Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат.
Бүгүн жазуучунун согуш апаатынын алыскы бир айылдагы беш балага тийгизген таасири тууралуу жазылган "Эрте келген турналар" повести тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.
"Манас-Атанын ак кар, көк музу" жана "…турналар". Анда СССР деп аталган улуу державада жана ага өнөктөш социалисттик өлкөлөрдө Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата чоң даярдыктар жүрүп жаткан. Ушул нооканга карата ошол кездеги окумдуу жумалык болгон "Кыргызстан маданияты" газетасынын 1975-жылдын 1-майдагы санына советтик атактуу жазуучунун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" деп аталган тарыхый-документалдык чыгармасы – очерки чыккан. Анда өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баяндаган мындай сүйлөмдөр бар эле: "Лапылдата жааган кар… учурдун катаалдыгына каарданган "Манас-Атанын" ак кары… Калың кардын пардасынан кошчулардын карааны каалгыйт… Айлана тынч, дабышсыз жааган кардын шоокумунан классташтарымдын үндөрүн тааныйм: Байтик, Тайырбек, Сатар, Анатай, Султанмурат. Мен жакындап баруудан тартынам, көпкө даай албайм, көзүмдөн аккан жашты алар көрбөсө дейм… Ошол кышта бир жаман окуя болгон. Түн бир оокумда терезени тарсылдаткан катуу үндөн ойгонуп кеттим. Ээрден эңкейип, бирөө камчысын каккылап кыйкырды:
— Тур батыраак! Ат сарайда жылкы жок!..
Повесть жазуучунун уулуна арналган. Чыгарманын башына Ч.Айтматов "Уулум Аскарга" деп жазып койгон. Бекеринен "Эрте келген турналар" уулу Аскарга арналган эместей. Конкреттүү эки муундун (Чыңгыз – Аскар) балалыгы, атанын бала чагы менен анын уулу тааныш болуу керектиги жөнүндө айткан жазуучунун насааты, моралы. Ушул жагынан алып караганда бул адеп-ахлактык баян. "…ар кандай учурларда, ал эми катаал кезең, оор сыноолордо ого бетер ажарына чыккан рухий бийик сапат, асыл касиет жөнүндө айткым келген", — деп айтат автор бул повести жөнүндө.
Ашташтырылган эпиграфтар. Повестте "Ак-Сай менен Көк-Сайым жер соорусу турбайбы" деген кыргыз эл ырынан эки сап, "Иовдун китебинен" эки сап, байыркы индус мурасы "Тхерагатхадан" алты сап эпиграф катары алынган жана алар чыгарманын жалпы өзөгү менен ашташып турат.
Повесттеги мугалим эжей турмушта болгон каарман. Повесттин башталышынан алынган "Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Иңкамал-апай өзүнөн бетер көк муштум болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак – кызык жомок айтып жатыры" деген сүйлөмдөр жөнүндө ошол эжейдин прототиби Миңкамал Жолоева, же эл айткандай Иңкамал-апай: "Баланын унутпай, баарын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп өзүнчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын", — деп эскерген жайы бар. Иңкамал-апай повесттин окуялары турмуштун накта өзүнөн алынгандыгын өзүнүн "Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Мырзагүл деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү", — деп айтат К.Өмүралиев менен бир маегинде. Жазуучу өзү да мугалимдери тууралуу бир баянында "Мени окуткан мугалим-апай Миңкамал Жолоева жана башка мугалимдердин жардамы, өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага өмөк болду" — деп жазат. Ушул сыяктуу окуя, каармандарды карап туруп, "Эрте келген турналарда" тарыхый-документалдык, мемуардык, автобиографиялык негиз күчтүү көрүнөт деп айта алабыз.