Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бириң өрүк, бириң тал...

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамга ден соолук, мекенге тынчтык керек, туугандар!

Кечээ күнү жекшемби болгондуктан коомчулук тынч уйкуда эс алып жатканда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди "Манас" аэропортунан 03:30да кармап кетишти. Өлкөдөгү үлкөн саясатчынын камалышы заматта чууга айланып, аны тосуп алууга барган 10го чукул балдар да камалды. Алардын катарында журналисттер менен депутат Каныбек Иманалиев дагы бар экен. Кийинчерээк депутат менен журналисттер бошотулуп, "Ата Мекен" партиясынын 10го чукул баласы убактылуу камалды. Ал эми Өмүрбек Текебаевди 48 саатка камап, УКМК алдында мөөнөтсүз митинг башталды

Жекшемби күнү мындай окуянын болуп кетиши көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузуп, митингге чыккандардын саны калыңдай берди. Түнгө чейин созулган нааразылык акциясына экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, "Ата Мекенчи" депуттар, саясий ишмерлер келип, сөз сүйлөп жатышты. Алардын арасында Роза Отунбаева бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырса,  Аида Салянова артка кайтпоого үндөдү. Алардын катарында күн тийген жердин күкүктөрү да учурдан пайдаланып "активист" болуп жүрүштү.

Нааразычылык акциялары Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени Базар-Коргон районунда жана Ош шаарында да болуп, митингге чыккандар депутатты бошотууга чакырышты.

Баса, экс-депутат Мирбек Мискенбаев Өмүрбек Текебаевди чыгарбоо боюнча митинг өткөрөөрүн жарыялады.

Ошентип кечээ күнкү митинг түнгө чейин уланып, бүгүн кайра Ак үйдүн алдына чогулууну болжоо менен тарап кетишти. Алдын ала маалыматтар боюнча митинг бүгүн саат 13:00дө уланат.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары "Бириң өрүк, бириң тал. Бириң өлүп, бириң кал. Саясатчылар, элге тийишпегиле" деген чакырыктарды жасап жатышты.

Жаз келип дарыялар ташкындап, аны менен кошо элдин толкушу унутулуп баратты эле, эми минтип эски жара тырмалды окшойт. Башкысы дарыянын нугу бузулбай, жээктерди жарып кетпесе болду. Тарыхта так алмашканы менен элдин жашоосу ошол эле бойдон калган учурлар арбын. Андыктан саясатчыларга курал болчу заман артта калды.

Бул аз десеңиз ак таңдай акын Жеңишбек Жумакадырдын ырын тыңдоого чакырам.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.02 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бетеге кетип эл калат, бектер кетип бел калат.

Тынчтыңызды тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0