БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жеңиш күнүнө карата Украина менен убактылуу элдешүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РФ жетекчисинин жардамчысы Юрий Ушаков маалымдаганын РИА Новости жазды.
"Трамп майрам Экинчи дүйнөлүк согуштагы нацизм кыйраган жалпы жеңишти түшүндүрөрүн билдирип, сунушту кубануу менен колдоп берди", — деди Ушаков.
Лидерлердин 1,5 саатка созулган сүйлөшүүсүнүн урунттуу учурлары:
Путин Трампка кол салынышын айыптап, буга байланыштуу колдоо сөздөрүн айткан;
Россия президенти Трамптын Иранга карата ок чыгарбоо режимин узартуу боюнча чечимин туура деп эсептейт;
Москва АКШнын Иранга каршы пландалган кургактагы операциясын кооптуу деп санайт;
Россия Иран, Перс булуңундагы өлкөлөр, Израиль жана АКШ менен байланышын улантат;
Трамп Украинадагы жаңжалга чекит кое турган келишимге аз калды деген ишенимде;
Путин Трампка россиялык аскерлер үстөмдүк кылып, каршылаштардын жолун бууп жатканын айткан;
Лидерлер жаңжалды создуктуруп жаткан Зеленскийдин режимине карата орток пикир билдирип, соңунда жылуу коштошушкан.