Нарында кыргыздын маданиятын даңазалаган "Нукура фест" өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалоочулар үчүн Таш-Рабат, Кошой коргон сыяктуу тарыхый жерлерге тур уюштурулат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Нарында кыргыздын маданиятын чагылдырган "Нукура фест" маданий иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Реставрация мавзолея Шах-Фазиль в Ала-Буке - Sputnik Кыргызстан
"Шах-Фазиль" мавзолейи кантип реставрацияланып жатат? Сүрөттөр
Аталган иш-чара 16-сентябрда өтүп, ал Нарын шаарынын 149 жылдыгы менен туристтик сезондун аякташына арналат.

Бул фестиваль Нарын шаарында кыргызстандыктар менен чет элдик туристтерди тартып, жергиликтүү каада-салт менен тааныштырууну көздөйт. Маданий иш-чаранын алкагында тушоо кесүү, бешикке салуу сыяктуу салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, уздар дагы өз эмгектерин көрсөтөт.

Каалоочулар үчүн Таш-Рабат, Кошой коргон сыяктуу тарыхый жерлерге тур уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0