https://sputnik.kg/20260512/trampka-karakas-zhoop-berdi-1101256739.html
Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди
Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Fox News... 12.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-12T09:49+0600
2026-05-12T09:49+0600
2026-05-12T09:49+0600
дүйнөдө
акш
венесуэла
дональд трамп
баскынчы
геосаясат
бекемдөө
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098089104_0:190:3072:1918_1920x0_80_0_0_977492a25657212276d58ab866f0dc26.jpg
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Fox News бекемдегенин РИА Новости жазды.Март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ал кезде Венесуэланын бейсбол боюнча курама командасын италиялыктарды жеңгенин куттуктап, алардын ийгилигин Каракастын АКШ менен кызматташуусу менен байланыштырган. Ак үйдүн кожоюнунун мындай пландарына Венесуэланын президентинин милдетин аткарып жаткан Дельси Родригес буга кескин жооп берген. АКШ жана Венесуэла дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү процессин баштады. Бул кадам Вашингтондун январь айынын башында Каракаска президент Николас Мадурону жана анын жубайын колго түшүрүү үчүн жасаган авиачабуулунан кийин ташталды. Анда Трамп Венесуэланын мунайын өз көзөмөлүнө алуу ниетин да жарыялаган эле. Америка соту аялы менен күйөөсүн баңгизат террорлугуна күнөөлүү деп тапкан.
https://sputnik.kg/20260327/tramp-akshnyn-venesueladagy-chabuulda-kop-payda-tapkan-1100471934.html
акш
венесуэла
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098089104_97:0:2829:2048_1920x0_80_0_0_fe16d763c1c3ef159823643a3d6328e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, венесуэла, дональд трамп, баскынчы, геосаясат, бекемдөө
дүйнөдө, акш, венесуэла, дональд трамп, баскынчы, геосаясат, бекемдөө
Трамптын Венесуэланы алуу ниетине Каракас жооп берди
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Fox News бекемдегенин
РИА Новости жазды. "Азыр эле сүйлөштүм (Трамп менен — ред.). Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу эле карап жатканын айтты", — деп телеканалдын алып баруучусу Жон Роберт X социалдык тармагына жазган.
Март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ал кезде Венесуэланын бейсбол боюнча курама командасын италиялыктарды жеңгенин куттуктап, алардын ийгилигин Каракастын АКШ менен кызматташуусу менен байланыштырган.
Ак үйдүн кожоюнунун мындай пландарына Венесуэланын президентинин милдетин аткарып жаткан Дельси Родригес буга кескин жооп берген.
"Бул тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес жана эч качан болбойт, себеби венесуэлалыктар кандай гана болбосун мекенинин эгемендигин катуу сүйөт. Аймактык бүтүндүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды коргоону уланта беребиз... Президент Трамп кызматташунун дипломатиялык күн тартибин аныктап, иштеп жатканыбызды билет жана биз өз жолубузду дал ушундай көрөбүз", — деп Родригес Гаагадагы Эл аралык соттон чыккандан кийин журналисттерге айткан.
АКШ жана Венесуэла дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү процессин баштады. Бул кадам Вашингтондун январь айынын башында Каракаска президент Николас Мадурону жана анын жубайын колго түшүрүү үчүн жасаган авиачабуулунан кийин ташталды. Анда Трамп Венесуэланын мунайын өз көзөмөлүнө алуу ниетин да жарыялаган эле. Америка соту аялы менен күйөөсүн баңгизат террорлугуна күнөөлүү деп тапкан.