Токаевдин кеңешчиси президенттин Алматынын атын алмаштыруу боюнча пикирин айтты

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүПресс-конференция К-Ж. Токаева после оглашения предварительных итогов выборов
Пресс-конференция К-Ж. Токаева после оглашения предварительных итогов выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак жазуучусу Олжас Сулейменов президент шаарга Алма-Ата деген тарыхый атын кайтарууну колдой турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казак президентинин кеңешчиси Ерлан Карин Касым-Жомарт Токаев Алматынын атын алмаштыруу боюнча пикири кандай экенин айтты.

Казак жазуучусу Олжас Сулейменов президент шаарга Алма-Ата деген тарыхый атын кайтарууну колдой турганын айткан болчу.

"Олжас Сулейменов — түштүк калаанын атын көптөн бери алмаштыруу керек деп жүрөт. Бирок ал бул идеяны президент менен жолукканда көтөргөнү аны мамлекет башчысы колдойт дегендикке жатпайт. Президент Алматыны өнүктүрүүнүн башка актуалдуу маселелерине токтолгусу келет. Бул тууралуу ал шаардын активдери менен жолукканда айтты", — деп айтылат билдирүүдө.

Карин, андан сырткары, президент мындай маанилүү маселелер иш бөлмөдө отуруп чечилбей турганын, калаа тургундарынын пикирин эске алуу менен чечүү керектигин  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0