Кыргызстандагы эң бийик балаты кайсы шаарга орнотулган. Рейтинг

Жазылуу
Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Ага даярдык көрүп убайым тарткандардын саны бир топ.

Кыргызстандын бардык шаарлары жаңы жылды тосууга даярданып, борбордук аянтка балатылар коюлду.

Жергиликтүү бийликтер шаарды алынын жетишинче капчыгына жараша жасалгалашты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандын кайсы шаарына эң бийик балаты коюлганына кызыгып көрдү. Жети облустун борборуна коюлган балатылардын бийиктиги боюнча Ош шаары алдыда болсо, тизмени Талас жыйынтыктайт.

Жаңы жылдын символу болгон балатылар канчага сатып алынды:

Бишкек — былтыркы балаты тигилди;

Ош — 450 миң сом;

Жалал-Абад — 170 миң сом;

Баткен — 123 миң сом;

Каракол — 1 миллион 88 миң сом;

Нарын — балаты белекке берилгендиктен анын баасы такталган эмес;

Талас — 16 миң сом (табигий карагай).

Жаңылыктар түрмөгү
0