Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

© Пресс-служба президента КРАлмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды
Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Атамбаевдин расмий сапарына жооп кылып быйыл Кыргызстанга келет.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду ишемби күнү кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Түркмөнстан электр энергиясын КРге жеткирүү маселесин кароого даяр
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу, регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, президент Атамбаевдин 2014-жылы Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү дагы талкууланды.

Андан тышкары, Атамбаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга жооп иретиндеги расмий сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшүн дагы талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0