Кыялбек Урмамбетовдун айылга каты. Энем мени... эми мен аны издеп келем

© Фото / из личного архива Кыялбека УрмамбетоваЛирик акын Кыялбек Урмамбетов
Лирик акын Кыялбек Урмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн айылга катты лирик акын Кыялбек Урмамбетов жазып, пейили ааламдай кенен, камкордугу карт Ала-Тоодон да зор болгон чоң энеси Күмүшай туурасында айтып берди.

Акын дирилдеген балалык сезимге кайтып барып, мээримин эч кимге теңегис чоң энени бир эстеп, салмагы жүрөк менен көөдөндү куушуруп жиберген сагыныч менен кайра келди.

Издөө

Айланып кубанычым гүлгө,
Ажайып бүгүн мага дүйнө:
Баратам күйүтү жок күнгө,
Балалыгым чакырган үйгө!

Жер-суу басам,
Жетем качан?
Күтөт апам
айылда…

Алып учат улам үйгө сапар,
Аманбы, айлым, кандай?
Ойноп-күлгөн кезим дүйнөкапар

Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Атам атып салат экен деп бакырып ыйладым... Акылбек Абдыкалыковдун айылга каты
Сезилет кайрылгандай!.. – деп жазган элем бир кезде, үнү даана ырчы Гүлнара Тойгонбаева заказ бергенде. Албетте, ошондо айдарым желге чайпалып, асман бетин шыпырып аткандай мырза теректери шуулдаган, "көкүл чачым жакшы өсөт" деп көнөктөгөн жамгырга башым тосуп, бал татыган бала күндөрүм дуулдаган өз айылымды элестетип жазгам. Кыргыз адабиятында драма жанрын баштоочу болуп "Кайгылуу Какейди" жараткан Молдогазы Токобаевге, Орто Азия боюнча адам журөгүнө эң биринчи операция жасаган Иса Ахунбаевге, дүйнө жүзүнө дүң болгон бас үндүү залкар ырчы Болот Миңжылкыевге, анан менин атам Совет Урмамбетовдой ойчул акынга ойкуп-кайкып учкандай канат берген айыл — касиеттүү эмей эмне! Мен дагы көгүлтүр Ысык-Көлдүн көкүрөгүндө жайгашкан Тору-Айгырдын кулуну экениме сыймыктанам.

Бала кезди эстесем эле чоң апам Күмүшай көз алдыма тартылат. Мени эрке өстүрүп, беш жашка чыкканымча белинен түшүрбөй көтөрүп жүрбөдүбү. "Карыган энеңди кыйнабай жонунан түшсөң боло!" деп айрым кишилер саныман аткый чымчып алганда көзүмдүн жашын көлдөтүп, аңылдап коё берем. "Көтөрсө мен көтөрүп жүрөм, силерге оорчулугу тийип атабы?" деп алар менен чоң апам кызыл чеке болуп кырылышат. Чынында мени жонуна конгон көпөлөктөй эле көрсө керек, анткени Күмүшай чоң апам сөөк-саактуу, узун бойлуу, балбан чалыш жан эле. Башкаларга орой көз чарай чорт кесе сүйлөсө да, мага келгенде кебезден жумшак болуп, мээрими төгүлөт.

Биз эки бөлмөлүү балык жон тамда турчубуз. 1-класста окуп калганымда эң башкы мугалимим да чоң апам болду. Оюнкараак жаным сабактан келерим менен оромпой тээп кетем. Чоң апам дептеримди ачып, ийреңдеген-муйраңдаган колу менен үй тапшырмаларды аткарып коет. "Ой, муну ким жазып берди сага? " деп мектептеги эже-агайлар күлүшөт. Чынында ким жазганын баары жакшы билишет. Алфавитти жаттамак азап болуп, "б" тамгасын "көнөкбаш" деп тааныганым эсимде. 

© Фото / из личного архива Кыялбека УрмамбетоваКезинде чоң апам түнү бою жар салып мени издесе, эми мен анын көзүн жоктоп, мээримин сагынып, өмүр бою "Апаке-е! " деп издеп өтөт окшодум
Лирик акын Кыялбек Урмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Кезинде чоң апам түнү бою жар салып мени издесе, эми мен анын көзүн жоктоп, мээримин сагынып, өмүр бою "Апаке-е! " деп издеп өтөт окшодум

"Дагы издей түшсөң экен!"

