Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аз жерден самолет сатып ала жаздаганда...

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, мекендеш. Бүгүн күнгө шейшемби.

Күн сурданып, ырайын өзгөртө баштагандай. Синоптиктер бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөрүн айтышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в районе парка "Асанбай" в Бишкеке
Пожар в районе парка Асанбай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пожар в районе парка "Асанбай" в Бишкеке

Сейфтеги акчабызга чейин күйүп кетти! Күндүн маанайы табигаттын көрүнүшү деңизчи. Адамдын маанайы түшүп, томсоргондон алыс кылсын. Ак эмгек, маңдай тер менен тапкан эмгегиң күйүп кетсе, үңкүйбөй турган көрүнүшпү. "Асанбайда" чыккан өрттөн 8 объектинин, 3100 чарчы метр аянттын күлү гана калганын, анын ээлеринин бир даары акчасы кошо өрттөнүп кеткенин айтып беришти.

Өрт тууралуу кабарга кейип-кепчип бүтө электе дал ошол Асанбай тараптагы урап түшкөн курулуш тууралуу кабар эрксизден "кудай, сакта-аа…" дедирди. Кыргызстандагы имиджи ити чөп жет жаткан компаниялардын бирин кайсы кара теке сөздү? "Авангард" чын эле авангард компаниялардан эмес беле? Имараттын 2-кабатынын монолити урап, 11адам жабыркады. Бишкектеги асман тиреген үйлөр ойго сала баштады…

Өткөн жумада атактуу болгон дүйнөдөгү сүрөттөрдүн ичинде кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу бир көрүнүш бар. Бир нече чакырымга созулган жүк ташуучу унаалардын сүрөтүн көрдүңүз беле? Жок. Анда көрүп алыңыз.

© AP Photo / Sakchai LalitГодовщина смерти короля Таиланда Пхумипон Адульядета
Годовщина смерти короля Таиланда Пхумипон Адульядета - Sputnik Кыргызстан
Годовщина смерти короля Таиланда Пхумипон Адульядета

-Кел, биз деле ушул самолетту сатып алалы, эмне экен?.. Облустарга бара коёбуз, Лебединовка кол жеткен жерде болот. Дронду самолетко салып алып, асмандан тартабыз, ээ? Ошентип кыялдар андан ары өрчүп отуруп, оюбузда ал учакты сатып алмакчы болдук. Бир айыбы бар экен, ЯК-40 эски тура… Сөз Бишкекте сатыкка коюлган VIP салондуу, 7 миллион 653 миң сомдук учак тууралуу жүрүүдө.

Учак кыялы менен магдырап отурганда КТРК башчысы Илим Карыпбеков 39 адам парламенттин кооз имаратында отуруп алып, 13 миң сомду жөн эле "мойсоп койгонун" жазды. Бир жагынан алганда, акыйкат кеп…

Атаны байкуш баткендик мумия кыз. Же кадырыңа жетпедик, же жайыңа жөн койбодук. Жогорку Кеңеште баягы баткендик мумия кыздын чыры боюнча маселе каралып, аны кайрадан иликтеп чыгуу үчүн комиссия түзүлдү. Кудай берген тарыхый эстеликти тыңыраак иликтеп ала албаган айып бизде, башка эмне дейбиз…

Ааламда. Мушкер кыз атаандашын өөп жиберип, жаакка бир жеди. Буларды апам көрсө, "тобалап" жакасын кармайт эле. Экөө дагы каткырып коюшат. Эмне болуп кетишээр экен…

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.33 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң…

Аманчылык тилеп Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0