Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева
Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Светлана Акматалиеванын жүзүн өлкөнүн ири иш-чараларынан көрө алабыз. Бирде көз карандысыздык күнүндө, бирде шайлоо алдындагы дебаттарда да түз эфирди алпарат. Тележылдыз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева баарлашты.

Светлана Акматалиева учурда жасап жаткан нерсе ар бир кыргызстандык телеалпаруучунун көксөгөнү, карьералык бийик тепкич деп айтууга болот. Бул айымды биз башкы телеканалдын эң беделдүү кечки чыгарылышынан көрө алабыз, ал эми өлкө башчысы ага сыйлык да тапшырган.

Мындан башка дагы эмнени самайт адам?.. Бирок татына айым, эки баланын энеси Светлана Акматалиева илимий даража дегенде ак эткенден так этет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеалпаруучу Светлана Акматалиева жана Алмаз Касымалиев кыргыз-казак чек арасындагы эки өлкөнүн бажы тоскоолдорун алуу аземинде
Журналисты Кыргызстана в лицах - Sputnik Кыргызстан
Телеалпаруучу Светлана Акматалиева жана Алмаз Касымалиев кыргыз-казак чек арасындагы эки өлкөнүн бажы тоскоолдорун алуу аземинде

— Кыргыз-казак чек арасындагы эки өлкөнүн бажы тоскоолдорун алуу аземине барганым эсимде. Эки мамлекеттин өкмөт башчылары катышкан, регламенти катаал, из куучу иттери жүргөн, айтор, ири иш-чара эле. Августтун күнү, саратан, күтүүдөн зериккен, топтошкон журналисттер… Сиз болсо тыкан чач жасалгаңыз менен обочодо түз эфирди алпарып жатыпсыз. Мындай учурда артыкчылыкты сезбейсизби?

Программный директор радиостанции Кыргызстан обондору Лилия Абдыбаитова - Sputnik Кыргызстан
Лилия Абдыбаитова: ата-энем дудук болсо да, Кудай мага үндү берди
— Жок, андай нерсе жок. Болгону өлкөнүн башкы коомдук каналынын кадрында ашыкча нерсе болбошу керек. Биз үчүн эле эмес, бардык сүрөтчү, операторлорго дайым мыкты орундар бөлүнөт. Кээде бул күлкүлүү окуяларды да жаратат. Нооруз майрамында биринчи катарда аксакалдар отурган. Ал эми операторлор камералары менен алардын алдын тороп калышыптыр. Бир аксакал таягы менен аларды түрткүлөгөнү эсиңиздердеби?..

— Эфирде жөн гана сүйлөп тим болбостон, элге жугумдуу кеп айтыш керек эмеспи. Иш-чараларды түз чагылдыруу жеңилби?

— Болушунча ишке ыклас коюуга аракеттенем. Албетте, кызык, күлкүлүү окуялар да болот. Төрт жыл мурун кесиптешим Алмаз Касымалиев менен ШКУ саммитин чагылдырып жатканбыз. Белгиленген план боюнча биз студияны 12де өткөрүп берип, ишибиз ошону менен аяктамак.

Түз эфирди өткөрөлү деп жатканыбызда оператор уланткыла деген белги берди. Күтүүсүз бир нерсе болгонбу деп абалдан чыгууга бар күчүбүздү жумшоодобуз. Жарым саат саммит боюнча, ага катышкан мамлекеттер, президенттер, айтор, ага байланышкан нерселердин баарын айттык. Көрсө, эфир 12де эле аяктаптыр, болгону операторго бүттү деп айтып койгон эч ким болбоптур. Туура 30 мүнөт бекер убара тартып камерага сүйлөй бериптирбиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеалпаруучу Светлана Акматалиева: Нооруз майрамында биринчи катарда аксакалдар отурган. Ал эми операторлор камералары менен алардын алдын тороп калышыптыр. Бир аксакал таягы менен аларды түрткүлөгөнү эсиңиздердеби?..
Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева  - Sputnik Кыргызстан
Телеалпаруучу Светлана Акматалиева: Нооруз майрамында биринчи катарда аксакалдар отурган. Ал эми операторлор камералары менен алардын алдын тороп калышыптыр. Бир аксакал таягы менен аларды түрткүлөгөнү эсиңиздердеби?..

 

— Бишкектик телеканалдардын бириндеги жаңылыктарда диктор адашып кетип, күлүп да, сөгүнүп да алат. Бирок ал түз эфир эмес, жазылып гана жаткан экен. Монтажчылар да ал жерин кесип салганды унутушат, кечинде ал түрмөк ошол боюнча эфирге кетип калыптыр. Мындай окуяларга кабылган жок белеңиз?

— Табаа кылбайын, бирок мен сөгүнбөйм, телекөрүүчүлөр менден чектен чыккан кептерди кандай болгон күндө дагы укмак эмес. Бир гана машина айдап баратканда гана андайга жол беришим мүмкүн.

