MegaCom компаниясын сатып алам деген ишкер айымдын эмне байлыгы бар

© Фото / официальный сайт MegaComMegaCom компаниясынын имараты. Архив
MegaCom компаниясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
MegaCom ишканасын швейцариялык ALF Consulting SA компаниясы сатып алууга кызыкдар. Анын башчысы Альбина Бьеклинин бир катар ишканаларга тиешеси бар экени айтылып, ысымын Россиянын олигархтары менен байланыштырышат. Sputnik редакциясы компания жана анын менеджерлеринин чоо-жайына кызыгып көрдү.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (MegaCom соода маркасы) 100 пайыз акциясына кардар чыкты. Швейцариялык ALF Consulting SA компаниясы аны сатып алуу ниетин билдирди.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна (ММБФ) компаниянын финансылык директору Мария Гамерданжеден кайрылуу түшкөн. Айтмакчы, бул "АКА минералз энд майнинг" компаниясынан кийинки экинчи талапкер.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы аталган швейцариялык ишкана кандай багытта иш алпарарына, эгеси ким, алардын байланышы кайда барып такаларына кызыгып көрдү.

Бир нече ысымдуу директор

ALF Consulting SA 2004-жылы негизделип, Женевада Rue du Marchе 13 дареги боюнча жайгашкандыгы Швейцариянын ишканалар реестринде жазылган.

MegaCom операторун сатып алууга ниеткер ALF Consulting SA компаниясы Женевада 2004-жылы негизделген
Швейцарская компания ALF Consulting SA выступающая потенциальным покупателем MegaCom была основана в 2004 году в Женеве - Sputnik Кыргызстан
MegaCom операторун сатып алууга ниеткер ALF Consulting SA компаниясы Женевада 2004-жылы негизделген

Компаниянын уставдык капиталы 100 миң швейцариялык франкты түзгөн. Ишкананын негизги ишмердиги — менеджмент тармагындагы консультациялар. Экинчи багыты — инвестиция тартуу боюнча кызмат көрсөтүү.

Global Company Intelligence эл аралык компаниялар боюнча маалыматтар базасында Швейцариянын жараны Альбина Бьекли (Albina Boeckli) ишкананы жетектегендиги көрсөтүлгөн. Бирок башка документтерде анын толук ысымы Альбина Жанхотовна Карданова деп белгиленет. Ал ошондой эле Альбина Бьекли-Карданова же Альбина Бекли катары да чыгат.

Компаниянын жетекчилик курамына Швейцариянын дагы эки жараны Патрик Биттель жана Людмила Енилина да кирет, акыркысы – этникалык орус.

Альбина Бьеклинин ишканалары кандай байланышта

Ачык маалымат булактарынан белгилүү болгондой, Альбина Бьекли ALF Consulting SA компаниясынын дареги боюнча эле катталган дагы бир нече ишкананын директору болуп саналат. Мисалы ал швейцариялык Cofibre Services SA, Interpulp Services SA, Ilim Trading SA жана Ilim Holding SA фирмаларын жетектейт.

Швейцариянын ишканалар реестринен алынган Ilim Holding SA компаниясы тууралуу маалымат
Сведения о компании Ilim Holding SA взятые из Реестре предприятий Швейцарии - Sputnik Кыргызстан
Швейцариянын ишканалар реестринен алынган Ilim Holding SA компаниясы тууралуу маалымат

Анан да мында бул фирмалардын чырмалышкан байланышы кызык.

Алгачкы үч ишкана целлюлоза жана кагаз өндүрүү, ошондой эле токой өнөр жайынын өндүрүмдөрүн сатуу менен алектенет. Үч ишкана тең РФтеги целлюлоза-кагаз өндүрүмдөрүн чыгаруучу ири ишкана – "Илим" ААК тобуна кирет. Ал эми төртүнчү компания Ilim Holding SA аталган "Илим" тобунун акцияларынын 80 пайызына ээлик кылат.

Россиялык ири ишкерлер Борис жана Михаил Зингаревич "Илим" тобунун кожоюндары болуп саналат. Айтмакчы, 2017-жылга карата Forbes журналынын рейтинги боюнча эгиз ага-ини Зингаревичтер Россиянын 200 ири ишкерлеринин катарына кирген.

Швейцариянын ишканалар реестринен алынган Ilim Holding SA компаниясы тууралуу маалымат
Сведения о компании Ilim Holding SA взятые из Реестре предприятий Швейцарии - Sputnik Кыргызстан
Швейцариянын ишканалар реестринен алынган Ilim Holding SA компаниясы тууралуу маалымат

Кызыгы, "Илим" тобундагы биргелешкен бизнесмендердин тизмегинде россиялык ишкерлер жана Бьекли-Кардановадан тышкары, биздин уюлдук оператордун мүмкүн болгон сатып алуучусу – ALF Consulting SA ишканасынын дагы бир топ-менеджери — Патрик Биттель да бар.

НТС телеканалынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белизден белгисиз маалымат. НТСтин мүлкүн талашкан компания тууралуу
"Илим" тобу 2006-жылы Россиядагы целлюлоза-кагаз өндүрүмдөрүн чыгаруучу болуп саналган "Илим Палп Энтерпрайз" активдеринин базасында түптөлгөн. Компаниянын фирмалары Ленинград, Архангельск жана Иркутск облустарында жайгашып, Россияда товардык целлюлозанын 70 пайызын, картондун 20 пайызын жана кагаздын 32 пайызын чыгарат.

Альбина Бьекли-Карданованын кызыкчылыктары

Мындан тышкары, Альбина Бьекли-Карданова россиялык алтын казуучу "Сибирдик тоо-металлургиялык альянсы" ачык акционердик коомунун (СиГМА) директорлор курамында.

Акыркы көрсөтүлгөн түзүлүш Камчаткадагы алтын кору 150 тоннага бааланган Озернов кенин иштетүү укугуна ээ. СиГМАнын акционерлеринин катарына россиялык ЖМК ага-ини Зингаревичтерди да кошот.

Офшордук ишканалар

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумунун (ICIJ) маалыматтар базасында швейцариялык ALF Consulting SA Сейшел, Панама, британиялык Виргин аралдарында катталган 496 оффшордук компанияга ортомчу экендиги айтылат.

Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен
Альбинанын ар кыл ысым менен жетекчи, кожоюн же пайда алуучу катары ондогон офшордук ишканага тиешеси бар. Анын кесиптеши Патрик Биттель ICIJ базасында ондогон ишканага кожоюн, пайда алуучу деп белгиленет.

Эскерте кетсек, кыргыз өкмөтү 11-январда Кытайдын Huawei Technologies Co. Ltd компаниясы менен "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол койду. Бул компания тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектедик.

Кыргызстандык уюлдук компанияны сатып алуу ниетин буга чейин да бир чет элдик ишкана билдирген. Sputnik Кыргызстан бул ишкананын чоо-жайын да иликтеп көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0