Маникюр тирүү курт-кумурскалар менен жасалганда... Видео

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүXII открытый чемпионат Москвы по парикмахерскому искусству, декоративной косметике, моделированию и дизайну ногтей
XII открытый чемпионат Москвы по парикмахерскому искусству, декоративной косметике, моделированию и дизайну ногтей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дизайн интернет колдонуучулардын үрөйүн учурду.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиялык Nail Sunny студиясынын тырмак жасаган адистери маникюрдун жаңы ыкмасын ойлоп табышканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Сулуулук салонунун кызматкерлери жасалма узун тырмактарга курт-кумурскаларды салып, тешигин бекитип коюшкан.

Анын видеосу интернет айдыңына тараганда колдонуучулардын үрөйү учуп, дизайнерлерди курт-кумурскаларга карата ырайымсыз мамиле жасалып жатат деп айыпташкан.

Бирок салондо иштегендер кийин өздөрүн акташ үчүн курт-кумурскаларды тырмактын ичинен сыртка чыгарып жатышканын видеого тартып, интернетке жүктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0