"Суфлер" Лондондон баш байге менен кайтты

© предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойСултан Раевдин "Суфлер" спектакли
Султан Раевдин Суфлер спектакли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр жамааты Тумандуу Альбиондон жеңиш менен кайткан кесиптештерин бүгүн таңкы саат алтыда аба майдандан тосуп алды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Султан Раевдин "Суфлер" спектакли Лондондо өткөн эл аралык I фестивалда баш байгени алса, ал эми актриса Назира Мамбетова аялдын мыкты ролун аткаргандыгы үчүн атайын сыйлыкка ээ болду. Бул туурасында Жаштар театрынын директору Эгемберди Чалабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады. 

"Бизге Лондондон чакыруу келгенден баштап драматург Султан Раевдин "Суфлер" чыгармасын тандап алып, үч ай даярдандык. Улуу Британиянын Лондон шаарында спектакль жакшы резонанс жаратып, эл аралык фестивалдын бай байгесин алып, ал эми актриса Назира Мамбетова аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн жеңүүчү болду", — деди Чалабаев. 

Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзинин" авторлорунун визасы боюнча АКШ элчилигине чалабыз — ЖК төрагасы
Директор "Суфлерго" автор Султан Раев режиссерлук кылгандыгын кошумчалады. 

Театр жамааты Тумандуу Альбиондон жеңиш менен кайткан кесиптештерин бүгүн таңкы саат алтыда аба майдандан тосуп алды.

Тарых жана маданият жылынын алкагында бул Британиянын борборунда көрсөтүлүп жаткан экинчи спектакль. Биринчиси — Раевдин "Канышанын көз жашы" деп аталган Курманжан датка жөнүндө чыгарма болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0