Биз жашаган тамдын кире беришиндеги дубал бооруна чабалекей уя салып, кызыл эт балапандар энеси учуп келгенде оозун ачып чайылдаганы өзүнчө бир керемет. Мен дагы ошол сары ооз балапандай эле болсом керек. Бир күнү чоң апам эки жумуртка бышырыптыр. Бир-бирден алып, кабыгын аарчыдык. Анан карасам эле менин колумдагы жумуртка өтө кичикий көрүндү. "Өзүңө чоңун тандап алган турбайсыңбы! " деп тултуңдасам, "Анда, кел алмашалы" деп өзүнүкүн бере салды. "Муну бир тиштеп коюпсуң, жебейм! " десем, "Таарынгандын тамагы таттуу болот!" деп эки жумуртканы тең жеп алса болобу. Жаным күйгөнүн айтпа! Ызама чыдабай, ыйламсыраган боюнча үйдөн чыгып кеттим да, бастырманын үстүнө жыйылган үймөк чөпкө барып жатып алдым. Каш карайып, жылдыздар көктө жымыңдап калган. Жарганаттар зыпылдап, тим эле кулагымдын түбүнөн учат. "Чачыңа жабышып алса, дегеле чыкпайт, керек болсо, башыңды жара тебет" деп балдардын айтканын эстеп, эки колум менен башымды калкалайм. "Кыялбек!" деп кыйкырып, мени издеп жүргөн чоң апамдын үнү чыкты бир оокумда. "И-и, мына сага, ушундай болмок! " деп ичимден күбүрөп, өч алып жаткансыйм өзүмчө. "Шырп" этсе эки жагыма элеңдеп коркконума карабай, көгөргөндөн көгөрөм. "Кыялбек! " деп кайта-кайта чакырган чоң апам короонун ичин, огороддун булуң-бурчун аңтара карап, анан көчө жакты кыдырып кетти. "Дагы издей түшсөң экен, баары бир мени таппайсың!" деп табам канып, дымымды чыгарбай тымпыйгандан тымпыям. Ошентип томпойгон үймөк чөптүн түбүндө компоюп жаткан боюнча уктап калыпмын. Жайдын ысык күнү болсо да сыдырым желден чыйрыга ойгондум. Айланага жарык кирип, агарып таң аткан. Бирок менин таң калганымды айтпа: түнү бою кирпик какпай издеген байкуш чоң апам үнү да бүтүп, каргылдана: "Кыялбе-ек! " деп кыйкырып, дале көчөдө жүрүптүр! Ушул окуя өмүр бою өчпөс болуп, жүрөгүмө эн тамгадай басылып калды… 

© Фото / из личного архива Кыялбека УрмамбетоваБул турмуш жашынбак ойногондой не бир кызык, бир чети өтө аянычтуу тура ушундай
Лирик акын Кыялбек Урмамбетов  - Sputnik Кыргызстан
Бул турмуш жашынбак ойногондой не бир кызык, бир чети өтө аянычтуу тура ушундай

Алда менин алтын чоң энем, ай…

Кийин чоң апам көз жумаар алдында да акыркы сөзү мен жөнүндө болуп, "Кыялбекти эч качан капа кылба… " деп айтыптыр Совет атама. Кезинде чоң апам түнү бою жар салып мени издесе, эми мен анын көзүн жоктоп, мээримин сагынып, өмүр бою "Апаке-е! " деп издеп өтөт окшодум. Ооба, кичине кезимден анын колунда чоңоюп, апа деп айтчумун. "Издөө" деген ырым ошол окуядан улам жаралган эле. Бул турмуш жашынбак ойногондой не бир кызык, бир чети өтө аянычтуу тура ушундай.

1.

– Кыялбе-ек!.. – үн угулат жанатан
Августтун жылдызы көл түнүндө.

Бул мени издеп жүрөт чоң апам,
Жалбарган аяныч бар үнүндө.

Ансайын өз оюмду бекемдеп,
Жатамын таарынычтуу бултуюп.

"И-и, дагы издей түшсөң экен! " деп
Үйүлгөн чөп түбүндө тумпуюп.

Так эле кулагымдын жанынан
Зыпылдап кайкып учат жарганат.

"Жабышып калабы" деп мен улам
Бүрүшөм кулак-башым кармалап.

– Кыялбе-ек!.. – мууну бир аз бошоңдой,
Бу жолу калтыроо бар үнүндө.

"И-и, мына, болмок сага ошондой!.. " –
Көшөрөм үймөк чөптүн түбүндө.

"Силер да көрдүңөрбү! " дегендей
Жылдызды карап коём компоюп.

Шырп этсе, жан жагыма элеңдей,
Уктапмын чөп түбүндө томпоюп.

Түшүмдө кулап барам тереңге…
Ойгондум апакелеп үңүлдөй.

Азыраак калтыроо бар денемде
Жанагы чоң апамдын үнүндөй.

Таң атып калган экен карасам,
Бирок мен күттүм беле угам деп,
Жүрүптүр көчө жакта чоң апам,
Үнү да каргылданып: – Кыялбе-ек!.. 

© Фото / из личного архива Кыялбека УрмамбетоваКарындаштары Лира, Жанара менен
Лирик акын Кыялбек Урмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Карындаштары Лира, Жанара менен

2.

– Апаке-е!.. – дүркүрөтүп денени,
Жаңырат аска-зоолор бу күндө.

Өзүңдү издеп келем мен эми,
Ызалуу сагыныч бар үнүмдө.

Баягы бала эмесмин таарынчаак,
Токтолуп жигит болгом ичи кең.

Жашоодо ойногондой жашынбак,
Изиңди карайм айыл ичинен.

Томпойгон үймөк чөптө көп элес…
Жашынба, сени баары көрүшкөн!

Жаңылам: ал – үйүлгөн чөп эмес,
Чөп эмес, томсоруңку көрүстөн.

– Апаке-е!.. – үзүлчүдөй дирилдеп,
Буулуккан ачуу жаш бар үнүмдө.

А бирок апам кайдан тирилмек,
Турамын жалгыз бейит түбүндө.

Баары бир типтирүүсүң мен үчүн,
Жылдыздай жыбыраган үмүт бар.

Түнөрүп үн катпасын, мейли, түн,
Калп эле жаш төкпөчү, булуттар!

Кайда дейм, кайда апам Күмүшай?
Дүйнөдө таппай келем эч түгөй.

Окшошот чачпагына күмүш Ай,
Сезилип мына "шыңгыр" этчүдөй.

"Баркымды тереңирээк билсин" деп
Бир жерде жашырынып жатат-ээ.

Издеймин өмүр бою күн-түндөп,
Жар салып үн бүткүчө: – Апаке-е!..

Жаңылыктар түрмөгү
0