Айгүл Ниязалиева Sputnik Кыргызстан үчүн
Россияда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келип иштеген эмгек мигранттарына пенсия бериле баштайт. ЕАЭБ аймагында эмгектенгендерди пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишимге Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын соңунда, өткөн жылдын 21-декабрында, кол коюлган. Аталган документ биздин мигранттардын турмушуна кандай таасир этери туурасында Sputnik Кыргызстан билип көрүүнү чечти.
Мигранттар эмне дейт?
Кыргызстандык Максат Андашев Москвада риэлтор болуп иштейт. Ал пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишим ЕАЭБде кабыл алынган эң мыкты чечим экенин белгиледи.
"Дал убагында кабыл алынды. Расмий түрдө эмгектенген мигранттар да аз эмес, алар бул чечимди күтүп келишкен. Мигранттар чөйрөсүндө эмгек таржымалындагы боштуктарды картайган убакта кантип толтурабыз деген маселе дайым болгон. Адамдар салык төлөшөт, кайда иштешсе да пенсия алууга акысы бар", — дейт Андашев.
"Мигрант кайсы өлкөнүн мыйзамы боюнча пенсияга чыгат? Иштеген өлкөсүндөбү же чыккан мамлекетиндеби? Эгер ал ЕАЭБге мүчө болгон бир нече мамлекетте эмгектенсечи? Себеби мыйзамдары айырмаланат, ошондуктан тезирээк баарын тактап, пенсия алуу жана эсептөө механизмин элге түшүндүрүү зарыл", — деп белгилейт кыргызстандык риэлтор.
Sputnik Кыргызстандын маалыматы
ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияга чыгуу курагы ар кандай. Кыргызстанда эркектер 63, аялдар 58 жашында чыга алат. Россияда эркектер 65, ал эми аялдар 60 жашында, Казакстанда эркектердин пенсиялык курагы 61 жашында, ал эми аялдардыкы 58,5 жашында башталчу. Бирок 2023-жылдан тарта аялзатынын ардактуу эс алууга чыгуу курагы 61 жашка чейин жогорулатылат.
Кыргызстандын дагы бир кулуну, ишкер Сардар Исмаилов маанилүү документке кол коюлушу менен кырдаал кандай өнүгөрүн талдоого аракет кылды.
"Мигранттардын турмуш образын эске алуу керек: алар бир иште көпкө кармалганы сейрек, негизи эле эмгек миграциясы системалуу эмес. Адатта мындай болот: адам Россияда бир жыл иштейт, анан үйүнө кайтат, жарым жылдан кийин келип кайра башка ишке орношот... Жашоонун мындай мүнөзү бардык мигранттар, айрыкча, жаштар үчүн бирдей. Ал эми иш берүүчүлөр туруктуу иштегендерди каттоого ылайык көрөт, себеби кадрлардын улам иштен кетиши алардын убактысын да, ресурсун да алат", — деп түшүндүрөт Исмаилов.
Серепчинин пикири
Sputnik Кыргызстандын маалыматы
КРден чыккан мигранттардын көбү Россияда, РФ Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 600 миңден ашуун жараны ошол жакта жан багат.
Миграциялык саясат боюнча эксперттердин глобалдык ассоциациясынын мүчөсү Ирина Ивахнюк (Россия) келишимге кол коюлушу туура жана негиздүү деп эсептейт.
"Чет элдиктерге "биздин" акчабыздан төлөшөт дегендерге негиздүү бир жооп бар: бул "биздин" акча эмес, мигранттар тапкан каражат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчулар жалпы рынокто жумушка орноштурууда бирдей шарттарга ээ экенин түшүнүү зарыл", — деп белгилейт Ивахнюк.
Пенсия мамлекеттик бюджеттен эмес, эмгекчилердин пенсиялык топтом фондуна чегерилген төлөмдөн берилет. Ошондой эле пенсия Россияда иштеген жылдары үчүн гана төлөнөт.
КР Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшеновдун айтымында, кол коюлган келишим ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенген кыргызстандыктардын абалын алда канча жакшыртат. Эгер мурда мигранттар өз пенсиясынын камын өздөрү ойлош керек болсо (ыктыярдуу камсыздандыруу аркылуу), эми буга иш берүүчүлөр милдеттендирилет.
"Кыргыз тарап келишим боюнча 2015-жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан. Мындан ары ЕАЭБдин кайсы өлкөсү болбосун, кыргыз жаранынын ошол жакта иштеген убактысы эсептелип, пенсия алууга акысы бар. Албетте, пенсия мигрант ишке расмий түрдө орношкон шартта төлөнөт", — дейт Бейшенов.
"Биздин мекендештер көбүнчө мыйзамсыз иштеп жатышканы жашыруун эмес. Расмий түрдө ишке киргендерге келишим иштеп жаткан өлкөсүндөгү бардык жылдары эсептелет. Бул көмүскөдөн чыгууга чоң өбөлгө", — деп билдирет аткаминер.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кирген. Биримдикте "төрт эркиндик": товарлардын, тейлөө, капитал жана эмгектин бирдиктүү рыногунун принциптери жар салынган.