Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шайлоо менен бешбармакты алмаштырып алган жокпу?

© Sputnik / Табылды КадырбековПриготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке
Приготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жаздын илеби жүрөккө жылуулук тартууласын!

Бүгүн эмнегедир ала качуу темасына токтолгум келди. Бул тенденция ырас азыр азайып калды окшойт. Болбосо бир жылдары кыздарды койдой кылып бакыртып-өкүртүп салып барып үйлөнүп алгандар көбөйдү эле. "Быйыл окууну бүтөм" деген 11-класстын кыздары жаз келгенде эле сарсанаа болуп баштачу. Эжелеримди көрүп калдым да. Акыркы экзамендерин тапшыртып-тапшыртпай ата-эне кыздарын шаарга жөнөткөндөрү эсимде. Кээ бир балдар ал кызды тааныбай деле, өмүрү экөө сүйлөшпөй туруп үйлөнүп алгандарычы… Бир чети таң калсаң, бир жагынан күлкүң келет. Аны да "салт" деп айылдагы апалар зордоп отургузуп койчу эмес беле. Бири бир көрүп сүйүп отуруп калса, кээ бири "босогону кайра аттабайын" деп каргыштан коркуп калып калгандар деле көп болгон да. Жакшы жашап кеткендер деле көп, бирок арасында азыркыга чейин арман кылып "ошондо отурбай койсом азыр жашоом таптакыр башкача болмок" деп өкүнгөндөр толтура. Дагы жакшы, биз ал "салт" кичине басаңдап калганда окууну бүттүк.

Кой, анда айылды эстеп, ар нерсени жаза бербей дем алыш күндөрдөгү маанилүү окуяларга токтололу.

Шайлоо. Кечээ Россияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин шайлоочулардын 72,08 пайыз добушу менен алдыга чыкты. Ал өз кезегинде добуш берген адамдарга ыраазычылыгын билдирип, жакшы сөздөрүн да айтып кетти

Россиядагы президенттик шайлоонун шаңы Бишкекте да байкалды. Өзүбүзгө ажо тандап жаткандай кечээ калаадагы Россиянын элчилигинин алдында адам толтура. Чын эле шайлоого барыштыбы же "бешбармак таратып жатат" деп ойлоп алыштыбы, айтор, элчиликтин алдында кезекке тургандардын аягы көрүнбөйт.

Белгилүү ди-джей Алина Баженованын да маегин окуп койгула. Журналистика тармагына жаңыдан келип, чоң сюжеттерди жасап баштаганда ушул айымдын аянычтуу тагдыры тууралуу да материал жасагам. Аттиң, тагдыр, турмуш… 

Баса, сиз көк бөрүдө тартылган улактын этин жеп көрдүңүз беле? "Ошондой да болобу?" деп таң калып жатсаңыз, дароо Эламан Кармышаков даярдаган материалга үңүлүңүз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.42 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Дүйнөбүз түгөл болсун!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0