01:52 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
73430

Колумнист Шаакан Токтогул байлардын бараандуу аракети анчалык байкалбаса да алар менен караламан калктын ортосундагы ажырым арбын болуп баратканын айтып, бай деген статустун санжыра-санатына назар бурду.

Бай деген ким?

Кыргыз элинде тээ байыртан бай деген статуска ээ кишилер жашап, көсөмдөрдөн, чечендерден, акылман жолбашчылардан, баатыр колбашчылардан төмөнкү, калктын ортоңку, өндүрүүчү катмарынан жогорку катарда турган.

Жалпы журттун тагдырын чечүүдө анчалык маанилүү орунда турбаса да өз оокаты менен көпкө билинип, карамагындагы карапайымдарга каралашып, калың журтта кадырга ээ болгон.

Байыркы кыргыз коомунда байлардын негизги милдети да, максаты да көпкө жарыгын тийгизүү болгон.

Бай төртөө

Байлык да теңирдин мээри түшкөн, кудай көз салган кишиге жуккан шарапат эмеспи. Ал эми аны пайдаланууда ар ким аң-сезимине, акыл дараметине жараша аракет кылган…

Касиети артык чоң байлар, эл тагдырын чечкен эрендердин жыйындарына аралашып, болгон дүнүйөсүн эл үчүн жумшаса, сараң байлар катып алган, ал эми сасык байлар эл башына түшкөн кыйын кырдаалдан да пайда таап калуунун камында болгон.

Эл оозунда айтылып келген "бай төртөө" деген түшүнүктүн чечмелинишин баяндап кетели.

Чоң бай — тээ түп атасынан бери уланган уюткулуу байлыктын ээси. Ага байлыктын куту кетпес кенч, бүтпөс дөөлөт болуп орногон. Анын дүнүйөсү ууру алганга да, жетим-жесирге кайрымдуулук кылганга да, эл башына иш түшкөндө арачы болгонго да жетип, чети оюлбайт. Дүнүйөсүн эсептеп, артынан түшпөйт. Мал азабынан карамагындагыларды каарыбайт. Тек гана өз тагдырына ыраазы болот.

Санжырадан чоң бай, уюткулуу бай деп Түгөл байды белгилесек болот. Анын жылкылары Талас өрөөнүнөн Олуя-Атага чейин созулса, уйлары Соң-Көлдүн жээгин бербей, майда жандыктары да, алтын-күмүшү да арбын болуптур. Өз уруусун баккандан артык, четинен ууру алса муктаждардын алганына кубанчу экен. Жумгалдык Чекир саяктардан чыккан Түгөл атанын мазары Жумгал өрөөнүндө орун алып, эл арасында "дүнүйө сурасаң Түгөл атага бар" деген айтым бар.

Мырза бай — ак сөөк, сөөлөттүү бай. Таза кийинет, тамактын асылын тандап жейт. Уул-кызын ак жүздүү асылзаада кылып тарбиялайт. Сепкили жок ак жүздүү тукум менен тандап туруп кудалашат. Баскан-турганы сөөлөттүү, айткан сөзү орундуу. Жакшыга жанашат, жамандан ыраак болот. Жылкысынан тулпар күлүктөр иргелип чыгат. Тукумунан сулуу кыздар суурулуп чыгат.

Санжырадан көл аймагындагы бугулардан чыккан Мойт акенин тукуму Сасыкени айтса болот. Анын мырзалыгынан улам бапестеп баккан кызы айтылуу Бурулчанын атагы алыска тарап отурат.

Сараң бай — дүнүйөсүнө артыкча кароо, малынын туягын санап, алтын-зердин артынан түшкөн бай. Аялына, бала-чакасына эсептеп бөлөт, ашык тыйынын кетирбейт. Сараң байларды жеке бай деп да аташат. Эл башына күн түшсө, өзүнүн, бүлөсүнүн кара жанынан мурун көр оокатын сактап калсам дейт. Ызы-чуудан ыраак качат. Эл ишин чечкен топ жыйынга арлашпайт. Деги кара башынын камы менен дүнүйөсүн сактап, андан ары арбытуунун камында болот. Сараңдыгынан ашык кетип калбасын деп катынына отун жактырат, уул-кызына мал бактырат.

Сасык бай — байлыгынын ырахатын көрбөй, тирүүлүктүн ырахатын сезбей жашайт. Сасык байды макоо бай деп да аташат. Анткени, ал конок келсе ичкен ашын катат, эл-журттан безип качат. "Жаман эрге мал бүтсө жанына коңшу жайлатпайт" дегендей, тууган-урук менен, кошуна-колоң менен, дегеле эл-журт менен катыш кылганды билбейт, ашыкча түйшүктү сүйбөйт. Жарытып кийинбейт, малын союп жебейт, оорулуусун же кокустан өлгөнүн жейт.

Орто кылымдарда жашап өткөн бир байдын жоруктарын санжыралардан угуп калганыбыз бар эле. Үйүр-үйүр жылкысы, короо-короо кою болсо да үстүндө жалгыз көйнөгү болуп, түнкүсүнө да, күндүзгү түйшүгүнө да ошону кийчү экен. Эгер кирдеп кетип, аялы жууйун деп чечип алса, көйнөгү кургагыча жылаңач этине куур тонун жамынып отурчу экен.

Азыркы байлар

Азыркы байлардан арбын санат кеп сала турганы деле жок өндөнөт. Көпчүлүгү эле жарыгы жалгыз башынан ашпаган сараң, өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүл, элге каран күн түшсө өз пайдасын көздөгөн сасык сыяктуу.

Баары эле жараткандын жалпыга жакшылык кылсын деп сүйүп берген ырыскысын жалгыз ээлеп, саясатка, бийликке жутунуп, ал жактан да эл үчүн иштебей өз чөнтөгүн кампайткандын камылгасын кылат.

Албетте эл арасында баары дегенден алыспыз, билинбей көп жакшылыктарга аралжы болуп, муктаждарга кайрымдуулук кылган март, берешендери да аздыр-көптүр көрүнүп калат. Эмнеси болсо да ар кимге буюрган акыл-дарамет, ырыскысы кишинин атын улуктаганга эл алдында кызмат кылса экен дейбиз…

Тема боюнча

Карындагы бала жан багарбы же эл багарбы? Талгактын таржымалы
Үйлөнүү үчүн сөзсүз куда түшүп, кызга сөйкө салуу керекпи? Каадалардын мааниси
Белгилер:
колумнистика, байлык, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