Казакстанда 400 килограмм ок-дары жок кылынды. Жардыруулардын видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения "Кавказ-2020"
Командно-штабные учения Кавказ-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
26-августта Жамбыл облусундагы аскердик кампа жарылып, 17 киши каза болгон. 10-октябрь күнү ошол эле жерде кайрадан жарылуу болду. Учурда анда калып калган ок-дарылар зыянсыздандырылып жатат.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Казакстанда август айында жарылган аскер капмасындагы ок-дары жок кылынууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Эске салсак, ушул жылдын 26-августунда Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу болуп, ал алты жолу кайталанган. Кырсыкта жалпысынан 17 киши каза болгон. 10-октябрь күнү эртең менен ошол эле кампада кайрадан жарылуу болгон. Анда мурунку өрт кесепетин тийгизген зат жарылган.
"Сөз болуп жаткан аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарыларды бөлүп-бөлүп Жамбыл облусундагы Байзак районуна жеткиришүүдө. Ал жерде эл жашабаган ээн талаада жардыруу иштери өткөрүлүп жатат. Калдыктар күн сайын жардырылып отуруп, 13-ноябрга чейин толугу менен жок кылынат", — деп айтылат кабарда.
Бир күн ичинде салмагы 400 килограммга чукул ок-дары жардырылганы кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0