БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк белгилүү актер жана режиссер Жаки Чан Казакстанга болгон иш сапары учурунда бир жаштагы бөбөктүн тушоо кесүү аземине катышты. Бул тууралуу ЮНИСЕФ Кыргызстан уюмунун Facebook баракчасына жарыяланды.
Белгилей кетсек, Жеки Чан Астанада өтүп жаткан ЭКСПО-2017 салтанатына катышуу үчүн келген. Андан сырткары ал ЮНИСЕФтин ыктыярчы элчиси.
Эл аралык көргөзмө 10-июндан тарта 10-сентябрга чейин созулмакчы. Ага 100дөн ашык мамлекет катышууда."ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнүн темасы — "Келечектин энергиясы".