00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:04
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нандын даамын беш жашымда таткам. Дарика Жалгасынова тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековНародная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова
Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынованын туулган күнү. Өмүрүн сахнага арналган булбун үндүү инсан 77 жашка толду.

Ырчылыктан сырткары алып баруучулук, жазуучулук жана куурчак жасоо өнөрүнүн ээси Дарика Жалгасынова жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу алты фактыны сунуштайт.

Москвага талпынган секелек. 1941-жылы 20-мартта Талас облусунун Кара-Буура райондагы Чолпонбай айылында Дарика аттуу бир наристе жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, атасы фронтко кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ачарчылыктын капшабында клаган бөбөк нан эмне экенин беш жашында билип, даамын таткан. Ал ошол кыйын кезеңдерде тамеки кургатып апасына жардамдашып өскөн. Ырдаганга шыгы бар кыз элеттеги мектепти аяктаган соң Муратаалы Күрөңкөев тындагы училищеге тапшырган. Борбор калаада билим алып жүрүп Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетине сынак аркылуу өтүп, аны артыкчылык менен бүтүргөн.

Операга арбалган өмүр. 25 жашында кыргызстанга кайтып келип чыгармачылык жолун опера жана балет театрында баштаган. Улуттук чыгармалардан тарта дүйнөлүк классикалык операларга чейин аткарып, Сайра Кийизбаева, Асанкан Жумакматов, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов өңдүү чыгаан инсандар менен иштешкен. Ошол эле учурда Кыз-келиндердин педагогикалык окуу жайында мугалимдикти аркалган. Кийин ондогон жыл Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде солист болуп эмгектенип, жүздөгөн чыгарманы өзүнүн аткаруусунда кыргыз радиосунун алтын фондусуна жаздырган. Сахнада 72 жашка чейин ырдап жүрүп, анан пенсияга кеткен.

Торжественное открытие VII Международного кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Куруучу, режиссер, депутат... Садык Шер-Нияз тууралуу 5 факты
Акын, журналист… "Дариканын музыкалык өргөөсү" аттуу көрсөтүүсүн теледе беш жыл, "Мезгил жана музыка" уктуруусун төрт жыл радио эфирине алып чыккан жайы бар. Ошондой эле узак убакыттан бери колуна калем алып чыгарма жазып келет. Учурда алты китептин автору. Жакында эле "Сезимим тунук булактай" аттуу китебин окурмандарга тартуулады.

Кош жылдыз. "Даңк" медалы жана "Манас" орденин ээси жолдошу Жайлообек Жалгасынов менен 46 жыл бирге өмүр сүргөн. Жубайлар Москвада окуп жүргөндө баш кошуп, чыгармачылыгын сахнада чогуу улантып, эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Балдарынын атасы 1996-жылы оорудан улам көз жумган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Даңк" медалы жана "Манас" орденин ээси Дарика Жалгасынова жолдошу Жайлообек Жалгасынов менен 46 жыл бирге өмүр сүргөн
Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
"Даңк" медалы жана "Манас" орденин ээси Дарика Жалгасынова жолдошу Жайлообек Жалгасынов менен 46 жыл бирге өмүр сүргөн

Куурчак жасаган Жалгасынова. Кол өнөрчүлүк менен алектенип куурчактын түрүн жасайт. Кыязы, музыкага болгон кызыгуу акырындап отуруп чыгармачылыктын дагы бир өңүрүн ойготкондой.

Небересине ысымын беришкен. Уулу Күлчоро апасынын урматына кызына Дарика деген ысым берген. "Неберелерим менен жаным бирге. Уулумдун эки кызы бар. Бир небереме Дарика деген ысым берип коюшуптур, фамилиясы да Жалгасынова", — деп айтып берген жайы бар. Ошентип, бир үйдө чоң эне менен небере — эки Дарика Жалгасынова бар экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0