15:02 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Төкмө акын Идирис Айитбаев

Акын Идирис Айитбаев: Мирзиеёвден белекке алган үй менен машинаны ата-энеме бердим

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Зульфия Тургунова
725560

Тилинен бал тамган акын Идирис Айитбаев 31-августта өткөн кыргыз-казак айтышында атаандашы менен бир нече тилде айтышып, көпчүлүктүн оозуна алынган. Андан соң Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин алдында төгүп, анысы үчүн коңшу өлкө жетекчисинен белек алган. Айтылуу акын менен кабарчыбыз Зульфия Тургунова маектешти.

— Ак өргөңүз, темир тулпарыңыз кут болсун! Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин күтүүсүз белеги тууралуу укканда кандай абалда калдыңыз?

— 5-сентябрь күнү борбор калаада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин алдында алгачкы ирет ырдадым. Бирок жетекчилерди мактап, жактап эмес, көйгөйлөрдү айтып, көз алдына элдин арманын ыр менен чагылдырганга аракет кылдым. Эки элдин жана өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн достугуна жакшылап көңүл буруу абдан маанилүү экендигин айтып, аны менен кошо алты жылдан бери Өзбекстандагы ата-энеме жете албай жүргөн көкүрөктөгү муңумду ырга салдым. Жетекчилердин көңүлү жибип, чечилбей жаткан маселелер жакшы кептин таасири менен чечилип кетсе деген ойдо элем. Конокторду күлдүрүү үчүн "чек ара ачылса Анжиянга жөн барбай, "Малибу" минип барып калам" деп тамашалап да өттүм. Ошол учурда Шавкат Мирамонович ордунан тура калып кол булгалап чакырып калды. "Бир унаа жана Анжиян облусунан бир үй берилсин" деп жардамчыларына берген тапшырмасы өмүрү эл алдында толкундабаган денемди калтыратты. Ал учурдагы кубанычты акындык өнөр менен да сүрөттөп бере албайм… Шок болуп калдым. Бул жолугушуу мени бир ирет кубантса, миң ирет түйшөлттү. Себеби мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Мирзиеевдин мага берген белегин ал кишинин бүтүндөй кыргыз элине болгон урмат-сыйы деп кабылдадым. Сыйлык меники болгону менен сыймык элдики болот. Бизди эл гана даңазалап турат.

Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин мага болгон ыраазычылыгын жана ошол жердеги кубанычын көрүп төбөм көккө жетти. Бооруна кысып "ата-энеңе рахмат, бизди аябай кубанттың" деген сөзү дагы деле кулагыман кетпей жаңырып турат… Мага үй, унаадан да эки өлкөнүн ажолорунун жүрөктү жылыткан жылуу сөздөрү, ыраазычылыгы чоң ийгилик, белек болду.

Акын импровизатор, комузчу Идирис Айитбаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Акын Идирис Айитбаев өзбек туугандар арасында

— "Чек ара көйгөйүнөн улам Өзбекстанда жашаган ата-энеме жете албай келем" деп айтып калдыңыз. Ал маселе чечилгенине кубанып бүтө элек болсоңуз керек?

