19:59 14 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.2500
  • EUR78.8515
  • RUB1.0374
Аялдамада турган шаар тургундары. Архив

Аялдамадан күткөн сулууну аяш атамдыкынан жолуктурдум...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Исмаил Мамытов
9358348

Эсиңиздерде болсо сентябрь айында аялдамадан бир кызга ашык болуп, таанышканга үлгүрбөй калганымды жазган элем. Эми минтип ошол окуя уланып отурат.

Түнү менен кар жаагандыктан айлананын баары аппак. Бишкек ак тонун кийип, мемиреп уйкуда. Бирин-серин гана кыбыраган унаа болбосо, дээрлик бардык темир тулпарлар "байлануу". Жылдыздар акырындап жоголуп, караңгылык изин калтырбай житип барат. Ак таң болсо көп кабаттуу үйлөрдү аралап, алгачкы нурларын терезеден киргизүүгө үлгүрүп калган. Көрсө, таңга дейре жааган кар мен үчүн деп бул ирет сүйүүсүн да ала келген экен. Аны кийин сезип отурам…

Бөлмөдөгү тынчтыкты телефондогу сааттын добушу бузду. Түн оокумга чейин айылдан келген атам менен сүйлөшүп отуруп, кеч жаткан элем, көзүм ачылбайт. Оң колум менен жаздык тарапты сыйпалап жатып телефонду таптым да, жаагын бастым. Уйку менен алышып жатып араң дегенде башты жаздыктан көтөрдүм го. Уйку-соонун арасында чала-бучук жуундум да кийинип алып жумушка жөнөдүм. Кар жакшы эле жааган экен, маршруткалар араң гана жүрүп жатат. Бирөөсүнө түштүм да, кыбырап жөнөй кеттим.

Үчүнчү аялдамага келгенде баягы окуяны эстедим. Анда күз мезгили эле. Ал күндү өмүр боюн унутпайм го. Беш ай мурун эле…

…Үйдөн чыгып, маршруткага отурдум. Ой, отурдум дейм да. Кайдан, араң баттым. Тыгылып, кыпчылып, тепселенип, уйкусурап эле келе жаткам, үчүнчү аялдамага келгенде эки кыз маршруткага түштү. Алгач алардын жүзүн көргөнгө үлгүрбөдүм. Жашыраагы жаныма келип, жалт эте караганда жүрөк чиркин болк этти го. Чагылгандай тез, кылычтай курч, найзадай учтуу жебе жүрөккө келип тийди. Ушунчалык назик, болуп көрбөгөндөй жанга жагымдуу, тунук, апакай бийкеч экен. Магдырап, мемиреп гана туруп бердим. Бут коерго орун жок болуп жаткан маршрутканын ичи кеңейип, уйкум умачтай ачылды. Ал эле эмес, жети кабат асмандын эшиктери ачылды. Бейиштин эшиктери ачылды! Аалам демин ичке тартып, ашыктыктын атыр абасы аңкып жатты. Капталыма канат бүтүп, эми гана учуп баштаганда бакырып жибердим. Карасам 90 килограмм болгон байке бутумду басып алыптыр. Далдалактап кечирим сураган бойдон маршруткадан түшүп кетти. Мен болсо мас кишидей болуп, өзүмө келе албай турам. Эсимди жыйгыча баягы сулуу да маршруткадан түшүп кетсе болобу. "Байке, токто! Токто дейм!" деген бойдон маршруткадан түшө албай кала бердим. Өчөшкөнсүп айдоочу да газды баскан бойдон айдап жөнөдү…

Ушундай болгон…

Биздин күндөр

Эх, ошол сулуу бүгүн да маршруткага түшүп калса гана. Бир жолу көрсөм эле жетишмек. Бир гана ирет. Нур чачкан көздөрүн көрүп калгандабы… Анда мени эч ким токтото алмак эмес. Маршрутка тургай, учак болсо да секирип кетмекмин! Чуркап барып артынан жетмекмин да…Токточу! А балким, мени жактырбай койсочу? Таанышмак турсун, түртүп салып басып кетсечи? Анда ашыктык оту жылытпай эле өрттөө үчүн тутанды беле? Жоок, мен анын жүрөгүн багынтуу үчүн Эвересттен болсо да эдельвейс гүлүн терип келмекин…

Жүрөккө чок салган чүрөктү экинчи ирет көрсөтпөй койгон тагдырга таарынам. Беш ай өтсө да баягы кызды жолуктурбады, аялдамада канча күн күтсөм да кезиктирбеди…

— Филармония, түшө тургандар барбы? — айдоочу кыйкырып калды.

— Апей, мен деген "Ала-Тоо" аянтынан түшмөк эмес белем. Туй десе. Байке токтоп туруңуз…

Ошентип жумушка кечигип келдим. Таң атпай романтикага берилип алган экенмин, жумушка аралашуу бир аз оор болду. Түш ооп калганда атам чалып, досу конокко чакыргандыгын айтты да жеткирип коюшумду суранды. Жумуш күнү бүткөн соң атамды үйдөн алып, экөөбүз аяш атамдыкына жөнөдүк. Тыгындан улам бир саат дегенде жеттик го. Аяш атам менен аяш апам жакшы тосуп алышты. Мыкты даярданган экен, дасторкон жайнайт. Бирок чоңдор менен кантип отурмак элем, ооз тийип эле шылтоо айтып кетүүгө шаштым. Босогонун алдына келип, курткамды кийип жатканда эшик ачылып эле бир кыз кирип келди. Турган жеримде каттым да, калдым! Баягы көздөр. Ооба, дал өзү. Андай нур чачкан жылдыздуу көздөр бир гана кызда бар. Жазбай тааныдым. Ошол жаркыраган жүз, ошол жылуулук, ошол назик сезим. Жүрөк баягыдай болк этти…

— Кечиктиң го, кызым, — деди аяш атам.

— Тыгында жарым саат туруп калбадыкпы. Кар жаап жолдор тайгалак экен…

— Коноктор келди, апаңа жардам бер.

— Макул, — деди да кирип кетти.

Тагдырдын тамашасын кара, аялдамадан күткөн кызды аяш атамдын үйүнөн жолуктурдум. Курткамдын жарымын кийип алгам. Арсар болуп турам. Аяш атам "калып эле калбайсыңбы?" десе дароо макул дей турганмын. Ал да өчөшкөнсүп ооз ачпайт. Ичимден өрттөнүп бара жатам. Оңго бурулуп үй жакты карайм, солго бурулуп жарымы ачылып калган эшикти карайм. Калып калганга эч мүмкүнчүлүк жок эле, башты салып чыгып кеттим.

Азыр эми атамдын келээр убактысы болуп калды. Досу таксиге салып жибериптир. "Мына-мына кирип келет" деп отурам. Келсе эле кепке тартып, акырын аяш атамдын кызынын атын сурап алам. Атасынын атын болсо билем. Ошентип социалдык тармактан бат эле табам. Кызык, Instagram социалдык тармагында бар болду бекен?

— Исмаил, эмне укпай жатасың, мен келдим…

Тема боюнча

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуу кыз, мен сени ошол аялдамадан күтөм
Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын
Белгилер:
аялдама, сүйүү
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