Казакстан Япониядагы лайнерде калган жарандарын эвакуациялоого белсенүүдө

© REUTERS / ISSEI KATOКарантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме
Карантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантинде кармалып турган круиздик лайнерде төрт казакстандык бар. Алардын абалы жакшы, вирус жуккан эмес.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Казакстан Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнерде калган жарандарын эвакуациялоого даяр. Бул туурасында коңшу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды. 

Анын айтымында, учурда лайнерде төрт казакстандык бар. Алардан эч бир даттануу түшкөн эмес, азык-түлүк жана сактануучу медициналык каражаттар менен камсыздалышкан.

"Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги жана мекендештердин өздөрү менен да түзмө-түз байланышып жатабыз. Биздин жарандар коронавирус жуктурган эмес. Баары өзүн жакшы сезип жатат, ооругандар жок. Учурда Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп жарандарды Казакстанга алып келүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Биртанов.

Круиздик лайнердин чуусу

Кытайлык дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: жуктургандар, сакайгандар жана көз жумгандар. Акыркы маалымат
Туристтер саякатка чыккан круиздик лайнердин бир жүргүнчүсү, Гонконгдун 80 жаштагы тургунуна коронавирус жукканы аныкталган. Буга байланыштуу 5-февралда Япониянын Иокогаме шаарында эки жумалык карантинге алынган. Лайнердин ичинде 2500 турист жана экипаждын 1000ге жакын мүчөсү болгон. Соңку маалыматтарда кемедеги 450 адам коронавирус жуктурганы айтылат. 19-февралда лайнер карантинден чыгарылары күтүлүүдө.

Бүгүн, 18-февралда, лайнерде Кыргызстандын бир жараны бар экени аныкталды. Анын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн эмес, медициналык дарылоого муктаж эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны 72,4 миңге жетти. Ал эми 1,8 миң адам каза болуп, 12,5 миң киши сакайган. Кытайдан башка өлкөлөрдүн 700 жараны илдетке кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0