Sputnik Кыргызстан Мухтар Ауэзовдун кыйын кезеңде "Манас" эпосун коргогонун эскерүүнү эп көрдү.
Өткөн кылымдын 50-жылдарында "Манас" эпосу коомчулук тарабынан катуу талкууланып, айрым адамдар аны жокко чыгарууга аракет кылган. Маселени кабыргасынан коюп чечүү үчүн союздук өлкөлөрдүн окумуштуулары 1952-жылы июнь айында Фрунзе шаарына чогулат. Ага Александр Боровков, Василий Радлов, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юунусалиев өңдүү бир топ беделдүү илимпоздор менен Кыргызстандын Коммунистик партиясынын биринчи катчысы Искак Раззаков дагы катышкан.
Конференция бир жумадай созулуп, кызуу талкуу менен коштолгон. Анда "Манас" эпосу элдикпи же элдик эмеспи деген маселенин тегерегинде сөз болгон. Себеби ал кезде азербайжандардын "Деде Коркут", өзбектердин "Алпамыш" эпосторуна тыюу салынган. Кезек "Манас" эпосуна келип, аны басып чыгаруу иштерине чекит коюлуп тагдыры чечилмек.
Илимпоз "Манас" эпосу кыргыз элине гана таандык экендигин, аны ал учурдагы саясатка ылайыктап өзгөртүү туура эместигин ачык айтып, анын бириктирилген вариантын чыгарууну сунуштаган.
— Биз баарыбыз чогуу аракеттенип "Манастын" элдин дилине коошпогон кирден арылтып, чыныгы, баалуу "Манасты" түзүшүбүз керек
— "Манас" советтик кыргыз элине басып өткөн жолунун баалуу эстелиги катары керек. Ал изилденип, басылып чыгышы зарыл. Он жылдык мезгилдин тажрыйбасы менен чектелүү керек эмес
— Мен жумушчу жана жетектөөчү редакциялык топтун курамына Токомбаев, Маликов, Сыдыкбеков өңдүү акын-жазуучулардын кирүүсү керек деп ойлойм. Анткени алар "Манасты" мыкты билип, "Манас" боюнча чыныгы кадыр-барктуу инсандар. Ошондуктан бул маселе боюнча чечүүчү сөз "Манастын" текстин ийне-жибине чейин билгендерге таандык
— "Манас" эпосу советтик кыргыз элине өтө кеңири жайылган. Бул нерсе докладчы, кошумча докладчы, түрдүү багыттар боюнча өз пикирин айтып жаткандардын мойнунда канчалык оор жана олуттуу жоопкерчилик бар экендигинен кабар берет
— "Манас" эпосу советтик кыргыз элине керекпи же кереги жокпу деген маселеде айрым маанилүү жагдайларды эске алуу кажет. Себеби бул кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, руханий маданиятын камтыган жалгыз эстелиги болуп саналат. Анда кыргыз элинин оозеки кеби, поэтикалык чеберчилиги бар. Бул жерде эң негизгиси кыргыз адабий тилинин көп жылдык иштелип чыккан, түзүлгөн, өнүккөн, шөкөттөлгөн үлгүсү камтылганын, анын социализм доорун басып өткөнүн эске алуубуз зарыл. Кайсы лингвист ал агылган сөздөрдү чийип же көзгө илбей кое алат?..
Ауэзовдун доклады катышуучуларга далилдүү жана так айтылгандыгы менен эсте калып, соңунда кол чабуулар коштолгон. Ошентип 60-жылдардын башында "Манас" эпосунун бириктирилген варианты жарык көргөн.
Мухтар Ауэзовдун кыргыз элинин уюткусу болгон эпосту сактоого, бурмаланбоосу үчүн жасаган аракеттерин азыркыга чейин унутпай, эстеп келет.