05:41 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Мүрзө. Архивдик сүрөт

Мазар таюу деген эмне? Түрлөрү жана жол-жобосу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Шаакан Токтогул
60530

Ыйык жер делген мазар тууралуу эмне билебиз? Анын кыргыз элинин жашоо-турмушунда, нарк-насилинде кандай маанисин бар? Бул суроолорго колумнист Шаакан Токтогул жооп тизмектеп көрдү

"Мазар" сөзү түбүндө араб тилинен келип, "көрүстөн", "мүрзө" түшүнүгүн берет. Бирок, убакыттын өтүшү менен касиети артык, ыйык жерлерди да ушул аталышта айтышып, жалпы ыйык жерлер, мазар делинип, кыргыздын төл сөзүнө айланган.

Демек мазар – кудайдын куту жааган, теңирдин мээри түшкөн, ааламдык улуу күчтөр байырлаган ээлүү жер, касиеттүү жер.

Түрлөрү

Мазар жерлер табигый, киши колунан жаратылган жана экөө тең бар болгон жерлер болуп үчкө бөлүнөт.

Табигый мазарлар жер эне менен киндиктеш жаралып, ааламдык улуу күчтөр байыр алган, кут уюп, касиет тунган, булак түрүндө, же дарак, же тоо-таш түрүндө болушу мүмкүн.

Киши колунан жаралган мазарлар атактуу баатырдын же олуянын, элге журтка алымдуу кишинин күмбөзү. Кыргызда алсыз арбак бир колдоп, бир урганга жарайт дейт. Ал эми жогорудагыдай кишилердин арбактары бир эмес, көп жолу, көп жолу да эмес дайыма эл-журтун колдойт деп ишенишкен.

Экөө тең аралаш мазар деп Ысык-Көлдөгү Манжылы Атаны, Таластагы Манас Ордону, Жумгалдагы Түгөл Атаны айтсак болот. Мында табигый пайда болгон булак же тоо-таш менен чогуу кудайдын мээри түшкөн улуу кишилердин күмбөздөрү бар.

Эмне сурасаң…

Эл оозунда илгертен айтылып келген "Баш сурасаң Манжылы Атага, мал сурасаң Чолпон Атага, бийлик сурасаң Кочкор Атага, ден соолук сурасаң Ысык Атага бар" деген айтым бар. Андан сырткары дүнүйө сурагандар сан жылкылуу Сарыбайдын, төрт түлүгүнүн так эсеби билинбеген, карышкыр менен ууру алгандан калганы Суусамыр менен Соң-Көлгө батпаган Түгөл атанын жайларын да зыярат кылышат.

Ал эми түштүктө баш сурасаң Баба Атага, дүнүйө сурасаң Ойсул Атага бар дешет. Демек, мазар тайынуунун мүдөөсү да маанилүү экен.

Мазарга тайынуунун мааниси

Жогоруда айткандай мазар жерлер өзгөчө кудайга жакын, өзгөчө касиеттер тунган, таза жерлер болгондуктан, ал жерден тиленген тилектер кудайга батыраак жетет деген ишеним бар. Диний аалымдар мазар тайынууга айрыкча тыюу салышып, тоого-ташка сыйынуу деп кыргызчылыктын эң байыркы үлгүсүн жокко чыгарып келишет. Бирок, айтып коюучу нерсе мазарга барган киши байыркы кыргызчылыкта биринчи жараткан улуу күч Теңирге, анан мазарды байыр алган ээлерине тайынып, сый-урматын кылып, тилегин тиленет.

Кантип тайынат…

Мазар тайыш үчүн эң биринчи ошол мазарга барууга ниет болуп, каалоо ойгонушу керек. Андан соң киши өзү таза жуунуп, таза кийинип, аталган дүйүм-даамын камдап барат. Байыркылар мазарга жакындагандан баштап жүгүнүп, жаратканга мазар ээлерине сый-урматын билдиришкен. Мазарга жеткенден соң, дүйүм-даамын жайып, жыт чыгарып, жыты-кутун жаратканга мазар ээлерине, кайып күчтөргө, ата-бабалардын арбагына атап, тамак желет. Тамактан кийин бата тиленет. Кайра колдонгон буюмдарды тазалап, отурган орунду тазалап коюу милдет. Мазардан чыгып баратканда артын салбай, жүгүнүп чыгат.

Мазарга мамиле

Кыргызчылыктын бир бутагы болгон мазар тайынуу түпкүлүктөн келаткан, биз чанып, танып кете албаган көрүнүш. Мазары жакын туруп тайынбай, таназар албагандар деле бар, бирок, мазар тайынып бала көрүп, мазар тайынып байлык-бийликке жетип, мазар тайынып максатын орундаткан кыргыздар арабызда дагы деле көп. Неси болсо да канда бар маалымат унутулуп же жок болуп кетпеси чындык.

Тема боюнча

Өлгөнгө шарт, көмгөнгө жер жок! Көбөйүп бараткан көрүстөндөр көйгөйү
Белгилер:
колумнист, мазар, Шаакан Токтогул
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