00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Колу күйгөн баласын чаап жиберди... Кокуй энелер тууралуу врачтын баяны

Жазылуу
Доктур Эркингүл Койбакова кыргызстандык ооруканалардагы көшөгө артындагы окуялардан баяндоону улантууда. Бул ирет ал жоругу жолдо калчу энелерге кайрылды.

…Дем алыш. Суткалык нөөмөтүмдү жан үрөп өтөп жүрөм. Түшкө маал кабыл алуу бөлүмүнө бир келин тогуз жашар уулу менен келди. Эч кандай рентгенсиз эле баланын колу сынганы байкалып турат, билеги ийри-буйру болуп калыптыр.

Колу аябай шишип кетиптир, чыдатпай ооруп жатканы байкалып турат. Апасы эмне болгонун айта баштады. Көрсө, уулу короодо ойноп жүрүп, башы менен айлангысы келет. Аракети оңунан чыкпай, колун баса жыгылыптыр.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
Менин эсимди эмне оодурду дебейсиздерби? Кырсык жума күндүз болсо, алар ооруканага жекшембиде келип жатышпайбы!

Таң калганыма апасынын кыжыры келгени ачык көрүндү: "Эмнесин түшүнбөй жатасыңар? Мен ага оору басаңдатуучу дары бердим, баары жайында. Жума күнү кечинде келгибиз келген жок, иш күнү аяктайт да, ал эми ишемби баары бир дем алыш эмеспи. Силердин иштей турганыңарды кайдан билдим?.."

Келмем оозуман түштү. Кандай болсо да тактап коеюн деген ниетте: "Сиз бейтаптарды жаткырып таштап коюп, доктурлар дем алышта үйлөрүнө кетип калат деп ойлойсузбу?!" дедим.

Ал "ооба" дегенсип башын ийкеди. Келин эки баланын энеси экен…

Кечке жуук мени дагы бир жагымсыз баарлашуу күтүп турган экен: экинчи даражадагы күйүк алган наристени алып келишти. Ал табактагы ысык шорпону өзүнө тартып алыптыр. Бала чыдатпаган оорудан бүт бөлүмдү жаңырта ыйлап жатты.

Баарынан да кызыгы, анын күйгөн бутуна калың кылып ылай сыйпап коюшуптур. Көрсө, апасы чоң энелердин кеңешин уккан экен, анан дагы "биздин айылда баары эле ушинтет" деп коет…

Протест против загрязнения воды в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик проктолог геморройдун үч себебин атады. Маек
Кудай ой, биздин аялдарга инфекция, столбняк тууралуу эч ким айтпайбы? Ачык жараатты кантип ылай менен таңсын?! Баланы жуунтуп жатканыбызда үрөйүм учту, жараат аябагандай эле оор экен. Саны, буту, аласы бүт күйүптүр… Аны эч кечеңдетпестен ооруканага жаткырыш керек болчу.

Бала албетте, басылбай ыйлап жатат. Врачтар жараатын тазалап, ийне саюу үчүн аны сооротууга тырышууда. Анан энеси аралашты ортого. Баланы бир чаап: "Токтот ыйлаганыңды! Үнүңдү бас! Азыр сага доктур эжелер ийне саят, ооруйт анан" деп кыйкырып жиберди. Ошондо чыдай албай кеттим: "Баланы урганга кандай акыңыз бар? Ооруп да, коркуп да жатат азыр, буга сиз күнөөлүүсүз! Эмнеге уулуңузду доктурлар менен коркутасыз?!" дедим.

Келинди кууп чыккым келди, бирок балдарды ата-энеси болмоюнча карай албайсың, ооз ачып көрчү, ушундай ызы-чуу салышат десең!

Бактыга жараша, эки бала тең сакайып кетти, азыр алардын саламаттыгына эч коркунуч жок. Бирок мен бардык ата-энелерди жөнөкөй эле бир нерсени түшүнө билүүгө чакырат элем: балдарыңыз кабылган бардык окуялар үчүн сиз жооптуусуз.

Ооба, балдардын тынчы жок, тентек. Азыр балаңыз жай отуруп алып улуу эжесинин дептерин айрып аткан болсо, көз ачып-жумганча эритменин бөтөлкөсүн оозуна салат. Муну дал сиз гана алдын алууга тийишсиз!

Детский гинеколог Диля Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Андан тышкары, айылдык чоң энелерди, туугандарды, "аябай тажрыйбалуу коңшу келиндерди" көп эле уга бербеңиз. Ооба, алардын көптү көргөнү ырас, балким, "өз кеңештери менен далай муунду өстүргөнү" чын чыгар. Бирок дал ошолор анык зыян келтирүүгө, маселен, күйгөн колго топурак, тезек, дагы башка бир нерсе сүйкөөгө үндөп жатышпайбы. Эгер балаңызга бир нерсе болсо, дароо "тез жардамга" чалыңыз. Медиктер сиздерге келе алат деп кесе айта албайм (анткени, аймактарда машиналар таптакыр жетишсиз). Бирок доктур телефон аркылуу сизге эмне кылуу керектигин айтып берет (эң тажрыйбалуу коңшуңузга караганда алдаканча толук маалымат аласыз).

Анан да, өтүнүч, балдарды "каардуу доктурлар" менен эч качан коркутпаңыз. Ыйлап жаткан балага ийне сайгандан эч бирибиз ырахат албайбыз. Сиз андай аракет менен болгону наристеңизди коркутуп, биздин ишибизге тоскоолдук кыласыз.

Эркингүлдүн буга чейин супсулуу, жапжаш кыздар жуунуп-тазаланып албай ооруканага келген учурларын да тизмектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0