04:45 15 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Кыргызстандын желеги көтөргөн жоокерлер. Архив

Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
51010

Чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери белгиленип келе жаткан майрамдын тарых-таржымалы, турмуштан алган сабактар тууралуу колумнист Нуржигит Кадырбеков учкай кеп салды. Макаланын башы 31-августта жарыяланган.

Экинчи макала

Алмашкан бийлик

Оош-кыйыштуу экономикалык трансформация менен кошо Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу чоң саясий өзгөрүүлөр, жараяндар да жүргөн. "Легендарлуу парламент" аталган ошондогу Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй ачык-айкын иштеген. Депутаттардын тарыхый чечимдерди кабыл алуудагы талаш-тартыштары мамлекеттик телеканал аркылуу түз көрсөтүлүп турган. Төлөгөн Касымбеков, Мар Байжиев, Казат Акматов, Төлөмүш Океев, Камбаралы Бобулов сыяктуу илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын бүтүндөй бир плеядасы топтолгон мындай парламент андан бери курала элек.

Мурдагы партбосстор орундарын сактап калган Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстандан айырмаланып, Кыргызстанда бийлик алмашкан. 1990-жылдын 27-октябрында 46 жаштагы академик Аскар Акаев Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөнүн тунгуч президенти болуп шайланган. 1991-жылы 12-октябрында Акаев жападан жалгыз талапкер болуп, тарыхтагы биринчи жолку бүткүл элдик президенттик шайлоодон да өткөн.

Демократия аралчасы

Активдүү мыйзам чыгаруу бийлиги, жаңы заманга зор үмүт байлаган элдин деми, ишеними, демократияны экспорттогон тышкы күчтөрдүн таасири, ошондой эле өзүнүн саясаттагы жаңычылдыгы себеп болуп академик ажобуз адегенде өз милдеттерине мыкты жоопкерчилик менен мамиле кылчу. Аксап-өксүп болсо да бир топ саясий-экономикалык реформаларды жүзөгө ашырган. Калкка жакын болчу. Жарандык коом өнүгүп, сөз эркиндиги күчүндө эле. Айрым куудулдар мамлекеттик сыналгы аркылуу, ал тургай өзүнүн көзүнчө да тунгуч президентти пародиялаган номерлерди жаратып турган.

Мындай абалды Борбордук Азиядагы башка бир да өлкөдө элестетүү мүмкүн эмес болчу. Кошуна мамлекеттер акырындап кайрадан авторитаризм жолоюна түшө баштаган. Ал эми Тажикастанда кандуу жарандык согуш апогейине жетип бараткан. Бул факторлор Кыргызстанды Борбордук Азиядагы "демократиянын аралчасы" катары тааныткан.

1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Айрымдар бийликтин бардык бутактарынын чыныгы тең салмактуулугун камсыз кылган адилеттүү баш мыйзам ошол болгон деп эсептешет. Аскар Акаевич баш мыйзам кылымдар бою өзгөрбөгөндөй болуш керек деген маанидеги оюн айтканы менен, жаңы Конституциянын өмүрү огеле кыска болду. Бир жарым жыл өтпөй, 1994-жылдын 22-октябрында тарыхтагы биринчи референдум менен олуттуу өзгөрүүгө учурады. Бул тунгуч президенттин жеке бийлигин чыңдоого карай жасаган эң алгачкы кадамы эле…

Демократиядан диктатурага

Акаевдин либералдык саясаты, балким, узак мөөнөт үчүн туура жана керектүү болгондур. Бирок ошол учурдагы калктын экономикалык абалына терс таасирин тийгизбей койгон жок. Мурдагы жамааттык жана мамлекеттик чарба, мүлк сабаттуулук менен менчиктештирилип, бир абалдан экинчи абалга акырындап өтүп, көбөйүп, өнүкмөк турсун, талоонго учурагандай жок болгон. Бирок аларды сактап, иштеткен күндө деле СССРдин жалпы рыногунун ыдырашынан улам келген экономикалык каатчылыктан эч кайда качып кутулмак эмеспиз. Жаңы доорго, системага ыңгайлашуу жараяны сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолору турган кеп. Муну түшүнө бербеген көпчүлүк турмуштун кыйындашына "башкарууну билбеген" президентти жана ал башында туруп түптөп, бара-бара массанын аң-сезиминде баш аламандыктын синоними катары кабылданып бараткан демократияны күнөөлөдү.

Ал аралыкта алтын иштетүү үчүн инвесторлорду тартуудагы коррупция тууралуу чыр чыгып, коомчулукта резонанс жаратып жаткан. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун сырдуу өлүмү ошол алтын чырына байланышып эсте калды. Булардын баары Аскар Акаевдин рейтингинин тез ылдыйлашына себеп болду. 1995-жылдын 24-декабрындагы президенттик шайлоодо Апсамат Масалиев жана Медеткан Шеримкулов менен ат салышууда орой бурмалоолорго барып, жасалма түрдө добуштардын 70 пайыздан ашыгын алуусун шарттаган деген пикирлер бар.

