Украинага америкалык курал жеткирилди: мындан ары эмне болот?

© AFP / GENYA SAVILOVУкраинанын куралчан аскерлери. Архив
Украинанын куралчан аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Тарыхта Кошмо Штаттар тарабынан куралданган жана даярдыктан өткөрүлгөн чет элдик армияларга ийгиликтүү мисал табылбайт.
Ушу тапта Пентагондун колдоосу жана стандарттарына ылайык түзүлгөн армиялардын кыйрап баратканына күбөбүз: Грузия (2008-жыл), Ирак (2015-жыл), Афганистан (2021-жыл). Кезекте америкалыктар тынымсыз куралдандырып, машыктырып келе жаткан Украина.
АКШ 10-октябрда Киевдин четиндеги Борисполь аэропортуна Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 60 млн. долларлык кошумча жардамынын алгачкы партиясы жеткирилди. Курамында таамай атчу куралдар, ок-дары, радиолокациялык байкоо салуу каражаттары бар. Кошмо Штаттардын "армияны каржылоо" боюнча кезектеги долбоорун аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.
Испытание гиперзвуковой ракеты Циркон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
"Циркондун" Ак деңиздеги ийгилиги. Россиялык гипер үндүү ракетанын өзгөчөлүгү
Бөлүнгөн суммаларга карасак Кошмо Штаттар Киевди анча деле бөпөлөгөндөй эмес, жети жыл аралыгында аскердик көмөктүн көлөмү 2 млрд. доллардын тегерегинде. Башкача айтканда, 255 миң аскер кызматкеринин ар бирине жылына 1000 доллардан (же айына 93 доллардан) айланат. Ал эми келерки жылга АКШнын коргоо тармагынын бюджетинин долбоорунда Украинага 300 млн. доллар каралган. Бул акчага Кошмо Штаттардын жарым колониясы сымал шектүү "аброй" гана келип, улуттук коопсуздук көйгөйлөрүн көбөйткөнү эле болбосо, эки жүз миңдик армияны заманга бап куралдандыруу он эсе кымбат турат эмеспи.
НАТОнун чыгыш европалык мүчөлөрүнүн жаңы учак жана танктарынын жоктугу эле көп нерседен кабар берет. Ошентсе да орто мөөнөттүк келечекте Киевди америкалык курал менен жабдуу күч алчудай. АКШ жана Украина 1-сентябрда аскердик кызматташуу жана Россияга каршы аракет этүү жөнүндө "кайрадан сүйлөшүштү". Ошол эле күнү Пентагондун башчысы Ллойд Остин Вашингтондогу жолугушуусунда украиналык президент Владимир Зеленскийге танкка каршы Javelin ракеталык комплекстерин жана "башка көптөгөн нерселерди" убада кылган.
Кийинчерээк The American Conservative журналы Вашингтон Украинаны иш жүзүндө НАТОнун мүчөсү катары кабылдарын белгилеген. Мындай көрүнүш украиналыктарга жана Европага жакшылык алып келбеси белгилүү. Сентябрь айында украиналык делегациянын Вашингтонго болгон сапарында "Укроборонпром" америкалык компаниялар менен кызматташуу жөнүндө жалпы 2,5 млрд. долларга үч келишим түзгөн.
Россия АКШ жана НАТОдон Украинаны курал менен жабдуу, аскердик колдоону токтотууну талап кылып келет. Бул мамлекет Донбасстагы жарандык согуштун мизинде туруп, бир топ жылдан бери акылга сыйбаган тышкы саясаты менен Европаны туруксуздаштырып келет.

Артыкчылыгынан машакаты арбын

F-35 Lightning (Чагылган) истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
F-35 эмне үчүн начар беш истребителдин катарына кирип калды?

Өткөн жекшембиде америкалыктар Украинага таамай тийчү курал, ок-дары, радиолокациялык байкоо каражаттары, медициналык мүлк жеткиришти. Бул окуяга байланыштуу жарыяланган сүрөттөрдөгү зооттолгон HMMWV автомобилдерге үңүлсөк, Киев Афганистандан кайтарылган эски техниканы алган өңдүү. HMMWV жана чатырындагы пулемёт африкалык "козголоңчуларды" үркүтүүгө мүмкүндүк берет чыгар. Европада бул зооттолгон машиналар ок менен миналардан коргоно албайт. Курал тармагындагы адистердин көбү "Хамвини" окту оңой өткөргөн унаалардын катарына кошот. Украинанын Куралдуу күчтөрү HMMWV автомобилдерин мурун да алган, кыймылдаткычы машакаттуу келери, 4000-5000 чакырым айдалган соң анын фильтрлерин алмаштыруу жана тазалоону талап кылынары, техникалык тейлөө да запас тетиктерин жетишсиздигинен улам кыйын экени айтылган.

