Кыргызстанда бешик ырларына сынак жарыяланды

Жазылуу
Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша алат жана ырдын жазылган тилине чек коюлбайт.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бешик ырлары боюнча респубиликалык конкурс өтөрүн Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусынан кабарлашты.

Анын максаты элдик жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү экенин уюштуруучулар баса белгилешти.

"Бала тарбиялап, чоңойтуудагы маанилүү жагдайлардын бири болгон бешик ырлары элдин турмушунан улам барган сайын жоголуп баратат. Бүгүн миӊдеген наристелер бешик ырын укпай чоӊоюуда", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны аталган фонд Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурууда.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыргызстандык, казакстандык жана өзбекстандык балдар жасаган куурчактардын эл аралык көргөзмөсү өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Үч өлкөнүн балдары жасаган куурчактардын көргөзмөсү ачылды
"Бешик ырын уккан баланын угуу, туюу сезимдери бат калыптанып, тилинин так чыгышы, кеп байлыгынын өөрчүшү ылдамдаган. Ыр аркылуу баарлашуу баланын кабыл алуусун, эс тутумун эрте калыптандырууга өбөлгө түзгөн. Бешик ырлары көчмөн жашоодогу кыргыз элинин турмушун чагылдырып, бала тарбиялоодогу салттуу эрежелердин маанилүү элементи болгон", — деп айтышты аталган фондудан.

Бешик ырлардын конкурсу 2017-жылдын 5-июнунан 1-ноябрына чейин жарыяланды.

Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша алат жана ырдын жазылган тилине чек коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0