Казакстанда ракты чакырган дарыга тыюу салынууда. Ал эмне болгон дармек?

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКапсула. Архивдик сүрөт
Капсула. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин фармация комитети шектүү препаратты дарылап жаткан доктурдун макулдугу менен гана токтотуу керектигин сунуштады.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Казакстанда "Вазар", "Нортиван" жана "ВазарН" дарыларын сатыктан алуу пландалып жатат. Дарыларды экспертизадан өткөрүү улуттук борбору бул препараттар зыяндуу экенин аныктаганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги үч ай мурда экспертиза боюнча улуттук борборунун текшерүүсүнөн улам курамында валсартан заты бар дарыларды сатыктан алган. Анткени бул дарылар онкологиялык ооруларды пайда кылары айтылган.

Подготовка к открытию пешеходной зоны в Замоскворечье - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?
Маалыматка ылайык, валсартан затында (аны Кытайдын "Чжэцзян Хуахай Фармасьютикал Ко.Лтд" компаниясы чыгарат) N-нитрозодиметиламин (NDMA) кошулмалары бар. Аны көп колдонгондо онкологиялык ооруларга алып келерин эксперттер аныкташкан.

Курамында валсартан заты бар дарылар инфаркт менен инсульт ооруларынын алдын алуу үчүн кан басымы жогору бейтаптарга сунушталып келген.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин фармация комитетинин төрайымы Людмила Бюрабекованын айтымында, бул дарыларды ичип жүргөндөр доктуру менен кеңешкенден кийин гана ташташы керек. Бейтаптар биринчи кезекте дарыгерге кайрылып, ага окшош дарыны алышы кажет.

Курамында валсартан заты бар дарыга дүйнөдө кандай карашат?

Бир катар эл аралык уюмдар курамында валсартан заты бар дарылардын сатылышына жол бербөө боюнча аракеттерди көрүшкөн. Алардын катарында Европанын дары-дармек боюнча агенттиги (ЕМА), Европанын дары-дармектин сапаты жана саламаттык сактоо боюнча директораты (EDQM), АКШнын азык-түлүктүн жана медикаменттердин санитардык сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0