Украина президентинин басма сөз кызматы 2015-жылдын март айында 73 млн долларга Кошмо штаттардан кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам катары 10 HMMWV автомобили келгенин маалымдаган эле. Ошол убакта бул машиналарды украиналык өндүрүштөгү танкка каршы ракеталык комплекстер менен толуктоо пландалган. Бирок ошол он HMMWV Украинанын талааларына "сиңип" жок болгон. Алардын "эрдиги" деле ың-жыңсыз.
Мурда "Укроборонпром" "Раптор", "Козак", "Махно", "Кугуар", "Спартан", "Шрек", "Фиона" жана башка аскердик багыттагы өздөрүнүн зооттолгон автомобилдерин чыгарууну сунуштаган. Бирок "сырттан келген тартуулар" ийгилиги кепилденбеген узак мөөнөттүк инвестициялардан кыйла артык көрүнгөн. Автомобилдерди, артиллериялык (контрбатареялык) радарларды Вашингтон Киевге акысыз берет, бирок аркасында чоң кызыкчылык жатары кимге жашыруун? Америкалык техника жана куралдар берилгендер өздөрүнө белгилүү бир милдеттенмелерди алып, аталган державанын кастык саясатынын чегинен чыкпай, Вашингтон көрсөткөн өлкөлөргө карата чагымчылдыктарды улам уюштуруп турууга мажбур.
АКШ курал менен жабдуу аркылуу чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалды курчутуп, украиналыктарды согушка түртүп, чоң жоготууларга атайын дуушар кылат. Анткен менен Донбасстагы жаңжал мындай жол менен чечилбейт, Украинанын Россиянын согуштук күчү менен жарышуусу – куру далалат.

Ири калибрдүү белектин "изги" кызыкчылыгы эмнеде?

Киевге тартууланган эң таамай куралдардын тизмесинде эки негизги позиция, атап айтканда Barrett M82 ири калибрдүү (12,7 мм) көзгө атар винтовкасы жана танкка каршы Javelin ракеталык комплекси (ок-дарысы менен) бар. Бир жарым метрлик, 15 килограммдык салмактагы Barrett M82 винтовкасы 1800 метрге чейинки аралыктан мээлейт. Ушундай эле калибрдеги россиялык "Корд-М" көзгө атар винтовкасына салыштырсак, анын салмагы 10 килограммдын тегерегинде жана бутасын 2000 чакырымга чейинки аралыктан жок кыла алат.
Украина армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
Негизи америкалык Barrett M82 украиналык аскерлердин колунда Донбасста 2015-жылы эле көзгө урунган. Өлкөнүн ошол убактагы ички иштер министри Арсен Аваков бул көзгө атар винтовкалар Улуттук гвардияга келгенин билдирген. Украина Куралдуу күчтөрүндө танкка каршы Javelin ракеталык комплекси 2017-жылдан тарта бар.
Жердеги бекем корголгон (бункерлерге бекитилген) объектилерди, зооттолгон оор техникаларды, 2500 метрге чейинки аралыктан салыштырмалуу жайыраак ылдамдыкта жана анчалык бийик учпаган аба буталарын талкалоого ылайыкталган. Аралаш мээлегичи төрт эсе чоңойтулчу оптика менен жабдылып, түнкүсүн жана даана көрүнбөгөн шарттарда да күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай куралын америкалыктар эч кимге бекер кармата бербейт. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө болжол менен 1000 чакты FGM-148 Javelin комплекси бар. Бир "Жавелиндин" наркы – 125 миң доллар, ага колдонулчу ракетанын баасы 40 миң долларга чамалайт. Анткен менен бул украиналык каатчылыкты жөнгө салууга эч кандай таасир эте албайт.
Украинанын коргоо министри: "АКШ өкмөтүнөн Украинанын Куралдуу күчтөрүнө кошумча жардамдын берилиши биздин өлкөлөр ортосундагы бузулгус стратегиялык өнөктөштүктү дагы бир ирет тастыктап турат", — деди. Чындыгында Киевдин америкалык курал менен камсыздалышы РФ жана чектешкен Чыгыш Европа мамлекеттеринин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат. Украиналык арсеналдардын саны менен бирге эле эгер коңшулары мурдатан белгиленген "кызыл чийинден" өтүүгө аракет жасашса Москванын алардын мизин кайтарууга ыкчам чара көрүү ыктымалдыгы да жогорулап барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Жаңылыктар түрмөгү
0