Анда кеп кезегин манасчыга беребиз.
Манас ааламына кирүү түшкө байланыштуу болору ырас. Антсе да бул өзүңөн аракет болмоюнча колуңа кармап кала албай турган нерсе. Манас дүйнөсү тууралуу көп түш көрдүм, бирок мен түшүмдө эмес, өңүмдө көргөнүмдү жөндөп эстеп кала албаган адаммын. Мындан улам көргөн түштөрүмдү деле көп нерсенин бири катары кабыл алып, таназар алган эмесмин. Анын үстүнө менин чөйрөмдө бул дүйнөнү түшүнгөн адам болгон жок. Манастын учу-кыйыры көрүнбөгөн мынчалык зор аалам экенин билген эмесмин. Ошонун айынан он жылдай, 20га чыккычакты ооруп жүрдүм. Талмам кармаар алдында мен түшүндүрүп бере алгыс нерселер дайыма кайталанчу.
Бирок мен Манаска андан эртерээк аралашыптырмын. Чоң энем баатырлар тууралуу, алардын эрдиктерин саймедиреп айткан киши эле, ошо кишинин таасири күч болду деп ойлойм. Ал тургай буга улам манастан жаттатып, айттырып жүргөн мугалимим да себепчи болду. Ошентип бирине бири тепкич болуп, уланып кете берет экен. Анан албетте, чөйрө. Борборго келгенден кийин манасчыларга, маданий чөйрөгө аралашып калдым. Ошондон кийин мен өзүмдү тааный баштадым. Бир чоң дүйнөнүн калыптанышы үчүн көптөгөн себептердин жыйындысы болуш керек окшойт.
…Манастын бир-эки жерин жаттап алгам. Ошону эле айтып жүрөм деп ойлочумун. Бир күнү эле университетте чогуу окуган Элмир Табылдиев "кайсы жерин айтасыз?" деп калды. Мен "баланча китептин баланча жеринен" дедим. Эртеси китепти көтөрүп келиптир, барактасак эле баягы мен айткан эпизод жок. Аябай ыңгайсыз абалда калдым, күнөөлүү болуп "бузуп айтып аткан турбаймбы" деп бир кыйроого учурагам. Көрсө, өзүнөн өзү эргүү жаралып, өзүнөн өзү айтылчу нерселер бар экен…
Жети күндүк Манас
Түз эфирдеги окуя
Бир ирет түз эфирден Манас менен Кыз Сайкалдын сайышын айтып атып эле уктап кеттим. Жайдын күнү болчу, ныксырап кеттим окшойт. Уктап баратканымды билип, "мен түз эфирдемин, эми элдин баарына уят болуп атам" деп ойлонуп жатам, бирок ошол эле маалда бир нерселерди айтып жатам. Эптеп ойгонуп, убакытты бүтүрдүм. "Өлдү" дедим… Кийин дисктен карасам баары жакшы, кадимкидей эле окуялар айтылыптыр. Мындай учур эки-үч жолу кайталанды, эл көп болгон жерде болгондуктан өзүмдү өзүм тескеп, "ойгон-ойгон" деп келем. Эми бир ээн жерде ушинтип уктап калсам эмне болот болду экен, ошол уктап калганда оозума эмнелер келет болду экен деп өзүм да кызыгып жүрөм.
Көп түш көрөм, бирок түшкө сараң кишимин. Ал ошол адамдын өзүнө гана берилет. Аны менен мактанып да, сыймыктанып да болбойт. Купуя сакталышы керек. Андыктан аянды, түштү айтуунун кажети жок. Өзгөчө ар кандай ойлор айтылып жаткан бүгүнкү күндө. Аяндын сыры, анын керемет-касиетин изилдөө келечектин иши деп эсептейм. Ал эми манасчынын өнөрү канчалык деңгээлде экенин анын түшүнөн эмес, айтуучулук чеберчилигинен, айткан манасынан билүү керек.