"Саламатсыздарбы? Бүгүн бизде мейманда… Ой, кайра баштайлычы. Саламатсыздарбы? Бүгүн бизде мейманда" дегеним эле эфирге кетип калганы бар.

— КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кайсы бир маегинде шайлоо алдындагы дебаттардын суроолору кандай жашыруун даярдалганын, айрым партиялардын өкүлдөрү аларды сатып алууга да аракет кылганын айткан эле. Сиз дебатты алпарат эмессизби, чынбы бул?

— Бул берүүнү алпарууну мага ишенип тапшыргандары үчүн каналдын жетекчилигине ыраазычылык билдирер элем. Мындай татаал берүүлөрдү алпарууда тажрыйбам жок эле да. Жогорку деңгээлде алпаруу үчүн түнкү саат экиге чейин даярданчубуз.

Өзүбүз да суроолорду даярдайбыз, эфирге бир саат калганда Илим Майрамбекович кошумча тизме да берет. Алгач алпарган берүүм 2 саат 20 мүнөткө созулган, Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялар катышкан эле. Адегенде аябай жүрөксүнүп, өзүмчө "кайдагы нерсени башыма үйүп алгам?" деп ойлоп кеткен учурлар болгон. 

© Фото / Гульнура ДжекшембаеваТелеалпаруучу Светлана Акматалиева мамлекеттик сыйлык алуу аземинде
Телеведущая и диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Телеалпаруучу Светлана Акматалиева мамлекеттик сыйлык алуу аземинде

— Президенттин колунан мамлекеттик сыйлык алуу жагымдуу сезим тартууладыбы?

Коомдук биринчи каналдын алып баруучусу Гүлзат Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
— Албетте! Эмгегимди баалашканына абдан бактылуу болгом. Президент менен биринчи ирет 2010-жылы маек кургам. Ал жетектеген КСДП Жогорку Кеңешке шайлоого даярданып жаткан кез болчу. Эртең менен эле мага редактор чалып, маек алып келүүнү тапшырган. Андан кийин 2011-жылы эки ирет маектешкеним бар.

Анын иш бөлмөсүнө киргенимде атымдан "Светлана" деп атап тосуп алган. Өлкө башчысы ысымыңдан айтып таанып турса, кантип жагымдуу болбосун! Ал киши менен баарлашуу абдан жеңил, эч бир жерин кесип да кереги жок, баары так.

— Күйөрмандардан белек-бечкек алдыңыз беле?

— Жок, атүгүл гүлдесте да алган эмесмин. Жолдошум, эки балам бар, башка адамдардан белек алууга акым жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТелеалпаруучу Светлана Акматалиева: кыбыраган кыр ашат. Кастингдерге катышкыла, кесипкөйлөрдүн көзүнө түшүүгө күч жумшагыла. Сабаттуу кебиңиз менен баарын таң калтырыңыз
Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева  - Sputnik Кыргызстан
Телеалпаруучу Светлана Акматалиева: кыбыраган кыр ашат. Кастингдерге катышкыла, кесипкөйлөрдүн көзүнө түшүүгө күч жумшагыла. Сабаттуу кебиңиз менен баарын таң калтырыңыз

— Эгер эртең бир секелек келип, сиздей алпаруучу болууну кыялданарын айтса, жообуңуз кандай болот?

Журналист, ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Азият Жекшеев: мени коркуткан адамдар көп эле болот, бирок жакшы "кароолчум" бар
— Баарынан мурун жогорку билим ал деп кеңеш берер элем. Мен, мисалы, өз адистигим боюнча иштеп жатканыма сыймыктанам. "Мага мынча предметтин кереги не, философия, логиканын зарылчылыгы барбы?" деп даттангандарды түшүнө албайм. Журналист баарын билүүгө тийиш!

КТРКга төртүнчү курста эле өзүм келип, практикадан өттүм. Алпаруучулукту сунушташты, макул болдум. Эч кыйналган жокмун, себеби, Кыргыз-Россия Славян университетинде бизге чечендик чеберчиликти да үйрөтүшкөн.

Кыбыраган кыр ашат. Кастингдерге катышкыла, кесипкөйлөрдүн көзүнө түшүүгө күч жумшагыла. Сабаттуу кебиңиз менен баарын таң калтырыңыз. 

© Фото / Алма КарсымбекТелеалпаруучу Светлана Акматалиева: диссертациямды аягына чыгарам деп үмүттөнөм. Мойнум жар бербей, баштай албай жүрөм
Телеведущая и диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Телеалпаруучу Светлана Акматалиева: диссертациямды аягына чыгарам деп үмүттөнөм. Мойнум жар бербей, баштай албай жүрөм

— Беш жылдан соң өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Диссертациямды аягына чыгарам деп үмүттөнөм. Мойнум жар бербей, баштай албай жүрөм. Балдарым майда, убакыттын баарын аларга бөлөм, бирок ошентсе да филология илимдеринин кандидаты болом деп ишенем.

Жаңылыктар түрмөгү
0