Дүйнө кезген Гапар Айтиев 105ке чыкмак. Депутат жана улуу сүрөтчү тууралуу 5 факты

© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара АйтиеваКыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев (оңдо). Архив
Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз живописинин атасы Гапар Айтиевдин туулган күнү. Өзүнүн чыгармачылыгы, күжүрмөндүгү менен ата мекендик сүрөт искусствосуна өчпөс из калтырган инсандын 105 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу беш фактыны сунуштайт.

Тунгуч кыргыз сүрөтчү. Гапар Айтиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында 1912-жылы 28-сентябрда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Балдар үйүндө тарбияланган жаш талант алгач 1932-жылы Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Андан соң 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жаратып кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн алгачкыларынан болгон.

© Sputnik / Юрий Каплун / Медиабанкка өтүүАйтиевдин эмгектери Москва, Алматы, Казань, Львов, Баку шаарларынын музейинде сакталууда
Репродукция картины Г.А.Айтиева Вышивальщица А.Бекбоева - Sputnik Кыргызстан
Айтиевдин эмгектери Москва, Алматы, Казань, Львов, Баку шаарларынын музейинде сакталууда

Живопись жана графика. Айтиев негизинен өзүнүн чыгармачылык жолунда живопись менен алектенген, графиканы да кошо алып кеткен. Сүрөтчү кыл калеми менен адамдын жан дүйнөсүн, жаратылыштын кайталангыс көз ирмемдерин жана кыргыз элине гана мүнөздүү образдарды мыкты ача билген.

Алты чакырылыштын депутаты. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу коомдук-саясий иштерге активтүү катышып, өлкөнүн маданият тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ал 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп иштеп, өнөрканаларды ачууга көмөктөшкөн. Ошондой эле ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара АйтиеваГапар Айтиев өлкөнүн сүрөтчүлөр союзун 20 жылдан ашык жетектеген
Советский и кыргызский живописец Гапар Айтиев  - Sputnik Кыргызстан
Гапар Айтиев өлкөнүн сүрөтчүлөр союзун 20 жылдан ашык жетектеген

Дүйнөнү багындырган инсан. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын колунан жаралган эмгектер союздук республикалардан сырткары, Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Баку шаарларынын музейинде сакталып, көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп келет.

Көп кырдуу талант. Тартипти жана тыкандыкты сүйгөн сүрөткер "Кыргызстан пионери" гезитинде редактору, Опера жана балет театрынын жасалгалоочу тобунун көркөм жетекчиси болуп иштеп калган. Андан сырткары, ал өмүрүнүн аягына чейин сүрөт менен алектенип дүйнөгө белгилүү шакирттерди тарбиялаган. Социалистик Эмгектин баатыры 72 жашында Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Үч уулунун ортончусу Сатар азыр дүйнөлүк деңгээлдеги сүрөтчүлөрдүн бири.

© Sputnik / Юрий Каплун / Медиабанкка өтүүГапар Айтиевдин "Чабандар" сүрөтүнүн репродукциясы
Репродукция картины Г.А.Айтиева Чабаны - Sputnik Кыргызстан
Гапар Айтиевдин "Чабандар" сүрөтүнүн репродукциясы

Жаңылыктар түрмөгү
0