18:39 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Кытайлык белгилүү голливуд актеру Жеки Чан. Архивдик сүрөтү

Жеки Чан жашоосундагы төбө чачты тик тургузган окуялары тууралуу китеп жазды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова
Азия
Кыскача шилтеме алуу
264210

Белгилүү актер аялынын көзүнө чөп салганын, ичкиликке берилип кеткенин ачык жазган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кытайлык белгилүү голливуд актеру Жеки Чан Never Grow Up ("Эч качан чоңойбо") аттуу мемуарында жаман ата болгонун, аялдарга корс мамиле кылганын жана ичкиликке берилип кеткен учурлары тууралуу жазган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Жеки Чан эл оозуна алына баштагандан тарта жаман адаттары көбөйгөнүн белгилеген. Мисалы, акчаны ыксыз коротуп, ичкиликке берилип, айрым учурларда сойкулардын кызматынан дагы пайдаланган.

"Кедей болуп жүрүп эле байып кетсең, өзүңө ишене баштайт экенсиң. Мен айланамда көп киши болушун каалачумун. 10 жыл мурда башкалардын тамагына эле бир жылда 2 миллион доллар төлөгөм. Элдин оозун ачыра турчу белектерди — саат, машина, булгаары күрмө, кымбат баалуу винолорду белекке берчүмүн", — деп жазат актер.

Чан, андан сырткары, мас болуп алып, Porsche менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кымбат автоунаалары менен жол кырсыгына кабылганын жазган.

Белгилүү актер үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу да ачык маалыматтарды айтып берген. Ал сүйлөшүп жүргөн биринчи кызына өтө корс мамиле кылып, андан качып турганын айтат. Ал эми Жоан Линге үйлөнгөндөн кийин андан акчасын кызганып, катып турган.

Бир жолу аялы менен катуу уруша кетип, баласы Жейсини ыргытып жиберип үйдөн чыгып кетип, "Азия сулуусу" болгон Элейн Нг менен чогуу түн өткөргөн.

Актер мындай жаман адаттарынын баары өзүнө болгон ишенимдин жоктугунан жана чоңоё электигинин кесепеттери болгон деп эскерет.

Жеки Чан кызы Этте У Чжолинь Чан тууралуу эч нерсе жазган эмес.

Эске салсак, буга чейин кино жылдыздын кызы канадалык модель кыз менен никеге турганы маалымдалган.

Тема боюнча

Дүйнө кыдырган ак калпак. Чет элдик атактуулар, кыйындар кийип түшкөн сүрөттөр
Жеки Чандын кызы өзүнөн 11 жаш улуу аял менен баш кошту
Айтылуу Жеки Чан "Оскар" сыйлыгын алды
Белгилер:
эскерүү, китеп, Жеки Чан, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