Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кызылды кийсе жарашып...

Жазылуу
Эшикке жаан жааса да, кабакка кар жаабасын.

Жакшы жатып, жай турдуңуздар деген тилек менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

Кечээки күн жакшы күндөрдөн болду десек жаңылышпайбыз. Анткени биздин кеңсеге памирлик кыргыздар баш багып, маек курушту. Ал эми биз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Ширинбү деген келинди башка өңүттө көрсөтүүгө аракет кылдык. Жыйынтык кандай болгонун өзүңүз көрүңүз.

Албетте, памирлик келиндин макияжга чейин жана андан кийинки сүрөтү интернетке тарап, заматта социалдык тармактын колдонуучулары талкуулап жатып калышты. Ал эми мындан башка интернетте дүң болгон постторду көргүңүз келсе Эламан Карымшаков сиз үчүн баарын чогултуп койду.

Интернет демекчи азыр социалдык тармакка баш баксаң баарыбыздын "Ала-Тоо" аянтындагы селфилерибиз жайнайт. Чындыгында калаабыз быйыл өзгөчө жасалып, бир топ чыгым кетти. Ал эми акча кайда кеткенин мэр Албек Ибраимов айтып берди.

Кыргызстандагы эң бийик балаты кайсы шаарга орнотулганын билгиңиз келсе бул жактан күтөлү.

Баса, мэриядагылар, сак болгула! Антпесе Астанадагыдай болуп башкы балаты күйүп кетиши мүмкүн.

Ошентип буюрса жаңы жылды да тосууга даяр болуп калдык окшойт. Ага чейин болсо өткөн жылдагы маанилүү окуяларды баяндаган сүрөт түрмөгүнө көз чаптырып коюңуздар.

Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.32 (сатып алуу) жана 69.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жаңы жыл жакшы жылдардан болсун.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0