Балакеттин баары ушундан башталды. Калктын көзүн боёого болоруна көзү жеткен президенттин тегерегиндегилери кайра-кайра саясий трюктарды кайталоого маш болуп чыга келди. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча 8 жыл ичинде 4 референдум өткөрүлдү. Ал конституциялык реформалардын бардыгы бир гана максатты — жеке адамдын — президенттин бийлигин чыңдоого багытталды. Натыйжада парламент кайсыл бир деңгээлде тизгинин тартып тура ала турган президент эч кимге ээ-жаа бербей турган хан болду да калды.

"Бийлик адамды бузат, чексиз бийлик чексиз бузат" дегендей бир мезгилдеги сабаттуу, академик, сылык-сыпаа ажобуз көз көрүнөө диктаторго айланды. Бул анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга ээн-эркин аралашуусуна шарт жаратты. Саясий лексикондо "үй-бүлөлүк башкаруу" деген термин пайда болду. Мындай көрүнүштүн аягы 2005-жылдын башындагы шайлоодо Акаевдин эки баласы Айдар жана Берметтин бир учурда улуттук парламентке шайланышына чейин алып келди.

Баягы "демократиялык аралча" деген мүнөздөмө Кыргызстанга карата кер какшык иретинде айтыла баштады. Анткени кол бала соттордун, текшерүүчү органдардын колу менен гезиттер жана сыналгылар жабылган фактылар катталды. Замира Сыдыкова сыяктуу журналисттер, Топчубек Тургуналиев, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар темир тор аркасына ыргытылды. Ал сыяктуулардын таламын талашам деп окко учуп, ачкачылыктан каза тапкандар болду. Эл аралык уюмдардын баасында мамлекетибиз "жарым-жартылай эркин" өлкөлөрдүн катарынан "эркин эместердин" катарына шыпырылып түштү.

Аты бар заты жок демократия

Ооба, формалдуу түрдө Кыргызстанда демократиялык институттар сакталды. Шайлоолор өткөрүлүп, чоң маселелер элдик добуш берүүлөр-референдумдар аркылуу чечилип жатты. Бийлик болсо мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анткен менен "кеп добуш бериште эмес, аларды кандай санашта" деген принцип менен өткөрүлгөндүктөн элдин шайлоо жана референдумдарга болгон ишеними жоголгон. "Эл" ар дайым "ашууда ат алмаштырбайт" деп президенттин талапкерлигин жана демилгелерин 70-90 пайыз менен "колдоп" таштачу. Ал эми Жогорку Кеңеш, ал кездеги белгилүү саясатчы Абыт Ибраимов айткандай "чөнтөк парламентке" айланса, өкмөт милдети бар, бирок укугу буталган, президент үчүн да, парламент үчүн да "муштамай кап" же орусча айтканда "мальчик для битья" болуп калган. Ири ката үчүн эл алдында жооп берерде президент өкмөт башчысын айыптап, садага чаап суудан кургак чыгып кетчү өнөкөт тапкан. Ал эми соттор баягы эле "телефон укугу" менен иштөөгө аргасыз эле. Бир гана президент укукка бай болгону менен жоопкерчилиги дээрлик жок болду. Бул факторлордун баары элдин бийликке, демократиялык институттарга карата болгон ишенимин сындырды.

Акаевдин 2000-жылы үчүнчү мөөнөткө шайлоого барышы, андан кийин 2003-жылы февралда референдум аркылуу бийлик мөөнөтүн узартып алышы президент тарабынан кетирилген эң чоң каталардан болду. Анткени мамлекет башчысы муну менен өзү сакталышына гарант болгон Конституцияны одоно бузду. Кыргыз атуулдарына мыйзамды сыйлабоонун өрнөгүн көрсөтүп берди. Кол бала мамлекеттик органдар жогортон келген буйрутмага ылайык баш мыйзамды каалагандай калчап, бир мамлекеттин Конституциясы эмес эле бир мекеменин регламентинин деңгээлине түшүрүп жиберди. Гезиттердин бирине чыккан Конституциялык соттун төрайымы Ч.Баекованын: "Конституция деле жомок экен, аягы баары бир жакшы бүтөт" деп баш мыйзамды окуп отурган шакаба сүрөтү (каррикатурасы) ошол кездеги жагдайды эң сонун сүрөттөгөн.

Үчүнчү мөөнөткө баруу менен тунгуч президент өзүнөн кийинки ажолорго да боло берет деген "прецедент" көрсөтүп берди. Эгер АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтон да "мен кетсем Америка кыйрап калат" деп "элдин суроосу боюнча" баш мыйзамды бузуп үчүнчү мөөнөткө барганда АКШнын азыркы тагдыры кандай болот эле деп ойлонбоду, аттиң. Эң өкүнүчтүүсү ушул болду.

Булардын бардыгы калк ичинде нааразылыктарды туудуруп, 2005-жылы 24-марттагы "Жоогазын ыңкылабына" алып келди. Акаевдин бийлиги, ошентип кулады.

Бийликке Курманбек Бакиев келди…

(Уландысы бар)

Тема боюнча

Тоталитаризмден парламентаризмге… Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Сооронбай Жээнбеков: эркиндик эч качан белекке берилбейт
Белгилер:
президент, парламентаризм, Курманбек Бакиев, Аскар Акаев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