01:37 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив

"Саманчынын жолу" повести жөнүндө 7 факты. Адамзаттын өлбөстүгү тууралуу гимн

© Sputnik / РИА Новости
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (299)
743830

Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести жалпы адам баласынын согушка каршы протестин, жеке бир тагдыр аркылуу Жер бетинде жашаган жалпы аялдардын трагедиясын, өлүм менен өлбөстүктүн кармашын көрсөткөн чыгарма.

Бир үй-бүлөдөн атанын жана үч уулдун согушка кетиши, алардын мекен коргоо үчүн баш тартпай барышы, а түгүл бирөөсүнүн (Жайнак) өзү суранып жүрүп урушка аттанышы – дүйнөлүк окурмандарды таң калтырган жана фашизмге каргыш айттырган.

Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете
© Sputnik / Виктор Чернов
"Саманчынын жолун" роман десе да болот. Кинопоэма десе да жараша берет, жөн эле поэма деп койсо андан бетер эп келишип калат. Кеп атында эмес, затында. Бир сөз менен айтканда, ал – ыр

"Саманчынын жолу" адабий жанрлардын рамкасына сыйбай калганда… Чыңгыз Айтматов бул чыгармасы аркылуу кыргыз адабиятынын практикасында кездешпеген жаңы нерсени ойлоп тапты: повесть башынан аягына чейин шарттуу-символикалык ыкма менен өнүгүп барат, башкача айтканда, өмүрү үн катпаган Жер ошол Жердин үстүндөгү бир пенде — Толгонай менен сүйлөшүп отурат. Жер суроо узатат, Толгонай жообун берет. 1963-жылы эле жаш сынчы Салижан Жигитов бул чыгарма тууралуу мындай деп жазган экен: "Автор аны жупунулук кылып "повесть" деп атаптыр. Албетте, кандай десе өз эрки. Ошентсе да ал белгилүү бир адабий жанрдын рамкасына сыйбайт. Ал адабияттагы жана көркөм өнөрдөгү көп жанрлардын синтезинен бүткөн. Аны роман десе да болот. Кинопоэма десе да жараша берет, жөн эле поэма деп койсо андан бетер эп келишип калат. Кеп атында эмес, затында. Бир сөз менен айтканда, ал – ыр, "песнь" деген орус сөзүнүн маанисиндеги ыр".

Чыгарма кыргыз тилинде жазылган жана адабий сын дароо эле өтө жогору баалаган. Адегенде кыргыз тилинде "Ала-Тоо" журналынын 1963-жылдын январь айындагы санына басылган. Жарык көрөрү менен эле "Советтик Кыргызстан" гезитинин ошол жылдын 10-марттагы санына Мухтар Борбугуловдун "Учу-кыйырсыз жол", "Ала-Тоо" журналынын июнь айындагы чыгарылышына Салижан Жигитовдун "Саманчынын жолу" – адамзаттын жолу", "Советтик Кыргызстан" газетасынын 1964-жылдын 22-майындагы санына Кеңешбек Асаналиевдин "Саманчынын жолу" – өмүр жолу" деген макалалары чыгып, жаш сынчылар курбалдаш калемгеринин жаңы чыгармасын "аксакалдарга" "көк бөрү" кылдыра койбой көкөлөтүп жиберишти. Орусча варианты "Новый мир" журналында. Кыргызчага удаа эле орус тилиндеги котормосу "Материнское поле" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1963-жылдагы №5 санына жарыяланган.

Ата менен энеге арналган чыгарма. "Саманчынын жолу" эпиграф менен башталат. Анын текстти мындай: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.

Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова сага арнаймын".

Чыгарманын аты жылдыздан алынган. Каармандарды жамандык-жакшылыкта ар дайым коштоп турган табияттын бир көрүнүшү бул чыгармада – Саманчынын жолу жылдызы. Повесттин башкы каармандары дал ошол Саманчынын жолу жылдызы ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жатканда жакшы тилек тилешет, алардын тилеги — "эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастыруу", "дыйкандын энчиси — сепкен эгининде". Жылдыздарга жакын жашаган кыргыздар ошол жылдыздарды сырдаш, муңдаш кылган, келечек тагдырын жылдыздар менен байланыштырган. Байыртадан түрк элдеринин жана кыргыздардын түшүнүгүндө асмандагы жылдыздар менен жердеги адамдардын түпкү насили бир болгон, жылдыздар – адамдар, алар жылдызга айланып кеткен пенде тукуму деген идея жашаган. Саманчынын жолунун асмандагы абалы — бул бүтүндөй адамдардын тагдыры, жаратылыштын абалы гана эмес, ал коомдун, мамлекеттин, жада калса, жалпы адамзаттын тагдыры менен байланышат, согуштун жүрүшү да тоолук кыргыз балдары үчүн жылдыздардын көрүнүшү менен айкалышат. Ошон үчүн чыгарма "Саманчынын жолу" деп аталган.

