Азим унчукпай турганда аны эч ким кыргыз деп ойлобойт. Качан гана оозунан сөз чыкканда уккан кулагына ишенбей чочуп кеткендер болот. Келбети кыргызга окшобогону менен өзүнүн айтымында, канында башка улуттун кошулмасы жок. Нарында туулуп-өскөн. Болгону таяке журту өңү сары, көздөрү көк адамдар.