— Өзбекстанга барсам да, бул жакта жүрсөм да аксакалдар алакан жайып, чек араны мен ачкан сыяктуу ыраазы болуп, батасын берип жатышат. Көйгөйдү мен ырга салып ырдабасам деле кыргыз-өзбек чек арасы ачылмак. Маселе чечилгенден бери үч ирет Анжиянга барып келдим. Өзүм аталган облустун Коргон-Төбө районуна караштуу Намуна айылында төрөлүп, балалыгым ошол жерде өттү. Учурда атам Абдусаттар Айитбаев менен апам Суксур Айитбаева Намуна айылында жашайт. 2015-жылы атам жүрөгү катуу ооруп жандандыруу бөлүмүнө жатып калды. Мен ошол кезде атамдын жанында боло албаганым үчүн дагы деле арман кылам. Себеби чек арадан өтүү үчүн ал жактан мага чакыруу кагазын (телеграмма) жибергенге мүмкүнчүлүктөрү болбой калды. Биз төрт бир тууганбыз. Эки карындашым турмушка чыгып, Кыргызстанда жашашат. Иним да үй-бүлөлүү. Ал ата-энем менен чогуу турат. Жакындарың менен жолугушуп, амандыгын сурап турганга не жетсин. Дагы деле ата-энем менен чогуу болуп, күн сайын көрүшүп, күн сайын амандыгын сурай албаганыма өксүп жүрөм. Апам Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылында чоңойгон. Атам болсо өзбекстандык кыргыз. Мен бала кезимде "апам Кара-Суудан, атам Анжияндан, мен чек арадан болом" деп калчумун. Бул балалык кыял менен айтылган тамаша сөздөр эле. Азыр чындыкка айланып, бирде Өзбекстанда, бирде Кыргызстанда болуп, эки өлкөнүн ортосунда эркелеп жүрөм. Өлкө башчысынан белекке алган унааны да, үйдү да ата-энеме арнап, аларга бердим. Алар бар үчүн мен бармын.

— Акындар менен алты тилде айтышып, эл оозуна алындыңыз. Көп тил билүү баарынын эле колунан келе бербейт. Буга кандай жетиштиңиз?

— Өзүм кыргыздын уулумун. Бала кезимен эле башка тилдерди үйрөнүүгө кызыкчумун. Өзбекстанда жашаганым менен өзбек тилин Ошко келип үйрөндүм. Анткени Анжияндагы айылдаштарымдын баары кыргыздар эле. Орто мектепте да кыргыз тилинде билим алгам. Ошко келип, Кыргыз-Өзбек университетинин англис тили жана адабияты адистигине тапшырдым. Чогуу окуган балдар-кыздардын баары өзбекстандыктар болгондуктан алар менен өзбек тилинде сүйлөп жүрүп, үйрөнүп алдым. Англис тили менен адабиятынан мугалим болгон соң бул тилде эркин сүйлөйм. Орус тилин болсо орто мектепте, анан университетте үйрөндүм. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң, түрк лицейинде иштеп калып, ал жердеги түркиялык кесиптештеримден бул тилди үйрөнүүгө туура келди. Казак тилин болсо үстүртөн гана билем. Жубайым кесиби боюнча араб тили мугалими. Акыркы кезде араб тилин үйрөнсөм деп пландаштырып, аракеттенип жатам. Негизи эле көп тил билүү бул менин кыялдарымдын бири болчу.

Акын импровизатор, комузчу Идирис Айитбаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Айитбаев: жетекчилерди мактап, жактап эмес, көйгөйлөрдү айтып, көз алдына элдин арманын ыр менен чагылдырганга аракет кылдым

— Төкмөлүк өнөрдүн тарыхында бир канча тилде төгүп ырдаган акындар болгонбу? Кызыгып көрдүңүз беле?

— Учурда жок, бирок буга чейин Токтогул Сатылганов Сибирде жүргөн кезинде орустардын балалайкасын чертип, орус тилинде төгүп, ал эми Анжиянга барганда өзбек тилинде төгүп ырдачу экен. Бул Токтогул атабыздын өзгөчөлүгү десек болот. Кыргызстанда жүздөгөн акындар бар. Бирок алардын арасында өзүңдүн өзгөчөлүгүң, ордуң болушу керек. Ошол үчүн бир канча тилде төгүп ырдап көрүүнү туура көрдүм.

