06:11 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Устукан тартуу. Архив

Кыргыздын эң чоң душманы эмне? Ашказандан башказанга карай жол

© Sputnik / Александр Кряжев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
136520

Колумнист Нуржигит Кадырбеков кесепеттүү ысырапкерчилик тууралуу ой толгогон.

"Тий десең тийбей, тийбе десең тийген эрин" сыяктуу, тонун тескери кийип, акыйкатка сыртын салган адам напсиси көбүнесе буйрукка, насаатка тескери иш жасайт. Кылар ишти кылдырбай, кылбас ишке кызыктырат. Ошону аңдаган соң адамдын шайтандан да чоң душмандары — бул жаман досу менен өз напсиси дегенге кантип ишенбейсиң.

Убайымдуу окуя

Адегенде атасы өтүп, артынан бир айга жетпей апасы кетиптир. Байкуш баласы элден кем калбай, алардын кара ашын өткөзөм деп жайчусун жайып, сойчусун союп, чаччусун чачып, ошонун айынан карызга белинен эмес, кекиртегинен батып калыптыр. "Эл караган бетибиз жер карабасын. Бодо мал союш керек. Ар бейшембилигин, кыркын, жылдыгын татыктуу өткөзөлү. Антпесек уят болобуз, намысыбыз тепселет" деп торгойдой тил безеп жатып аны ашыкча чыгым кылууга ынандыргандар карызды төлөөгө келгенде капылет көздөн кайым болчу таңкы жылдыздай караандарын ала качыптыр. Жардам бер деп кайрылган абалары менен таякелери "өзүң билесиң, бала-бакыра багыш керек, болсо бермекпиз, эптеп бирдеме кыларсың" деген таризде ийин куушуруп, куру колдорун эки жакка жая тил эмизип жылуу-жумшак узатып коюшкан көрүнөт.

Карыз доолагандар алка-жакадан эмес кекиртектен ала баштаганда, байкуш жигит бала-чакасын, үй-бүлөсүн Аллага аманатка тапшырып, жумуш издеп Москва тарапка жол тартыптыр. Ошол бойдон капсалаң сала караңгы түн болуп келген карыздын куйругун үзө албай көңүлүн чарыктай өйүп, жүрөгүн мыкчымадай мыжыгып кыйнаган санаанын түбүндө саргайып жашап жатат дешет. Жашап жатабы же жашоо үчүн өлбөстүн күнүн көрүп көптүн катарында тирүү сөлөкөт болуп жүрөбү, аны бир Жараткан билет... Аман-эсен келгей. Эгерде санаага уугуп бирдеме болуп кетсе, ошончо карыз үчүн Кудай алдында кантип жооп берет? Аны ошол абалга кириптер кылып кылтыйып карап турган биздин абалыбыз кантет?

Азаматтардын арышы жана эң чоң душман

Ушундай убайымдуу окуялар огеле көбөйүп бараткандан улам жер-жерлердеги жүрөгүндө ыйманы, элим деген кам-пикири бар эр-азаматтар өлкө боюнча бир катар аймактарда, анын ичинде өзүм туулуп чоңойгон 1-Май айылымда ыгы жок ыгым-чыгымдарды кыскартуу демилгесин көтөрүп, канча тагдырлардын талакаланышын, бешенелердин бейсаз болушун алдын алуу аракетин башташыптыр. Ушундай башталыш, жылжып агып, бирок дайрага кошулганча кумга сиңип жок болгон мөлтүр булактай максатына жетпей калбаса экен деген тилекте айылымдагы элдик жыйынга мен да катыштым.

Көпчүлүктүн көздөрүнөн "туура, колдойм" деген ой бадырайган жазуудай даана окулганы менен ысырапчылыкка жол жоктугун амал аркылуу көрсөтүп, ашыкча союш сойгонду, пайда-батасыз жалтырак-жултурактарды, эч качан кийилбес көргөзмө көйнөк-калпактарды таркатууну токтотууну мен баштап берейин деген чечкиндүүлүк анчейин сезилбейт. Арасында, балким, "мунуңар болбогон кеп, ата-бабаларыбыз кылып келген салттан баш тартпайм, өзүм тапкан малды кайда айдап, кайда камап, качан кимге союшту силерден сурамак белем" дегенчелик кепке кербездене кулак салгандар да жок эмес чыгар. Бирок мындай ойду ашкере айтууга эч ким батынган жок, ошого канымет. Атайын Ош облусунун казыятынан келген аалымдарды сый-урмат менен муюп угуп, айтканыңарда калет жок дегенчелик баштарын ийкеп отурду көпчүлүк. Аалымдар ысырапчылык сооп эместигин, тескерисинче күнөөгө себеп болорун, кара ашта майланышып жеп алган эт, казы, чучук, балким маркумдун чиедей жетимдери менен эми аларды багуу аманатын аркалар бейбак жесирдин акыркы ую, кою же жылкысыныкы болуусу мүмкүндүгүн айтышты. Жетим-жесирдин акысын жеш — бул кыйратуучу кыянаттыктын туу чокусу болорун, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн колу жукалардын куру намысын козутуп, жайганын жалап-жуктап, талап жеп кетүү андан кем эмес оор айып экенин, дегеле, ансыз да жакынын жоготуп кан жута кайгырып тургандарга көңүл айтканы келгендерди тойгузуу озуйпасын артып арманына арман кошуу адамдыктын ченемине сыйбас адепсиздик, ал тургай жапайычылык болорун түшүндүрүштү.

