Түркмөнстан электр энергиясын КРге жеткирүү маселесин кароого даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту
Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлду.

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабад шаарындагы Огузхан атындагы Аксарай комплексинде кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Түркмөнстандын отун-энергетика тармагында кызматташуусунун өзгөчө маанисин белгиледи.

"Түркмөнстандын энергетикалык дараметин эске алганда, биздин кызматташуубуз региондо үлгү болуп калат деп үмүттөнөм",— деди Алмазбек Атамбаев.

Түркмөнстандын президенти эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү кызматташуунун учурдагы мүмкүнчүлүгүнө төп келбестигин айтып, соода-экономикалык кызматташууга, транспорт, энергетика жана инвестициялар тармактарында активдүү иштөө керектигин кошумчалады. Гурбангулы Бердымухамедов ошону менен бирге эле Түркмөнстан электрэнергиясын иштеп чыгууну көбөйтүп жаткандыктан, жакын арада электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Казакстандан 1,4 миллиард электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүгө жетишилген.

Энергетика тармагындагы адистер алдыдагы 3 жылда Кыргызстан энергетикалык тартыштык боло турганын айтып, андан чыгуунун бир жолу — коңшулардан электр энергия алуу экенин билдирип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0