Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Романтиканы жайлаган жамгыр. Асан кайгы болгондо

Жазылуу
Арбаңыздар, мекендештер. Түндөн түгөл чыктыкпы?

Айтайын дегеним, алай-дүлөй болгон шамал айылдарга зыян келтирбеди бекен деп ойлонгуча болбой эле, түнү менен төккөн жамгыр андан бетер сарсанаа кылды.

Мурда жамгыр десе, романтика деп тамчыларга суктанчу жаныбыз, азыр дароо эле айыл жериндегилерге түйшөлчү болдук. Албууттанган селди, эшилип көчкөн жердин кесепетин көрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көңүлдү чөгөргөн билдирүүлөрүнөн кийин кайдагы романтика?..

Майдын жамгырлуу соңку күндөрү. Бүгүн аба ырайына сереп салсак, дээрлик бардык облустарда жаан жаайт экен… Бул күндөрү ӨКМ тыным албай, улам кооптуу аймактарды саксактап, этият болууну эскертип турган чагы.

Аманат өмүр. Сак бол демекчи, кечээ Баткенде 9 кишиси менен аласалып кеткен Honda Stepwagon автоунаасынын айдоочусу өтө ылдам бара жатып кырсыктагандыгын милиция айтты. Ташып бараткан адамдын өмүрү аманат экендигин эске алып жүрсөк…

Өзгөнүн эле эмес, өзүңдүң өмүрүңдүн жоопкерчилиги сенде экенин сезбей калган учурлардан кудай сактасын… Ош облусунда 40 жаштагы аял өзүн май чачып өрттөп салды… Кор болгон тирүүлүк, кор болгон өмүр…

Антейин десең, төмөнкү жаңылык эрксизден жылмайтат. Жашоого, чоң турмушка ушунчалык шашканбы, Индиядагы ымыркайдын окуясы кызык экен… Энесин курсагынан түшө калып эле кадам шилтеп… Аман бол, бөбөк.

Ар кандай дүйнө, ар кыл адамдар. Түркүн-түстүү жашоо. Колу жок суучул баладан жасалма жол менен туулган пандаларга чейин

© AP Photo / Steven SenneFacebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг Гарвард университетин бүткөндөн 12 жыл өткөндөн кийин окумуштуу даражасына ээ болду. Цукерберг 2002-жылы Гарварддын психология факультетине тапшырып, бирок ал социалык тармакты түзүүгө кызыгып, кирип кеткен. Эми ал юридикалык илимдердин ардактуу доктору болду
Основатель Facebook Марк Цукерберг получил ученую степень Гарварда - Sputnik Кыргызстан
Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг Гарвард университетин бүткөндөн 12 жыл өткөндөн кийин окумуштуу даражасына ээ болду. Цукерберг 2002-жылы Гарварддын психология факультетине тапшырып, бирок ал социалык тармакты түзүүгө кызыгып, кирип кеткен. Эми ал юридикалык илимдердин ардактуу доктору болду

Баса эки күндөн кийин балдардын майрамы. Борбор калаанын бардык райондорунда өтө турган майрамдык иш-чаралар жөнүндө бул жерден таанышып алып, балдарыңызды, бөбөктөрүңүздү, ини-сиңдилерди жетелеп, майрамдатып келиңиз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.89 (сатып алуу) жана 68.16 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Иш күнүңүздөрдин ийгилик менен уланышын каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0