Кадр из фильма Материнское поле
© Фото / Александр Федоров
Толгонайдын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган. Анын жаш чагын Таттыбүбү Турсунбаева ойногон. Болот Бейшеналиев (Касым), Насыр Кытаев (Субанкул) сыяктуу актёрлор тартылган

"Саманчынын жолу" – кино өнөрүндө. Повесттеги трагедия тууралуу кыргыз режиссёру Геннадий Базаров 1967-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында фильм тарткан. Сценарийин Чыңгыз Айтматов менен Игорь Таланкин жазган. Оператору — Валерий Виленский. Толгонайдын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган. Анын жаш чагын Таттыбүбү Турсунбаева ойногон. Болот Бейшеналиев (Касым), Насыр Кытаев (Субанкул) сыяктуу актёрлор тартылган. Азыр телевизор бетинен түшпөй жүргөн эксперт, кийин аскер кызматкери болуп кеткен Токтогул Какчекеев Жайнактын образын жараткан жана ошол кездеги казакстандык студент кыз, азыркы мунай химиясы боюнча көрүнүктүү окумуштуу, академик Раушан Сармурзина Алиманды ойногон. Кинонун көп бөлүгү режиссёрдун жеринде — Кочкордо жана Ысык-Көл жээгинде Кажы-Сайда тартылса, Майсалбектин Толгонайга жолукпай, поездде өтүп кеткен эпизоду 40 градус суукта Казакстанда тартылган.

Фильм жолдуу болду: 24 жаштагы Базаровдун бул эмгеги анын ВГИКти бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле, жогорку баа менен коргогон. Кыргыз ССРинин Эл артисти Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин Эл артисти наамына ээ болду жана ушул образы үчүн Бүткүл Союздук фестивалда "Аялзаттын образын эң мыкты жараткан" деген сыйлыкка арзыды.

Сцена из спектакля Материнское поле по повести Чингиза Айтматова
© Sputnik / А. Абдыгулов
Толгонай аркылуу Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу сахна корифейлери гана эмес, мектеп сахнасынан көптөгөн кыргыз кыздары да элге таанылып, Майсалбектин катын миңдеген балдар көркөм окуп чыгышкан

Повесть – театр өнөрүндө. Эң алгач чыгарманы 1964-жылы РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Львов-Анохин инсценировкалап, Москвадагы Станиславский атындагы драмалык театрда койгон, бул спектакль менен труппа дүйнөнүн көптөгөн шаарларын кыдырган. Чыгарманын театралдык вариантын кийин Белов, Мамбетов, Тула ж.б. таланттуу режиссёрлор жазып, өз сахналарында көрүүчүлөргө тартуулаган. Кыргыз драма театры даярдаган спектакль 1965-жылы Кремль театрында коюлган. Өткөн жылы да Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында "Саманчынын жолу" спектаклинин жаңыланган версиясы көрсөтүлдү. Режиссёру Марат Козукеев болгон бул спектаклде Толгонайдын ролун Анара Сыдыгалиева аткарды.

Деги эле бул чыгармадагы Толгонай аркылуу Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу сахна корифейлери гана эмес, мектеп сахнасынан көптөгөн кыргыз кыздары да элге таанылып, Майсалбектин катын миңдеген балдар көркөм окуп чыгышкан.

"Саманчынын жолу" балет-ораториясы — кыргыз балет өнөрүнүн туу чокусу. 1975-жылы 15-мартта Кыргыз улуттук опера жана балет театрында көрүүчүлөргө тартууланган балет-ораториянын либреттосунун Мустафа Ахунбаев менен Марклен Баялинов, музыкасын Калый Молдобасанов жазган. Кыргызстанда жазылган эң биринчи балет-оратория катары тарых барактарына катталып калган чыгарманын башкы балетмейстери — Уран Сарбагышов. Бийчилер Айсулуу Токомбаева (Толгонай), Рейна Чокоева (Алиман), Чолпонбек Базарбаев (Касым) каармандардын образын пластика менен ачып берген. Бул чыгарма 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (299)

Тема боюнча

Дүйшөн менен Алтынайдын ажайып ыры. "Биринчи мугалим" тууралуу 11 факты
Өз үйүн күрөөгө коюп кино тарткан Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тууралуу 6 факты
Белгилер:
тагдыр, факты, кино, "Саманчынын жолу", Улуу Ата Мекендик согуш, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