Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таттуу кебези менен таанылган апа

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги борбордук аянт. Архив
Бишкектеги борбордук аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таттуу кебези менен таанылган апа

Бул жашоо түбөлүк эмес. Акча, байлык, мансап деп тытынган менен бул жашоо түбөлүк эмес. Кайсы күнү кимди өлүм тооруп турганын билбей бирибизден бирибиз өтүп жанталашып жатабыз. Мына кечээ эле Бишкектеги Жогорку "Жал" кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч курулушчу кулап, бирөөсү каза тапты. Эптеп оокат кылып үй-бүлөсүн баккан куруучунун артында жубайы жана эки баласы калган. 

Өлүм адамды бай-кедей деп ылгабайт. Мен-мен деген кыйындар да оору менен ажалга туруштук бере албайт. Мейли алардын тоодой жыйып койгон акчасы болсун же эл арасында бийик кадыр-баркы болсун. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери Мухтарбек Өмүракунов тирүү болгондо 19-июлда 52 жашка толмок. Аны да ажал ойлобогон, күтпөгөн жерден болгондо да чет жерде эс алуу учурунда алып тынган. Өмүракуновдун басып өткөн жолуна, жасап кеткен ишине баам салгыңыз келсе шилтеме аркылуу кириңиз.  

Жөнөкөйлүк адамдын улуулугун көрсөтөт. Монголиянын жаңы шайланган президенти кызматтык артыкчылыктан баш тартып, көпчүлүктү таң калтырууда. Ал мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартып, жумушка жөө каттамай болуптур. Халтмаагийн Баттулга тууралуу дагы кызыктуу фактыларды бул жактан окуңуздар.

Таттуу кебез саткан апа жана Табылды. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин фото кабарчысы Табылды Кадырбековдун "Таттуу кебездерди саткан апа" деп аталган сүрөтү эл аралык сынактын тизмесине кирип, онлайн добуш берүүдө биринчи орунду багынтты.  

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова "Продавщица сладкой ваты"
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова Продавщица сладкой ваты - Sputnik Кыргызстан
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова "Продавщица сладкой ваты"

Ал эми фотограф кокустан чырк эттирип алган апаны кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова таап, аны менен кызыктуу маек курду.

Аялдан амал качып кутулбайт. Интернетте көпчүлүктү кызуу талкууга түшүргөн вирустук видео пайда болуп, анда колдонуучулар кафедеги тамактын акчасын ким төлөгөнүн түшүнбөй убара. Бул видеону көрүп ичимен "аялдан амал качып кутулбайт" деп күлүп койдум.

Бүгүн, өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.56 (сатып алуу) жана 68.86 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Маңдайга жазгандан качып кутула албайсың!

Баарыңыздарга ден соолук жана өмүр тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0