— Аныңызды айрымдар "төкмөлүк өнөргө жаңычылдык киргизди" деп кабылдаса, кээси "тилге, өнөргө доо кетирип жатат" деп айтып чыгышты…

— Кыргыз тилинде кыргыз жерин даңазалап ырдап, америкалык же россиялык бирөөгө жеткире албайсың. Ырды которуп түшүндүргөнгө караганда ошол тилде ырдап жеткирүү туура го деп ойлойм. Тикелей булактын өзүнөн суу ичкен жакшы эмеспи. Ал эми мен эне тилге доо кетиргидей кыргыз тилинде ырдап жатып, мисалы "так что", "давай братан", "даже" деген сөздөрдү кошуп ырдаган жокмун да. Эгерде ушинтип ырдасам, анда "тилди бузуп жатат" дешсе болот. Орус тилинде төкчү болсом жалаң орус тилинде ырдайм. Эгерде мага карата ушундай сын пикирлер айтылып жаткан болсо, ошол адамдар өзүнүн ой-жүгүртүүсү, алган билиминин деңгээлинде гана сындайт деп айтат элем.

Акын импровизатор, комузчу Идирис Айитбаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ыры үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев акынга үч бөлмөлүү үй жана унаа белек кылды

— Ушул өнөрдү аркалагандан бери кыжырыңызга тийип, жаныңызды кашайткан көрүнүштөр болду беле?

— Акыркы кезде айрым акындар эстрада жанрындагы ырлардын обондоруна салып, айтышты шоу кылып жатышат. Муну менен айтыштын маңызын жоготуп жатабыз. Дагы бир айта кетчү нерсе, жарым сааттан айтышпайбыз. Эки акынга он мүнөт гана убакыт беришет. Анан калыстар тобу "теманы ачпай жатат" деп айтышат. Теманы ачып ырдасаң, "атаандашы менен айтышпай жатат" дейт. Экөөнү тең бирдей алып кетейин десең убакыт жетишпейт. Анткени атаандашыңа обон созуп отурганча он мүнөт бат эле өтүп кетет. Казактардын айтышын карасаңыз жарым сааттап төгүшөт. Эч нерсе калбай, ички көрөңгөсүндө эмне болсо баарын ырдашат. А бизде үч мүнөттөн убакыт берсе, анда баары эле жаттап алганын айтып коюп чыгып кете берет да. Анан да колдоонун жоктугунан улам айрым абдан таланттуу акындарыбыз кетмен көтөрүп талаалап кыңылдап ырдап коюп жүрүшөт. Көзүңөргө бир гана Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыров, Идирис Айитбаев, Азамат Болгонбаев көрүнө бербесин. Жаш акындардын арасында төрт тарабы төп келишкен Баян Акматов, Жылдызбек Төрөканов аттуу акындарыбыз бар. Мына ушундай таланттарыбызды колдоп алсак болот. Анан да жаш акындарга айтаарым саясат тууралуу ырдабай эле койгулачы. Буга такшалгандан кийин киришүү туура деп ойлойм.

— Төкмөлүк тубаса талантыңызбы же кийинчерээк өздөштүрдүңүзбү?

— Өзбекстанда мектепте окуп жүргөн кезимде эле колума калем кармап, ыр жазып калчумун. Ал эми төкмөлүк мага жараткандан берилген деп айтсам болот.

— Устатыңыз деп кимди айтаар элеңиз?

— Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыров, Аалы Туткучевди айтаар элем. Бирок устат деген темада мен өзүмдү чектебейм. Элмирбек Иманалиев да менин устатым. Бул киши мени шакиртим деп айтпаса да мен анын сахнада философиялык терең маанидеги ырларынан баштап, өзүн кантип алып жүргөндүгүнө чейин үлгү алам. Азамат Болгонбаевден сабырдуулукту, токтоолукту, тереңдикти үйрөнөм. Абдували Акимбековду да устатым деп айтаар элем, анткени "кел, иним" деп көп нерсе үйрөтүп батасын берип олтурат. Акындын оозу ачылса, жүрөгү көрүнүп турушу керек. Акын деген сахнада бөлөк, сахнанын артында бөлөк болбошу керек.

— Казак акындары менен болгон айтышта 3-орунду ээлегениңиз үчүн "бул ирет калыстар айтышты калыс баалашкан жок" деп социалдык тармактарда аларды катуу сынга алышты.

