Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көз ирмемде ата-баланын өмүрүн алган жарылуу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман күнүңүздөр менен мекендештер! Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы?

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, эки адам көз жумду. Алар ата-бала экен. Бир үйдүн аска-зоосу урап, күнү батып кетти го… Дагы жети адам өтө оор абал менен ооруканага жактырылган.

© Фото / пресс-служба МЧС КРКечээ кечинде Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, эки адам көз жумду
Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, эки адам көз жумду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, эки адам көз жумду

2/3

3/3

Унаасын уурудан алып калган "баатыр". Бишкек шаарынын тургуну атасынын мылтыгы менен уурудан унаасын алып калып, аны кетирбей кармап калууга үлгүргөн. Окуянын чоо-жайын материалдын өзүнөн окуңуздар. 

"Черные глаза" ырын комузга салган ырчы. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасына ырчы кыз Үмүтай Абдышованын атактуу "Черные глаза" ырын комузга салып ырдаган видеосун жүктөгөн. Аны бир сутканын ичинде Карыпбековдун баракчасынан эле 18 миңден ашык адам көрүп, 260тан ашык колдонуучу бөлүшкөн. Түрк тилинде да жакшы ырдайм деген сулуунун видеосун бул жактан көрүңүздөр.

Энесин күттүргөн бала үн катты. Россияга иштегени кетип төрт жылдан бери энесин зарыктырып күттүрүп дайынсыз жүргөн Замирбек Атамкулов табылганы маалым болду. Мындан бир ай мурда дал ушул жарандын апасы баласын күтүп жатканын айтып, аман-эсен келишин суранган видео социалдык тармактарга тараган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак  - Sputnik Кыргызстан
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак

Кылым карыткан кыргыз көчү. Чуңкурчак капчыгайында "Чуңкурчак көчү — 2017" фестивалы болуп, анда кыргыз элинин каада-салты жана көчмөн турмушунун өзгөчөлүктөрү чагылдырлып, ошондой эле кыргыз көчү көрсөтүлдү. Эт жебесеңиз да шорпо ичкендей болуп, сүрөт түрмөгүнө бир баш багып коюңуз. 

Жагымдуу жаңылык. Таш-Көмүр шаардык хатибияттын кароосундагы жетим калган беш бир туугандын тамтыгы чыккан үйү жаңыланды. Аларга кайрымдуулук фонддор жана калаанын кайдыгер карабаган тургундары жардам көрсөтүшкөн

Акысыз отун. "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына акысыз отун тарата баштады. 

Кол чатырларды алганды унутпагыла, бүгүн өлкө аймагында жамгыр жаайт. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.43 (сатып алуу) жана 68.69(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бөөдө кырсыктан тыш бололучу…

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0