Японияда 10 боз үй тигилип кыргыз айылы ачылат

Жазылуу
Учурда Японияга он боз үй жеткирилип, тигилгени жатат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Япониянын Кагосима профектурасында боз үйлөр тигилип кыргыз айылы ачылат. Бул тууралуу белгилүү манасчы Замирбек Баялиев Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Анын айтымында, учурда Японияга он боз үй жеткирилип, тигилгени жатат. Баялиев "Манас" деп аталган кыргыз айылын түзүү демилгеси экс-депутат Карганбек Самаковго таандык экенин белгилеп, мурдагы эл өкүлүнүн жардамчысы Раатбек Шабданов бул маалыматты тастыктады.

Установка юрты в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиянын чөлүндө кыргыз боз үйү тигилди
"Кыргыз айылы тууралуу 2011-жылы япондор менен сүйлөшүлүп, алар Кагосима профектурасынан атайын жер бөлүп беришкен. Учурда ал жакка он боз үй жөнөтүлдү. Мындан сыркары, Кыргызстанда дагы ондой боз үй даярдалып жатат, бүтүп калса эле жиберебиз. Айылды ачуунун максаты, биринчиден, япондор биздин боз үйлөргө абдан кызыгышат, экинчиден, кыргыз элинин маданиятын япондорго тааныштыруу, жайылтуу болмокчу", — деди Шабданов.

Ал ошондой эле ачыла турган кыргыз айылда Япониядагы кыргыз балдар, кыздар иштей турганын кошумчалады.

Кыргыздардын уникалдуу турак-жайы боз үй жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0