— Калк айтса, калп айтпайт, муну унутпашыбыз керек. Бирок сахнага байге алыш үчүн барганыбыз жок да, акындык өнөрдүн акысын берели деп барып жатабыз. Маданияттын уюткусу болгон Саламат Садыкова эжекеме, же "Айтыш" фондун негиздеген, кыргыздын бактысына төрөлгөн кыраан Манас тукуму Садык Шер-Нияз агама, же калыстардын дагы бир мүчөсү Жыргалбек Касаболотов жана Мирлан Самыйкожо мырзаларга карата туура эмес пикирлерди айтып жаткандарга кайрылам. Мен эч кимге 3-орунду ээлегеним үчүн арызданган жокмун. Тескерисинче, ыраазы болдум. Мага Саламат Садыкова ошол жерде "8" деген баанын ордуна "2" койсо деле ыраазы болмокмун. Анткени мен бала кезимден бери сыйлап, анын ырлары менен чоңойдум. Мен өзүмдү орун менен чектегим келбейт. Атамдын "байге үчүн эмес, бата үчүн чык" деген сөзүн эч качан унутпайм.

Акын импровизатор, комузчу Идирис Айитбаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Айитбаев: бүгүн мен өлкөмө керекмин. Ошол үчүн таштап кеткеним жок

— Айтыштардын биринде сизди атаандашыңызга "одоно, кополдук менен жооп кайтарды" дегендерге эмне дээр элеңиз?

— Бир ирет атаандашым "сен Өзбекстандан келдиң" деп акаарат кылды. Деңгээли ошол экен. Анын деңгээлине түшкүм келген жок. Ага "ооба Өзбекстандан келдим не дейсиң, сыйлаганды билбейсиң, азыр жеңип койсом өзүңдү өзүң тилдейсиң, Исхак Раззаков да Өзбекстандан келген мага окшоп" деп жооп кайтардым. Муну мен одоно же копол жооп деп эсептебейм. Негизи улуттун жаманы эмес, адамдын жаманы болот. Улутту жамандап сүйлөгөн адамдын өзү начар экенин байкайсың.

— Тамадалык кылып жүргөн жайыңыз бар. Ичимдик ичилген тойлорду алып баруудан баш тартат экенсиз?

— Туура, мен ичкилик ичилген тойго баргым келбейт. Биринчи себеби өзүм ажыга барып келгем. Экинчиден, күндүз мектепте сабак өтүп, Бабур театрында иштеп чарчап, анан кечинде тойдо тамадалык кылууга барсаң, ал жерде ичип алган агалар келип, кажылдап, жиниңе тийип адамды ого бетер чарчатышын каалабайм. Негизи той алып баруудан ырахат алам.

— Чет тилин билген жаштар адатта чет өлкөдө иштешет, же өз өлкөсүндө калып эмгек акы көп төлөнүүчү чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташат. Ал эми сиз театр менен мектепти тандаптырсыз?

— Мен мекеним үчүн катардагы жоокермин. Элге кызмат кылуу үчүн чет жакка чыгуудан да баш тартып, мектепти, театрды, маданият тармагын тандап отурам. Мисалы, Бабур театрынан алган 5000 сом маянамды үйгө алып бара элекмин. Ал акчаны кайра эле театрдын өзүнө жумшап келем. Үй-бүлөмдү Кудай берген өнөрүм менен багып жатам. Бүгүн мен өлкөмө керекмин. Ошол үчүн таштап кеткеним жок.

Тема боюнча

Төкмө акын Идирис Айитбаев Ошко Мирзиёев белек кылган унаасын айдап келди
Мирзиёев ак таңдай акын Идирис Айитбаевге үй жана машина тартуулады
Айтышта кыл чайнаша турган кыргыз-казак акындары белгилүү болду
Белгилер:
айтыш, машина, турак үй, акын, Идирис Айитбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