Бирок "тий десең тийбей, тийбе десең тийген эрин" сыяктуу, тонун тескери кийип, акыйкатка сыртын салган адам напсиси көбүнесе буйрукка, насаатка тескери иш жасайт. Кылар ишти кылдырбай, кылбас ишке кызыктырат. Ошону аңдаган соң адамдын шайтандан да чоң душмандары — бул жаман досу менен өз напсиси дегенге кантип ишенбейсиң.

Салтпы же жалаабы?

Ата-бабалардан келе жаткан салтты таштап кара ашка бодо мал сойгонду кантип токтотобуз? Малымды маркум жакынымдын урматына сойбогондо мүрзөмө ала кетмек белем? Малды ушундай жамандык-жакшылыкка соёлу деп багып жатабыз да... Демилгеге каршылардын шыпырта айткан шылтоосу ушундай...

Буларга биздин жооп мындай... Биринчиден, Жаратканга жакпас, жарыбагыр сапаттарыбызга, адаттарыбызга ата-бабаларды автор кылуу — бери эле дегенде жалган жалаа. Элибиз Борбордук Азиядагы эң байыркы эл. Биздин кылымга чейинки жазма булактарда аты аталып, сыймыктуу тарыхы бар. Кийинчерээк, кубаттуу держава куруп, айга карай алкынып, күнгө карай күүлөнгөн доорду башынан өткөрдү. Анан мамлекеттүүлүгүн жоготуп алып миң жылдай ар дөөлөттүн курамында баш ийип жашады. Элибиздин алдынан тагы кеткен менен, башынан багы тайбаптыр. Кылымдар сыноосунан кырчылдашып өтүп, кайра өз туусуна, гербине, гимнине, эгемен өлкөсүнө ээ болду. Ушунча узун жана улуу тарыхтын жаратманы болгон ата-бабаларыбызды билмек мындай турсун, кечээ эле ураган СССР учурундагы өз акыбалыбызды түзүктөп эстей албай калдык. Мындай өтө кыска эс тутум, тайыз билим менен миң жылдардын барактарында бадырая жазылган бабаларыбыздын атынан бирдеме айтууга акыбыз барбы? Табакташ, ырысташ, замандаш болгон өз аталарыбыздын өмүр баянын тыңгылыктуу айта албай жатып, ары жактагы бабаларыбызга тил тийгизишти бизге ким коюптур? Кантип эле курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган Манас атабыз жетим менен жесирдин акысын уялбай "ап" деп коюуга үндөсүн? Кантип эле Барсбек ажо жакыны өлгөн кедейдин акыркы коюн союп жегиле деп керээз айтсын? Кантип эле канча медресе, мектеп салган Алымбек датка, Шабдан баатыр тапкан каражатыңды илим-билимге эмес, кара ашты төгүп-чачып өткөрүүгө жумша деп кеңеш берсин? Курманбек баатыр менен Тайлак баатыр же көлдүк акелер ысырап кылып ыгым-чыгымды көбөйтүү өрнөгүн көрсөтүп кетти дейсиңби? Кантип эле Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Барпы аталарыбыз куру намыска кул болуп итке минип калууну, карыпты карызга батырып болсо да кара курсакты кампайтууну насаат кылсын?

Бабалар тууганды карыз алдырып, ошону төлөтүү үчүн жер кездирип дербиш кылган эмес, тескерисинче, чогулуп келип жетим менен жесирдин муктаждыгын чечип, ажатын ачкан нарктуу-намыстуу болушкан. Ошон үчүн алардан бизге "жетимге желек, жесирге жөлөк бол" деген накыл кеп жетип отурат. Бабалар акыркы коюн жакынынын өлүмүнө сактап отурбай, бейтааныш болсо да "кудайы конок" деп жол кезген мусапырга союп берген айкөл жана берешен болгон. Чоң атабыздын чолок, бубабыздын булгаары тонун талаша кийгенсип, болбогур адаттын баарын алардын мурас кылган "салтына" айлантып жаныбызды жебейли. Жакшы тарыхты жасап, жакшы өрнөктөрдү калтырып, жарыкка жол аччу акылман насааттарын айткан ата-бабаларга бардык балакеттин ана башында тургандай жалаа жаппайлы.

Кул кулдай болгой...

