Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттады

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүндөн тартып Кыргызстанда электр кубатынын тарифтери көтөрүлмөкчү.
Керектөөчү 1 кВт/саат үчүн эми төмөнкүдөй төлөйт:
700 кВт/саатка чейин колдонгондор үчүн — 1,64 сомдон (буга чейин 1,37 сом болчу), 700 кВт/сааттан жогору пайдалангандар 2,94 сомдон (буга чейинки баасы 2,60 сом);
аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 700 кВт/саатка чейин — 0,50 тыйындан (өзгөрүү жок);
социалдык жана коомдук жайлар — 2,96 сомдон (буга чейинки баасы 2,62);
өнөр жайлар — 3,65 сомдон (буга чейинки баасы 3,34);
коммерциялык жайлар — 4,33 сома (буга чейинки баасы 3,96);
бюджеттик уюмдар — 4,62 сомдон (буга чейинки баасы 4,9);
энергияны көп талап кылган объектилер — 6,84 сомдон (жаңы тариф);
электромобилдердин кубаттаган станциялар — 5,99 сомдон (жаңы тариф).
Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, республикада электр кубаты жыл сайын кымбаттап турат. 2030-жылга чейин тарифти өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркына жеткирүү пландалууда.
Ибраев: электр энергиясынын кымбатташы инвестицияны жандандырды