Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ээрчише эл аралаган канайымдар көз сүйүнттү

© пресс-служба мэрии города БишкекКыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдарынын "Кырчындагы" "Бишкек ордо" этно-шаарчасында
Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдарынын Кырчындагы Бишкек ордо этно-шаарчасында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, туугандар! Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде Көчмөндөр оюндары уланууда.

Канайымдар. Кечээ ДКОдо өткөн маанилүү окуялардын бири — Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдарынын "Кырчындагы" "Бишкек ордо" этно-шаарчасына баш багып, "Баланы бешикке салуу" салтына күбө болушканы болду. Президенттердин жубайлары ээрчише басып, көргөндөрдүн көзүн сүйүнттү.

Түрк кеңеши. Ал ортодо көл жээгинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити башталып, президент Сооронбай Жээнбеков бир катар орчундуу маселелерди көтөрдү.

Тыгын. Бул жолу дагы Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгыны жаралды. Sputnik агенттигинин кабарчысы тарткан сүрөткө карап, жүздөгөн унаалар жолдо кармалып турганын көрүүгө болот.

"Коопсуз шаар" долбоору. Ал эми борбор калаада аталган долбоор боюнча аукцион 4-сентябрда саат 15:00дө өтө турганы белгилүү болду. Буга чейин 23-августта өткөн аукциондун жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар системасы бузулуп калып, жеңүүчү аныкталган эмес.

Жеңил-желпиден. Акырында бир чети таң калтырып, экинчи жагынан жийиркенткен көрүнүшкө токтоло кетели. Россиялык Nail Sunny студиясынын тырмак жасаган адистери маникюрдун жаңы ыкмасын ойлоп табышкан. Кыскасы, мында адис жасалма узун тырмактарга курт-кумурскаларды салып, тешигин бекитип коюшат экен. Бир көрүп коюңуз, балким сизде дагы "сулуулануу" боюнча жаңы идеялар жаралып калар…

Аба ырайы. Бүгүн эч нерседен кам санабаңыз, республика боюнча күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.80 (сатып алуу) жана 68.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күнүбүз жакшы маанайда өтүп, жагымдуу ирмемдер менен коштолсун!

Аманчылык каалап, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0