Түрк кеңешинин жыйыны: Сооронбай Жээнбеков белгилеген орчундуу маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСовет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате
Совет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө чакырды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине (ТТМК) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңири курамдагы жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жээнбеков түрк кеңеши бир тууган элдин тарыхынын, маданиятынын жана тилинин жалпылыгына негизделгенин белгиледи. Андан сырткары, бүгүнкү жыйын уникалдуу форматта өтүп жатканын айтып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышып жатканын белгиледи. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСовет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате
Совет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Совет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате

Саммит "Улуттук спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтык" аттуу темада өтүп жатат.

Жээнбеков жаштарга татыктуу жашоого шарт түзүп берүү ар бир мамлекеттин ыйык парзы жана милдети экенин айтып, бул багыттагы иш-аракеттерди жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн түзмө-түз көз каранды экенин белгиледи. Ошол себептен Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин инвестициялык кызматташтыгын жана жеке секторлордун ортосундагы байланышты мындан ары дагы кеңейтүүгө чакырды.

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көп күттүргөн Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан ажайып 20 сүрөт
Мамлекет башчысы Кыргызстан экономиканы диверсификациялоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл буруу зарыл деп эсептей турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы толук байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин маалымдады. Ушуга байланыштуу "Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоору абдан маанилүү экенин билдирди.

Ошондой эле киберкоопсуздук, электрондук өкмөт жана спутник байланыштары боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандыруу зарылдыгы белгиленди.

"Уюмдун мурунку саммитинде демилгеленген маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу процессин алга жылдырууга бардык тараптарды чакырам. Бул багытта Кыргызстан "Таза Коом" санариптик трансформация улуттук программасын ишке ашырууда", — деп белгиледи президент.

Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан түрк кеңешинин өлкөлөрү үчүн чоӊ ролго ээ болчу TASIM долбоорунун экинчи этабына кошулууга кызыкдар экенин билдирди. Ал чыгыш менен батыштагы ири маалымат алмашуу борборлорун бириктире турганы Кыргызстан үчүн да маанилүү деди.

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Ала-Тоого, Манастын жерине, меймандос кыргыз элине кош келиңиздер!
Мындан тышкары, мамлекет башчысы түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук спорт, этникалык маданият чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү үчүн мындан ары да жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды. Бул өӊүттө ал Кыргызстандын демилгеси боюнча башталган уникалдуу жана бириктирүүчү долбоор — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттердин ойчулдары өз чыгармаларында көптөгөн баалуу пикирлерин жана насааттарын калтырышканын белгилеп, азыркы муун ал баалуу руханий мурастарды сактап, кийинки муундарга бериши керектигин айтты.

"Ошондуктан биз түрк адабияты боюнча китеп чыгарууну сунуш кылабыз жана аны даярдоо боюнча биргелешкен ишке активдүү катышууга даярбыз. ТҮРКСОЙГО, Түрк Академиясына жана Түрк маданияты жана мурасы Фондуна бул ишти баштоону тапшырууну сунуш кылам", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан түрк институттарынын санын кыскартып, алардын сапатын жогорулатууну сунуш кыларын белгиледи.

"Кыргызстан көчмөндөр цивилизациясы борборун түзүү демилгесинен баш тартты жана аны бүгүнкү күн тартибинен алып салды", — деди ал.

Өлкө башчысы андан сырткары, биргелешкен институттардын өз ара аракеттенишүүсүн жакшыртып, алардын кайталанма функцияларын кыскартууну жана бул багытта инвентаризация жүргүзүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0