Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Шейшемби күнү Ысык-Көл менен Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош менен Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы 23-25 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0