигин мен ошол элдин өкүлү, болгондо да жазуучу катары окуганда эле көргөм. Маселен, деӊиз үстүндө, болгондо да жаздын суук күнү эч качан адам чаӊкабайт. Мындай көрүнүш күн ысык тийген өлкөлөргө мүнөздүү. Анан да нивхи өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезет. Ошондуктан ал эч качан жаратылышка каршы чыкпайт. Эсиӊиздеби, Мылгундун шамалды ашатып сөгүп атканы? Ушул сыяктуу нивхилердин турмушуна шайкеш келбеген окуялар чыгармада көп эле учурайт". Бул пикирлерин Санги авторго жазып берген экен, Айтматов болсо "спасибо за честность" деп колун кысып коюптур.

8. Чыгарма эл аралык сыйлыкка арзыган. Повесть 1979-жылы "Эрте келген турналар" аттуу чыгармасы менен кошо терең гуманизм жана адам улуулугунун рухун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын коомчулугунун биринчи сыйлыгына, 1980-жылы дагы эле ошол повести менен бирге Италиянын эл аралык "Этрурия" сыйлыгына татыган.

9."…Ала дөбөт" – көркөм өнөрдүн башка формаларында. Повесттин негизинде Ош кыргыз драма театрында коюлган спектакль 1982-жылы Тбилиси шаарында өткөн жалпы союздук театр фествалында чоң ийгиликке жетишип, лаурет аталган. Башкы режиссеру – Искендер Рыскулов, Башкы ролдорду – Райма Абдубачаева, Дүйшөн Байдөбөтов аткарат. Өзгөчө ийгилик менен авторду кубандырып коюлган спектакль — Якутиянын Ойунский театрынын (режиссеру Борисов) "Желанный берег мой" деген эмгеги. Бул көп жылдан бери сахнадан түшпөй келе жаткан чыгарма Кыргызстанда бир нече жолу көрсөтүлгөн. Ошондой эле Эстониянын "Угала" театрындагы спектакль да жогору бааланат. Жакында эле Оштогу Бабур атындагы өзбек театры бул чыгарманынын негизиндеги спектаклин Өзбекстанда көрсөтүп келди. Алай элдик театрында да спектакль даярдалган. Жазуучунун 85 жылдыгына карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры да сахналаштырган (режиссёру – тажик драматургу Барзу Абдразаков, Орган – Эгемберди Бекболиев, Эмрайин – Марат Козукеев, Мылгун – Өмүрбеков, Кириск – Кыдырмышев).

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча "Довженко" студиясы Германия менен биргеликте Охот деңизинде фильм тарткан. Анда Мылгундун ролун аткарууга кыргызстандык Токон Дайырбеков чакырылып, ошол ролу үчүн эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон.

10. Фильм тартуу тапшырмасы берилди. Жакында премьер-министр Мухамдкалый Абылгазиев Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Саха Республикасы менен биргеликте жүргүзүлүүчү Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча тасма тартуу иштерин тездетүү тапшырмасын берди.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (299)

Тема боюнча

Эч ким күтпөгөн чыгарма. "Атадан калган туяк" аңгемеси тууралуу 8 факты
Белгилер:
кино, адабият, "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести, Чыңгыз Айтматов, Якутия

ЭҢ МААНИЛҮҮ