"Өз малымды сойсом-койсом өз эрким" деген көр түшүнүктөгүлөргө айтарыбыз, Жараткандын берип-алар жакшылыктарына, сыноолоруна ээ чыкпайлы. Мал да, жан да биздики эмес. Биздики болсо бир жерден экинчисине көчкөндө таштабаган байлыгыбызды, малыбызды акыретке алып же айдай кетмекпиз, жаныбызды сактап, өлбөс болмокпуз. Акыретке жетпей эле кечээ өлүгүн ит жебес бай болуп, бүгүн үйү жок селсаякка айлангандар канча. Азыр меники деген алтын-күмүшүң, жайнаган төрт түлүк малың түндөн аман чыгар-чыкпасын билесиңби? Бир сааттан кийин дале өзүңдө болобу же түгөл башканын колуна өтөбү, бу да белгисиз. "Меники, мен билем" деген текебердик адамга эч жарашпайт. Эмнеден жаралдык, кайра эмнеге айланабыз? Дүйнөгө кантип келдик, эми кантип кетебиз? Ушул эки суроого эле жооп тапсак, жылаңач төрөлүп, жылаңач көмүлчү дүйнөдө дегеле үлүшүбүз жоктугун түшүнөбүз. Кудайдын кулу болуп туруп өзүн кожоюн сезүү — аттиң, бир гана адам баласына мүнөздүү акылсыздык...

Берем десең...

Кыргызстандын желегин көтөргөн жоокер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Тирүүсүндө сыйлап жарытпаган эне-атаңдын өлүмүнө арнап элге мактанганы катар-катар сойгон малыңды, а көрөкчө, көрүнгөндүн көзүн жана колун күдөрлүү караган жакырларга, жетимдерге жедир. Ушундай берешен болсоң операцияга мынча миң доллар керек деп сенин бир аз эле мээримдүүлүгүңө, кайрымдуулугуңа үмүт артып, күн сайын интернетке, телеге жарнама берип жаткан байкуш оорулууга бер, ошол малыңды. Билим алууга, спорт менен машыгууга, тигил же бул спорт боюнча дүйнө биринчилигине катышууга, мектеп, медресе курууга каражат издегендер канча, ошолорго бер. Канча жолдорубуз жамгыр жааган сайын топурагы белден келчү баткакка, ой-чуңкурлары чалчыкка айланып турат. Бирден торпок сатып топтой коюп ошолорду оңдо. Бала бакча, мектеп, спорт зал жетишпейт, өкмөт салып бериш керек деп тилин кайрагандар кара аш менен той-топурга сойгон бодо малынын акчасын жыйнай койсо, жалпы коомго жарык чачкан ошол мекемелер бүтүп калмак заңгырап.

Болбосо, сапаттуу касапканаларды уюштуруп, этибизди туруктуу экспортко чыгарсак, өлкөбүздүн казынасына, экономикасына зор салым кошкон болот элек. Айтор, малды, байлыкты сарптоого кара аш менен шаан-шөкөттү күтүп отуруу кажет эмес. Алардан башка да пайдалуу максаттар, долбоорлор толтура. Ошондуктан ойду өзгөртөлү. Ой жүргөн жол менен бой да жүрөт экен. Ой чындыкты чакырат экен. Өлгүчө иштеп тапканыбызды өлүктү көмүүгө гана багыштасак, кантип өнүгөбүз? Кантип дүйнөнүн бакубат дөөлөттөрүнүн катарында туубузду бийик кармап жүрөбүз? Башкалар Марска спутник учуруп, ойду окуган роботторду чыгарып жаткан учурда ашказандын айгайын кылып, устукан талашып жүрө берсек, ата-бабалар башын сайып, өмүрүн арнап куруп берген мамлекетибиздин аманат жүгүн каерге чейин көтөрүп бара алабыз?

Оптимисттик нота

Биз өзгөрөбүз. Мен ишенем. Анүчүн баш бийикте, жүрөк ортодо, курсак эң төмөндө турганына карабай, курсакты биринчи орунга койгон аң-сезимден арылып акыл менен рухка азык топтоону баштообуз керек. "Китепкөй улут" долбоорун ишке ашырып эң көп окуган эл болуу менен бирге Адеп державасын куруп алсак, буюрса, биз ысырапчылыкта айыптап жалаа жапкан ата-бабаларыбыздын адам суктанарлык ири ийгиликтерин кайра кайталайбыз. Акыл өскөн жерде асыл амалдар көп болот. Пикирден — ниет, ниеттен — аракет, аракеттен — берекет... Ысырапчылыкты токтотуу аракетин аягына чыгаралы. Буюрса, бул жакшы кадам жаркын келечегибиздин, бакубат акыбалыбыздын кепилдиги...

Тема боюнча

Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси
Бишкектеги кафеде той өткөрүү канча турат? Дарек, телефон жана баалар
Белгилер:
той, зыйнат, мал, каада-салт, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